Олжобай Шакирдин "кумурска" менен "сөөлжаны"
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, белгилүү публицист, акын жана жазуучу Олжобай Шакир.

Сүрөттүн булагы, Rufat ergeshov
О. Шакир негиздеген "РухЭш" сайты жаш акын-жазуучулар арасында байма-бай сынактарды өткөрүп, адабий сын жана котормону колго алып, көптөгөн жаңы авторлорду интернет аркылуу таанытты. Көптөр Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийинки адабияттагы эң жандуу учурлардын бирин "РухЭш" сайтына байланыштырып карап жатышат.
Би-Би-Си: Сиз негиздеген адабий сайттагы сүрөттөн баштайлычы. Жер шарын көтөрүп алып, тепкичтен чыгып бараткан кумурска турат. Жалгыз өзүңүз сайтты иштетип жүргөндө, ошону символдоштурган го деп ойлочу элем. Өзүңүз чемелеп бериңиз?
О. Шакир: Биринчи идея жаралат эмеспи. Эшиктин алдында семичке чагып отурганмын. Семичкенин кабыгын жерге таштасам, кумурска байкуштар далдайтып-далдайтып көтөрүп кетип бара жатат. Баардыгы тартип менен, каз-катар тизилген. Байыркы кытай даанышманы сөөлжан тууралуу дагы айтканы эске түштү. Башка жаныбарлардай колу-буту, тырмагы, тиши жок. Бирок, ал бечара өз тирлигин өткөрө берет. Чаян жана башкалар сөөлжан кылган ишти кыла албайт. Сөөлжан болуш үчүн ишиңе тулку боюң менен берилсең, жерди тешип жер үстүнө да чыгасың. Кумурска менен сөөлжандай болуп эмгектенсең, эмнени гана жаратпайсың.

Сүрөттүн булагы, Rufat ergeshov
Менин максатым кыргыз адабиятын тепкичтен тепкичке көтөрүп, эркин адабиятты жаратуу. Совет мезгилиндеги кыргыз адабият жакшыбы-жаманбы кыртыш алды. Бирок адабият деген босогодон баары эле кирип келе беришкен. Ал эми бүгүнкү күндө ошолор "чыгармачыл союз катары калышыбыз керек", "бизди өкмөт каржылаш керек" деп олтурат. Өкмөт каржыласа, анда "өз ыктыярым менен бийликтин органы болуп берейин" деген эле позиция болуп калбайбы. Бул капастагы куш өзүнүн канаттуу экенин унутуп койгондой эле кеп. Себеби, капаска жутунуп жатпайбы. Бүркүттү алалычы, өз азыгын өзү таап жейт, эркиндикте шаңшып жүрөт. Биздин чыгармачылык чөйрөдөгүлөр болсо өкмөттүн жардамын күтөбүз. Бүгүнкү күнү үрөй учурган жаңылыктар менен элдин мээсин ууктуруп салдык. Качанга чейин "тил бузулуп жатат, рухий жактан артка кеттик" дегенибизди бечара эл уга берет. Өрнөк көрсөтө турган интеллектуалдар биримдигин түзүү идеясы болду. Бул чоң амбиция! Ошондуктан кээде менин дарегиме карата айтылган жугунду материалдар болсо дагы сайтка жарыялап жиберем. Себеби, ачык коомду каалайм. Бардык тараптын чындыгына аянтча беришибиз керек. Ошондон улам сайтты адегенде интеллектуалдар алянсы кылам деп, көркөм чыгармалардын өрнөктүүсүн тандап чыгарып баштадым. Ошондо эле окурмандардын кыртышы өзүнөн өзү жаралды. Электрондук почтага келген каттардын баарына жооп берчүмүн. Маселен, "капа болбо, сен экөөбүздүн кадырыбыздан дагы окурмандын көркөм табити өйдө турат. Бул чыгармаң талапка жооп бербейт экен, чыгара албайм" деген жоопторум менен көбүнөн кол жуудум. Бирок ошол авторлор кийин түшүндү. Демек, жөн эле колдон чыккан чыгармаларды бере берген болбойт тура деп. Арасында ортозар чыгармалар да жарыяланып калып жүрдү. Башында менде база жок болчу. Китепканадан алып келип, көркөм чыгармаларды окуйсуң. Ага берилип кетип бир-эки саатыңы жок кыласың. Аягына чыкканда болбогон чыгарма болуп чыга келет. Окурмандар эмчек караган баладай болуп калды го, жок дегенде ушуну илип турайын өзүнүн аудиториясы бар дейсиң да. Ошондон ортозар чыгармалар жарыяланды.
Би-Би-Си: Башында жалгыз эле иштеп жүргөнсүз да, азыркы абалыңыз кандай?
