Н.Гургубаева: Мекен менин алыстагы ак жарыгым, мени ээрчиткен үмүтүм

"Алыстагы ак жарык", "Көз мончок"деген ыр жыйнактары менен окурман журтуна таанымал, белгилүү акын Нарсулуу Гургубаева Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө. Аны менен кабарчыбыз Айбек Абдылдаев маектешти.

Н.Гургубаева
  • Нарсулуу Гургубаева 1979-жылы туулган
  • Ош мамлекеттик университетин, Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн
  • Көп жылдан бери Орусия баш калаасы Москва шаарында жашап, эмгектенет.

А.Абдылдаев: Нарсулуу, узак жылдардан бери Кыргызстандан алыс жүрөсүз. Азыр дүйнөдө кишилердин баары коронавирус коркунучунан улам үйгө камалап калганда, миграциядагы мекендештердин жагдайы кандай болуп жатат?

Н.Гургубаева: Чынын айтсам мигранттардын абалы азыр жакшы эмес. Көбүнүн жумуштары токтоду. Көбү жумушсуз калды десем жаңылышпайм. Аэропорттордо үйүнө кете албай жүргөн мигранттар тууралуу өзүң деле угуп жаткандырсың. Кырдаал чындыгында эле оор. Мигрант жумушсуз калса, бир бүлөнүн тиричилиги токтойт. Аны баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок ошого карабай, бирин-бири сабырдуулукка чакырып, бирин-бири карантиндин эрежелерин так сактоого үндөп жаткан мекендештерди интернет айдыңынан көрүп жатабыз. Ушунусуна дагы шүгүр. Учурдан пайдаланып, мен дагы ушул чакырыкка кошулмакмын. Элди, мекендештеримди өз өмүрүнө дагы, бирөөнүн өмүрүнө дагы жоопкерчилик менен мамиле кылуусун, карантиндин эрежесин так сактоосун өтүнөт элем.

Н.Гургубаева

А. Абдылдаев: Эсиңиздеби, студент кезде факультетибиздеги беш акын кыздын ыр жыйнагы чыгып, бүтүн окуу жай дуулдаган эле. Ошондон бери эле кыргыз поэзиясынын ооматын акын кыздар алып келчүдөй ишенимде жүрөм.

Н.Гургубаева: Кайра өзүңө суроо бергим келип кетти (күлүп). Эмнеге сенде андай ишеним жаралды эле?

А. Абдылдаев: Жаңычылдыктан улам го... Ошондо эле ырдын жаңычыл формасы, башкача салыштыруу, мурда кездешпеген жылт эткен табылгалардан улам болсо керек.

Н.Гургубаева: Оор суроо экен. Ушул сөздү акыркы убактарда көп угуп жүрөм. Менимче, ооматты ким алып келгени маанилүү эмес. Башкысы кыргыз поэзиясына оомат келсе болду. Баарыбыздын куяр жерибиз бир деңиз дегендей... Жалпы кыздардын атынан сүйлөгөндөн тайсалдап турам, бирок жеке өзүм кыргыз поэзиясына оомат алып келбесем да, жаман ыр жазбаганы аракет кылып келем. Сенин ишенимиңи карызга алдым. Эселеп кайтарганга аракет кылайын.

Н.Гургубаева

А. Абдылдаев: Ар акын өз доорунун зары менен муңун, кейиши менен бейишин ырдап өтөт окшобойбу. Кыргыз адабиятында дагы "заманчыл" акындар өткөн. Азыр дүйнө миграциялык кризисти баштан өткөрүп жатканда, мигранттар турмушун сизден артык билген киши жоктур. Ушул теманы кыргыз адабиятында азыркы акын-жазуучулар кандай чагылдырып жатат?

Н.Гургубаева: Бизде бул темага азырынча өтө олуттуу кайрылган акын же жазуучу жок. Бирин серин эле ырларды көрүп калганым болбосо, азырынча өтө олуттуу, мигранттын тагдырын бар тарабынан ачып берген чыгарманы кезиктире элекмин. Мунун дагы өзүнчө чоң себеби бар. Анткени мигранттын тагдырын жеткиликтүү, агын ак, карасын кара кылып, миграцияда жүргөн, ошол тагдырды башынан кечирген адам гана жазып бере алат. Бирок бүлө багам, акча табам деп талаалап жүргөн кишинин бир нерсе жазганы чындап эле убактысы аз, убактысы болсо шарты болбойт, муну мигранттар жакшы түшүнөт. Канчалык өкүнүчтүү угулбасын, мигранттардын тагдыры качандыр бир чоң темага айланаары чын. Арабыздан жазуучулар, жазгысы келгендер чыгат деп ишенем.

А.Абдылдаев: "Алыстагы ак жарык" мекенинен алыста жүргөн мигранттардын өз өлкөсүнө тийген жарыгы, анан үмүтү, ушундайбы? Биз көп жылдар мигранттардан келген акчаларды гана санап жүрдүк. Миграциянын кесепети эми гана кыргыз турмушунда күн өткөн сайын таасын сезиле баштады.

