Согуш маалындагы акын-жазуучулардын тагдырынан: Сатар Алманбетов деген ким?

Сүрөттүн булагы, wikipedia
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Экинчи Дүйнөлүк согушка миңдеген кыргызстандыктар менен катар чыгармачыл кишилердин - акын-жазуучулардын жоон тобу да аттанган эле. Алардын тагдыры ар түрдүү болду. Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев сындуу бир даары "бронь" алып, согуштан калтырылды. Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Кусейин Эсенкожоев, манасчы Аманкул Орозбаков (Сагымбай Орозбаковдун уулу) жана башкалар согуш талаасынан кайтпай калышты. Ал эми кээ бирлери туткунга да түшүп калган. Ошондой адамдардын бири - Сатар Алманбетов тууралуу кеп кылабыз.
Сатар Алманбетов - совет заманынын шарданы менен телчигип келаткан улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнүн бири эле. Ал эми анын согуш алдындагы өмүр баянына үңүлсөк, замандаштарынан кыйла эле алдыга озгон, кыргыздын шыктуу уулдарынан болгондугун көрөбүз.

Сүрөттүн булагы, memorial
1917-жылы Жумгал районунда, Чаек айылында туулган Сатар Алманбетов согушка чейин эле юриспруденция жаатында билим алып, прокуратура тармагында кызмат өтөгөн. Согушка чакырылганда "улук лейтенант" наамында майданга кирип, сапердук батальондун өзгөчө бөлүгүнүн командири болгон. Бул айтылгандар анын улуттук кадр катары дараметин мүнөздөйт. Тилекке каршы, Сатар Алманбетов согуш башталгандан бир айга жетпеген убакытта - 1941-жылдын 14-июлунда Минск шаарына жакын жерде немистер тарабынан туткундалып калды. Кийин ал туткунга түшкөндөгү окуясын эрксизде жүрүп жазган аңгемелеринин биринде чеберчилик менен сүрөттөгөн.
Чыгармачыл жигерге такай жетеленип жүргөнүнө караганда Сатар Алманбетов балким өзүнүн кийинки тагдырын жазуучулуктан, акындыктан көргөнбү, өзүн акын-жазуучу катары элестеткенби деп айта алабыз. Анын жөнү мындай. Согушка аттанаар алдында Сатар Алманбетов элдик жомокту иштеп чыгып, анын негизинде "Кулан мерген" деген поэмасын басмага тапшырган. Тагдырынын тамашасын караңыз, "Кулан мерген" поэмасы автору дал ошол согушка аттанып, туткунга түшкөн жылы - 1941-жылы басмаканадан китеп болуп чыгып атпайбы.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Автору туткунга түшүп калгандан улам көп жылдар бою атайы грифф менен сакталган "Кулан мерген" поэмасын барактай отуруп:
Кийик атып күн көргөн,
Кулан мерген болуптур.
Жолотпой аны кууган соң,
Жалчылар менен конуптур.
Мээлеген жерге так тиет,
Мергендин баран мылтыгы.
Атканын бошко жибербей,
Адамдын кыйын мергени.
Адырдан атат талыкпай,
Аркар-кулжа, текени, - деген саптарына көз чаптыра отуруп, поэманын чеберчилик менен жазылгандыгын белгилей кетели.
Сатар Алманбетовдун кыргыздын адабий мурасын өтө жакшы билгендигин ушундан баамдасак болот, туткунда жүрүп, эрксизден Түркстан легионуна кошулган чагында да, 1943-жылы "Манасты" Берлинде китеп кылып чыгарган. Болгондо да атактуу манасчы Тыныбектин вариантынан үзүндүнү чыгарып, анын Тыныбектин варианты экенин жанылбай этпей белгилеп атпайбы! "Манастын" ал варианты да өз алдынча изилденүүгө татыктуу.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Согуштан кийин Сатар Алманбетов совет аскерлеринин колуна түшүп берип, бир канча жылга Сибирге айдалды. Бир катар күбөлөрдүн айтуусунда, Сатар Алманбетов кайра советтик тарапка өткөнүндө катаң жаза, жок эле дегенде Сибирдин лагерлери күтүп турганын жакшы билсе дагы Ата-Журтуна кайтып барууну ылайык көргөн. Айланып жүрүп акыры Ала-Тоого баруудан үмүтүн үзгөн эмес. "Миллий Түркстан" комитети менен кызматташкандар Батышта калып калууну чечишкен чакта, Сатар Алманбетов тагдыр эмне сыноону башка салган күнү да артка кайтууну чечкендигин анын тагдырлашы, өзбек ишмери Баймурза Хаит (1917 - 2006) ушул саптардын автору менен маегинде ырастаган эле.
Жазасын өтөп келгенден кийин эл менен көп аралашпай, Фрунзеде (Бишкекте) туруп калган. Ал турсун, партиянын "Советтик Кыргызстан" гезитине корректорлук жумушка туруп алууга үлгүргөн экен. Кыязы, ошондо да чыгармачылык жамаатка жакын болууну эңсесе керек. Сатар Алманбетов тууралуу маркум Эрнис Турсунов көп билип, аны менен баарлашып турган, кийин макалаларды арнаган.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.