О. Шакир: Өзүм эле жалгыз көкүрөгүмдү кагып, тоону томкоруп жатам деп мактана бербейин, адабияттын бардык салаасында иштей турган адабий коомду уюмдаштырууга аракет кылып жатам. Бизде "Нуска" котормочулар тобу тузүлдү. Адабий эксперттер деген түшүнүк жок эле, ошону киргизели деп жатабыз. Адабий эксперттер авторлорду, жарамдуу чыгармаларды ылгасын. Анан ошонун үстүнөн көркөм редактор иштеп чыга тургандай болсун дедик. Ошол эле авторду кыргыз коомчулугуна таанытып алгандан кийин башка боордош элдердин тилдерине которуу жагын колго алабыз. Мисалы, түрк, англис, кытай тилдерине которо турган котормочуларды топтоп, алардын базасын түздүк. Кээ бир чыгармаларды которо баштадык.

Сүрөттүн булагы, Rufat ergeshov
Би-Би-Си: Калемгерлерге сынак жарыялап, проза, поэзия боюнча өз-өзүнчө акчалай байгелерди койдуңар. Сынакка катышып, сайтка чыгармасы жарыялангандар миң сомдон төлөшү керек деген жобосу бар экен. Ошондо сынакка кеткен чыгымдарды актасын деген эле аракетпи? Көптөр ушундан качып, кайра сынакка катышпай койбойбу?
О. Шакир: Мунун артыкчылыгы бар экен. Себеби, буга чейинки сынактарда кээ бир авторлор чыгарманы жазып коюп, толук иштебей эле, балким, байгеге илинип каламбы деп жөнөтүп жиберет. Миң сомдон төлөп катышкыла дегенден кийин, авторлор тыйыным чөнтөгүмөн кетип жатса деп, жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштаганы сезиле баштады. Мурун электрондук почтага келген материалды ачкандан заарканым турчумун, азыр оңдоп-түздөгөндөн кыйла арылып калдым. Мындай тажрыйба дүйнөлүк адабиятта дагы бар экен.
Би-Би-Си: Кыргызстанда азыр турдүү интернет сайттар ачылган, ошол эле коомдук медианын таасири артып, колдонуучулары көбөйдү. Ушундай шартта адабий сайттын окурманы кандай?
О. Шакир: Биринчи ачылгандан бери окурмандар кыйла көбөйдү. Коомдо терс, курч окуялар болуп кеткенде, окурмандар азая түшөт. Адабиятта окуш үчүн элге жай турмуш керек экен. Элдин социалдык турмушу бир топ жакшырып калгандан улам аудиториясы кеңейет деп ишенем. Рухий муктаждык өзүнөн өзү жаралат да мындайда. Сайтка башында эле окурманга сырымды айткамын, эки чөнтөгүм тешик, андыктан улуттук адабиятты көтөрүүгө чакырам дегем. Улуттук адабияттын казынасын топтойлу деп, китепканадагы эски чыгармаларды ылгап, дүйнө адабиятын, жомокторун кыргызчага, кыргызчадан башка тилге которуп жатабыз. Кыргыз адабияты кайра иштелип чыга турган адабият. Улуу "Манас" эпосубуздун деле жазма маданияттын калыбына сала албай жатабыз. Реалдуу турмуш, интернеттин заманында визуалдык дүйнөгө элдин баары байланып калган убакта кантип биз жомокту жеткире алабыз? Бул жагына келгенде аудио китептерди, электрондук адабияттарды жайылтуу. Маселен, китеп чыкса аны региондорго жеткирүү жагы дагы түйшүк болуп жатат. Типология чыгымы канча? Бул жерде электрондук адабияттын артыкчылыгы телефонду ачып окуй берсең болот.
Би-Би-Си: Жакшы маселени козгодуңуз, ошол интернеттин артыкчылыгын чыгармачыл чөйрө кандай пайдаланып жатат? Маалыматтын баарын эле интернеттен алып жатабыз. Талкуунун баары салттуу медиадан коомдук медиага көчүп жатат.
О. Шакир: Интеллигенция өкүлдөрү ХХI кылымдын эң чоң мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатабыз. Социалдык тармактарда отуруп элди агартуу ишин колго албасак, эл социалдык тармактарда ажаан болуп, элди бөлгөн бузукулар пайда болду. Ошолордон коркуп бурчта жашынып шыкаалап отурган акын, жазуучулар толтура. Андан көрө социалдык тармактарда элдин аң-сезимине кычкылтек бере турган маалыматтарды беришибиз керек. Жаш муунду бузуп албайлы десек эне тилибиздеги дөөлөттүү материалдарды жарыялашыбыз керек.
Би-Би-Си: "РухЭш" сайты дүйнөлүк классиктерден баштап, кыргыз адабияттындагы элге алынып калган чыгармаларды, жомокторду байма-бай чыгарып жатат. Азыркы авторлордун даремети кандай?