Н.Гургубаева: Китепти биринчи ушинтип атаганда мекен эсиме келген. Туура айттың, мекен менин алыстагы ак жарыгым, мени ээрчиткен ак жарыгым, үмүтүм. Менимче, мигранттардын көбү ушинтип ойлонот. Көбү кылчактайт өлкөгө. Бирок баштагыдай баары эмес. Өлкөдөн, өлкөдөгү саясаттан, паракорлуктан, туруксуз кырдаалдан көңүлү калып, өлкөдөн биротоло чыгып кеткендер толтура. Талаалап иштеп жүрүп, өлкөгө кайтып барып, бирок ал жакта жашай албай, ушинтип көңүлү калып, өлкөдөн бүлөсүн алып чыгып кеткендерди да көп көрдүм. "Кыргызстан болбой калды, мен кайтпайм" деген сөздөрдү угуп калам. Ушинтип айткандардын көбү жогорку билимдүү адамдар, арасында врачтар, аскер кызматкерлери, мугалимдер бар. Эгер Кыргызстанда абал өзгөрбөсө, биротоло кетем дегендер, өлкөгө кайтпайм дегендер мындан дагы көбөйөт, күчөйт. Менимче, түшүнгөн кишиге өлкө үчүн эң чоң жоготуу ушул. Андан сырткары миграциянын эң талуу, эң аялуу жери - балдар. Бир муун ата-энесинин үнүн телефондон гана угуп, бирок ата-эненин мээримин, тарбиясын көрбөй чоңойду, чоңоюп, азыр өздөрү мигрант. Бул көрүнүш дагы деле уланууда. Туугандарына, тааныштарына балдарын таштап, иштегени кеткен үй-бүлөлөр аябай көп. Балдарга болгон зомбулук күчөгөнүн, өспүрүмдөр арасында суицид көбөйгөнүн көрүп, угуп эле журөбүз. Мына ушунун баары миграциянын кесепети. Өлкөдө "мен мамлекетими өнүктүрөм", "мен ушул мамлекеттин уулумун, кызымын, мага өлкөм керек" деген чыдамкай жарандар толтура. Өлкөдөн ошолордун көңүлү калбаса экен деп көп тиленем.

Н.Гургубаева

А.Абдылдаев: Узак жылдар сыртта жүрүп калдыңыз, мекенге качан биротоло келейин деген ой бар?

Н.Гургубаева: Мен өзү негизи эле бир нерсени кыйратып жасабаган адаммын. Азыр жеке шартымы айтсам, биринчилерден болуп эле "ушунча жылдан бери тезек терип жүрдүңбү?!" деп апам урушуп баштайт. Жашыраак кезимде мындай суроого "бутума турганда, материалдык жактан чама-чаркымы бекемдегенде өлкөгө кайтам" деп жооп берчүмүн. Шылтоолорум көп болчу. Азыр антип жооп бере албай калдым. Чынын айтсам, эмне дешимди дагы билбей жатам.

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек жалгыз ырың санаалуу

Жарыттыбы, карыттыбы дүйнөңдү?

Канттиң экен?! Балким көөнүң чыйрыкты

— Кыштан эмес, адамдардан көбүрөк.

Бир калчанган, бир жалтанган жыл бүттү,

Өмүр шунтип ойду-келди төгүлөт…

Канттиң экен? Мен чарчадым ызгаардан,

Күкүктөгөн өз үнүмдөн чарчадым.

Жалган жомок күткөн жандар бул шаарда,

Жаңы жылга жасалгалап арчасын,

Шөкөттөштү… Үй, көчөсүн, муң-зарын,

Шөкөттөштү, аяр, коомай, сыртынан…

…Өчөт жарык, өчөт баары бир жанып,

Менин жолум бир бороон да, бир туман!

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек ырың ээлеп санааңды,

Жарытты же карытты го дүйнөңдү…

А.Абдылдаев: Балким, сиздин миссияңыз ошол мигранттар көргөн турмушту жакындан билип, өзүңүз айткандай, мигрант тагдырын качандыр бир чоң темага айлантуу болсо керек. Кудай буйруп, мекенге кайтчу да күн алыс эмес. Кыргызстанга келип калганда өзгөрүүлөрдү байкай аласызбы?

Н.Гургубаева: Качандыр бир шартым, убактым болгондо миграция темасына кайрылам деген максатым бар. Бул бул жөн гана план, максат экени чын. Миссиябы же башкабы азырынча так айта албайм. Негизи биздин башкы миссиябыз адам болуу гана, анан калган миссиялар. Азырынча ушул миссияны гана өтөгөнү аракет кылып жатам. Акыркы жолу Кыргызстанга барганда, Бишкектин кооз болуп баратканын, жолдору оңдолуп калганын байкадым, кубандым. Борбор шаар негизи мындан дагы сонун, мындан дагы жакшы болуш керек, бирок баштагыга караганда оңдолуп, борборго окшоп калганы кубантпай койгон жок. Бул сырткы көрүнүшүбүз тууралуу байкагандарымын бири. А ички дүйнөбүздү айта турган болсок, бизде бири-бирине өз дүйнө таанымын таңууламай күч алганын байкадым, бөлүнүп-жарылуунун күчөгөнүн, диний фанатизм күчөп баратканын байкадым. Көбүнчө "Мага окшоштор, мага окшош эместер" деген бөлүнүп-жарылуу... Кейиштүү көрүнүш...

*