"Тулпар жүгүн оордобойт, султан сөөгүн кордобойт": Керимбай манаптын окуясы

Сүрөттүн булагы, Olivia Harris/Getty Images
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Ушул күндөрү элдин кулк-мүнөзү бузулду, бир-биринин жамандыгын гана издеп, табалаганды өнөр кылып алды деп кейигендерди көп кезиктирүүгө болот. Анын мисалы социалдык тармактарда жайнайт.
Өткөндө коомдук ишмер Алмаз Кулматов кыргыздын үзөңгүлөштүк салты тууралуу маселе козгоп, ыраматылык Окен Кулматов менен Вадим Карпеков аксакалдардын ооруканада жаткан айтылуу Сүймөнкул Чокморовго көрсөткөн ызаат-сыйынын мисалында кеп салып берди. Вадим аксакал мурда-кийин кезикпесе да досунун кебин эки кылбай Чокморовго жолугуп, куландан соо турса да Чокморовдун жанына жолдош болуп жатып, айтылуу актердун көнүлүн улап, демине дем кошкон экен.
Кулматовдун макаласын окуп отуруп, улуулардан уккан бир окуяны - өткөн кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдарында болгон, кийинкилерге сабак болчу бир окуяны эстедим.
Жети атасы бек өтүп, жети атасынан бери Кетмен-Төбөнү бийлеп келген кадимки Керимбай манапты Совет бийлиги кулакка тартып, оболу Фрунзеге апкелишет. Эми, Керимбай манап отурса тура албаган, турса отура албаган, курсактуу, эти оор киши болуптур. Андай кишинин абактын шартында жүдөп калаары турган иш. Жаңы заман жарчыларынын тилегени да, табалаганы да ошол болсо керек: манап тукумунун өзүнүн кир-когуна чыланып калганын, жүдөп-какап калганын көрүү.
Ошондо, Керимбай манап абакта жатса да манаптыгынан жазбай, боюн таза кармап, кир-когу такай жуулуу болуптур. Кантип эле деп сурашыңар мүмкүн.
Көрсө, аны менен чогуу жаткан солто кыргызынын Ысматай Байгазиев деген азаматы Керимбай манаптын жагдайын түшүнүп, манаптын кир-когун маал-маалы менен капка салып чогултуп, жууп-тазалап бергиле деп, жакындарына - апасы менен карындашына жөнөтүп турчу экен. "Бул эмне дамбал? Кимдин дамбалы?" - деп сурашса, Ысматай Байгазиев:"Атаңгөрү-ү, кыргыздын бир жакшысы кор болуп калды. Жуу дегенде жууп берип тургула" - деп койчу экен. Мына ошентип, колунан келген жакшылыгын жасаптыр. Анын бул сөздөрүнөн Керимбай манап туш келген жагдайга гана эмес, жалпы кыргыздын кишичилик салтынын кордолуп жатканына жаны кашайгандыгын, кейигендигин угууга болот. Чүй боорунун кулуну Ысматай Байгазиевдин өмүрүндө көрбөгөн, бирок аты-жөнүн угуп жүргөн атактуу манапка мамилесин эстегенде, "тулпар жүгүн оордобойт, султан сөөгүн кордобойт" деген эрежени туу тутуп жашаган эски кыргыздын образы көз алдыма келе түшөт.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.








