Кыргыздардын Ташкент салгылашуусу

Алымкул аталык

Сүрөттүн булагы, Ташманбет Кененсариев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алымкул аталык
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Байыркы Ташкент калаасы тарыхый окуяларга өтө бай. Ошондой окуялардын бири - Ташкенттин орус империясына каратылышы. Туура 155 жыл илгери болуп өткөн окуяга - Ташкент салгылашуусуна кыргыздардын кандай тиешеси бар?

Мындан 155 жыл илгери Кокон хандыгынын калкы - өзбек, кыргыз, кыпчак, курама жана башка элдер орус империясынын илгерилөөсүн токтотуп, Ташкентти оруска бербей коргоп калуу үчүн жапа тырмак кошуун курап, Ташкент калаасына чогулушкан. 1864-жылы башталган айыгышкан уруштар бирде басаңдап, бирде күчөп, 1865-жылдын июнь айынын этегине чейин созулган. Миңдеген киши майданда кырылып, акыры генерал Черняевдин аскерлери Ташкентти алып тынды. Ташкент калаасынын алынышы канчалык маанилүү болгондугун ушундан билиңиз, калааны багынтканы үчүн генерал Черняев "Азиянын арстаны", "XIX кылымдын Ермагы" деген атакка конду.

Ташкент салгылашуусуна Кокон хандыгын мекендеген бардык калктар катышканын айттык. Бирок кыргыз-кыпчак элине өзгөчө жоопкерчилик артылып, өзгөчө мүдөөнү аркалашканын эскере кетүү эп. Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, Алай-Анжиян, Фергана жана Ташкентти жердеген кыргыз уруулары Кокон хандыгын өздөрүнүн да мамлекеттик түзүлүшү катары көрүп, ордо кутумдарын уюштурганды кой, эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп, ал тургай бир нече ирет эгемендүүлүгүн калыбына да келтиришкен. Экинчиден, Ташкент үчүн таймашуу күчөгөн жылдарда кезектеги ордо кутумунун натыйжасында бийликке кайрадан кыргыз-кыпчак кланы келип, бу сапар мамлекеттин толук жоопкерчилиги, орустарга каршы күрөшүүнү уюштуруунун озуйпасы да моюндарында эле.

Өзүн расмий түрдө "хан" деп атоодон баш тартканы менен иш жүзүндө Кокон хандыгынын анык башкаруучусу болуп алган, кыргыз санжырасында "аталык" деген ат менен белгилүү, амирлердин амири (амир-ул умаро) Алымкул орус аскерлерин Ташкенттен алыс сүрүп салууга бир нече ирет аракет жасады. Ушундай уруштардын биринде Алымкул аталык май айында каза тапты. Ташкент үчүн салгылашууда кадимки Алымбек датканын уулу Жаркынбай баш болгон болгон бир катар кыргыз баатырлары да курман болгондугун кыстара кетели.

Алымкулдун каза табышы Ташкентти коргоочулардын маанайына да таасир этти. "Кошуундун негизги сокку уруучу бөлүгүн түзгөн Фергана кыргыздары менен кыпчактары кыргыз кол башчысы Бекмаматтын жетекчилиги астында Коконго кетип калышты" - деп жазат тарыхчы Ташым Кененсариев орус изилдөөчүсү Наливкиндин эмгектерине таянып. Бирок, кыргыз-кыпчактардын бир бөлүгү Ташкент үчүн салгылашууну уланта беришкен.

Так ошол маалда кыргыз-кыпчактардын дагы бир канаты Ыкын мырза деген кыргыз бийинин сунушу менен тактыга жаңы адамды - он алты жаштагы Кудайкул деген хан тукумун көтөрүшүп, он төрт күн бою кол курашып, күч топтошту дагы, кайрадан Ташкентти беттеп, орустан коргоп калуу үчүн аттанышты. Бирок алар ара жолдо Бухара эмиринин аракетине алаксып, Ташкент үчүн кайрадан урушуп көрүү мүдөөсүнө жетпей калышты.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.