О. Шакир: Окурманды канааттандырам деген авторлор беш манжага толбой жатат. Биз жомок менен калыптанып калган элбиз. Жазма маданиятыбыз калыптанган өткөн кылымдын 20-жылдарындагы эң биринчи авторлордун жазгандары, театрга коюлган пьесалар, жазылган кара сөздү талдап отурсак, элди эмгекке үндөгөн пропагандалык адабият болгон. Большевиктер партиясынын идеологиялык куралы катары иштеген эмеспи. Жасалма адабият болсо дагы улуттук адабиятыбыздын жерпайы түптөлгөн. Фольклор биздин кыртышыбыз, тамырыбыз, ошол жактан семирип азыктанабыз. Бирок биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү, коопсуздугубузду, саясатыбызды жүргүзө албай жаткандай эле адабиятыбызда дагы ушундай мүшкүл бар. Ч.Айтматов көркөм арсеналды таанып, адабияттагы профессионализм менен фольклорду журулуштуруп, элдик миф, уламыштарды көркөм чыгарманын подтекстине киргизип, жаңы агым жараткан. Бизде ушундай агым жарата турчу жазуучуларыбыз жок болуп жатат. Жазуучулардын көбү элеттен чыкканы менен элет турмушун, кулк-мүнөз, психологиясын таамай чагылдырып бергендери аз эле. Мисалы, Бейшебай Жусубалиев, Мырза Гапаров, Кубатбек Жусубалиевде элдик кулк-мүнөз бар. Көп акын, жазуучулар канцелярдык стилден чыкпай калган, публицистикага жакын жазабыз. Чакырык жасаганга, окурманга акыл айтып жатабыз. Бирок көргөзүп бере албай жатабыз.
Би-Би-Си: Сиз жогоруда атаган авторлор учурунда жаңы форманы издешкен, табышкан. Бирок андан ары өнүктүрүшкөн жок. Азыркы учурда ошондой форма издеген, жылт экен көрүнүштөр барбы?
О.Шакир: Азыркы орто муундагыгылардан Абдыкерим Муратовду атаса болот. Динди жайылтуу маселеси күчөп, бирок динди агартууну колго албай жатабыз. Ал чыгармасында ушул маселелерди козгойт. Аялдар темасы боюнча Топчугүл Шайдулаева көп жаңы нереселерди алып чыкты. Өзү социолог болгондон улам билим менен адабиятты мыкты жуурулуштуруп алган. Проза, поэзия жаатында иштеп жаткандар көп эле. Бирок эң өкүнүчтүүсү драматургия жана сын өнөрү аксап жатат. Адабиятта ушул экөө балдак таянып турат. Биз адабий эксперттердин тобу менен кантип чыгармачылык атаандаштык жаратабыз деп сөз кылып жатабыз.
Би-Би-Си: Көп жагдайлар ачык эле айтканда каржы маселеси менен байланышып калган. Анын кеп башында өзүңүз дагы айтып өттүңүз. Мындан каржылык пайда түшпөгөндөн кийин ишти кантип жылдырып жатасыз?
О. Шакир: Бүгүнкү күндө жеке секторлор мыкты өнүгүп жатат. Биз өкмөттөн бийликтен жардам сурабайбыз. Бюджет андан көрө билим берүү тармагына, врачтарга, улуттун саламаттыгына кетсин. Ийгиликке жетип жаткан ишкерлер бар, аларга деле намысына тийген сөздү айтсаң, түшүнөт. Алар деле кайдыгер эмес. Азыр айылга мечит, көпүрө курат элем дегендерге жардам берип жатышпайбы. Адабият өкүлү барып, муундар ортосундагы көпүрө курам - рухий көпүрө, адабий көпүрө курам десең кайсы бизнесмен жок дейт. Идея болсо, демөөрчүлөр өз ыктыяры менен колдоп берет.
Би-Би-Си: Ошондой адабиятты колдоп, сиз менен иштешип жаткан демөөрчүлөр көп элеби?
О. Шакир: ЖК депутаты Абдувахап Нурбаев эки жылдан бери өспүрүмдөр арасында эссе жазуу боюнча сынакка демөөрчү болуп берди. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев 35 жашка чейин жаштар арасындагы конкурсту өзү сунуштады. Дагы бир депутат Чыныбай Турсунбеков дүйнөлүк адабиятты кыргыз тилине которууну колдоду. Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков телефон чалып колдоп, "мага кел, сага ай сайын стипендия берейин" деди. Мээнет кылып жатсаң, элге сөзүң өтүмдүү болот. Жасап жаткан ишиңе эч ким кайдыгер карабайт. Бай-манаптар кара таман элди эзип келген, эгемендикти алганда кишилердин байларга болгон жек көрүү сезими жаралды. Адамзат тарыхын карап отурсак улуттук, мамлекеттик дөөлөттү капчыктуулар түптөгөн. Колунда бар киши улутка бир нерсе жаратат. Кыйынчылык келгенде эле өкмөткө барабыз, бийликти сөгөбүз. Мага бийликтин позициясы майдай жагат. Авторитардык өлкөлөрдүн мисалын айтып, Казакстандын, Өзбекстандын бийлиги өнөр адамдарын аябай карайт экен, жазуучулар союзун минтип жатыптыр дешет. Биз аны мисал кылбашыбыз керек, өнүгүп жаткан өлкөлөрдү, прогрессивдүү багытты, эркиндикти алган өлкөлөрдүн өрнөгүн албай жатабыз.













