Тутанхамондун күмбөзү реставрацияланды: тарыхы жана уламышы
Байыркы мысырлык фараон Тутанхамондун күмбөзүн реставрациялоо боюнча он жылдык долбоор жыйынтыкталды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Усталар оңдоп-түзөө иштериндеги кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Күмбөздү калыбына келтирүү иштерин Гетти институтунун эксперттери ишке ашырган. Алар дубал бетиндеги сүрөттөрдүн бузулган жерлерин калыбына келтириши керек эле.
Бул сүрөттөр нымдуулуктан, чаңдан жана келген кишилердин деминен улам бузулган. Эми күмбөзгө жаңы желдеткич жабдыктарын орнотушту. Күмбөзгө келген туристтер сүрөттөргө колун тийгизбеш үчүн тосмолор коюлду.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, AFP
Тутанхамондун күмбөзү адамзат тарыхындагы өтө баалуу археологиялык ачылыш. Британдык иликтөөчү Говард Картер 1923-жылы 16-февралда Тутанхамондун күмбөзүн ачып, фараондун алтын бет кабын таап чыккан. Бул дүйнөлүк маданиятта Венера Милосская, Моно Лиза менен катарлаш турган негизги символдордун бири эсептелет.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
Падышалар өрөөнү
Египтология боюнча илимдин башатына француздар из салышкан. Наполеон мысырлык жүрүшү учурунда илимпоздорду кошо ээрчитип алган экен. Императордун илим чөйрөсүндөгүлөрдү абдан баалаганы айтылат.
Бир жолу мамлүк атчандар кошууну кол салганда, Бонапарт аскерлерине кийин белгилүү болуп кеткен буйругун берген: "Окумуштуулар менен эшектерди ортого алгыла!".
Байыркы Мысырды (Египет) изилдөө ишин андан ары англиялыктар уланткан. Бул учурда немистер Вавилондун урандыларын казышкан. Анткени Ирак ошол учурда Осмон империясынын курамында Берлиндин союздашы болуп турган.
Мысыр болсо 1882-жылдан британдыктардын коргоосунда болгон.
Археолог Картер менен анын демөөрчүсү Жорж Герберт (граф Карнарвон) 1907-жылдан кызматташа баштаган. Тутанхамондун күмбөзү Падышалар өрөөнүнөн табылган.
Биздин заманга чейинки XVI-XI кылымдарда байыркы Мысырдын борбору Фивы шаарынан (азыркы Луксор) анчейин алыс эмес Нилдин батыш жээгиндеги аскалуу капчыгай - 63 башкаруучунун сөөгү коюлган жер. Бул жерде Тутмос биринчиден баштап, Рамзес онунчуга чейинки башкаруучулардын сөөгү коюлганы айтылат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Падышалар өрөөнүнөн жакшы сакталган мумия акыркы жолу 2006-жылы табылган.
Учурунда Картер менен граф Карнарвон жөн эле убара болуп жатат. Бул жер ийне-жибине чейин иликтенип бүттү деген пикир үстөмдүк кылган. Бирок 1922-жылы 3-ноябрда экспедиция төмөн көздөй алып түшкөн тепкичтерди таап, тазалап киришкен. Андан кийин шыбалып, бекем бекитилген эшикти таап алышат.
Изилдөөчүлөр эшиктин артынан жер алдына түшкөн эки жайдан баалуу асем буюмдарды жана тиричиликке керектелген буюмдарды көрүшкөн. Баалуу буюмдардын канчалык экенин мындан билиңиз, Картер чукул арада Каирге барып, Египет бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
27-декабрда казуу иштери уланган. Археологдор шашылбай, жайбаракат, тыкан иштешип, жүздөгөн буюмдарды алып чыгышкан. Кайыштан жана кездемеден жасалган буюмдар чирип калган экен.
Казуу иштеринин жүрүшүндө дагы эки бөлмөгө жол табышкан. Алардын биринде узундугу 5,11, туурасы 3,35 жана бийиктиги 2,74 метр болгон, кооздолгон жыгач сандык табылат.
Сандыктын ичинен дагы матрешка сыяктуу үч куту чыккан. Акыры мумия жаткырылчу алтын табыт (саркофаг) табылат. Анын ичинен алтын бет кап тагынган мумияны алып чыгышты.
Табыттан 3,5 миңдей буюмдар болгон. Алтын зер буюмдардын салмагы 110,4 кг түзүп, алтын бет каптын өзү эле 11 кг болгон. Азыр ал Каирдин улуттук музейинде турат. Анын сүрөтү мысырлык 1 фунт акча бирдигине түшүрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кайтаруусу чабал
Өтө куулук менен коюлган капкандар болгон деп айтылган уламыштарга карабастан, фараондордун мүрзөлөрү дээрлик коргоого алынган эмес экен. Аларды кайтарып турган жоокерлерге ишенишкен. Бирок бул ар дайым эле иштей берген эмес. Жаңы башкаруучулар каржылык кыйынчылыктар учурунда, уялбастан туруп эле табыттардагы алтындарга кол салганы айтылып жүрөт.
Тутанхамондун күмбөзү - бүтүндөй турган турпаты менен бузулбай бизге жеткен жападан жалгыз күмбөз.
Картер жана анын кесиптештери күмбөздөгү ички эшикти бузууга аракеттер болгон деп айтышкан. Бирок аны ачып киришкени, эмне алышканы - табышмак.
Негизи эле бул иште сырдуу түйүндөр көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаш башкаруучу
Тутанхамон биздин заманга чейинки 1332-1323-жылдары башкаруучу болуп турган. Болжолдуу эсептегенде, Троян согушунан эки жүз жыл мурун, Рим негизделгенге чейин 600 жыл мурун такта он жыл олтурган жана 19 жашында көз жумган.
Башка деле башкаруучулар болгон, бирок дал ушул күмбөзүнөн улам анын ысымы баарына белгилүү болду. Тутанхамондун жаш кезинде эле оо дүйнө кете бергенине себеп болгон жагдай дагы белгисиз. Айрым булактарда аң уулап жүрүп, арабадан кулаганы айтылат. Бирок мумияны изилдешкенде, оорунун же кандайдыр бир соккунун белгилерин таба алышкан эмес.
Ууландырган деген гипотеза дагы күмөндү жаратат. Тутанхамон эч кимге тоскоолдук кылган эмес. Аскердик жана диний төбөлдөр ансыз деле каалагандай бийлик кылышкан.
Жаш падышанын артынан тукум калбаптыр. Династия ошону менен токтогон. Кийинки фараон биринчи министр Эйе болгон.
Күндүн небереси
Тутанхамондун атасы Аменхотеп IV сейрек учураган инсандардын бири болгон. Ал катаал жана бийликчил башкаруучу болуп, биздин заманга чейинки 1349-жылы ошол учурдагы Амон-Ра башында турган кудайлардын пантеонун (ибадаткана же кудайларга багышталган жай маанисинде) жоюп, кол алдындагыларды бир кудайга - Атонго сыйынууга буйруган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал өзүн Атондун уулумун деп жарыялап, Эхнатон деген ысымды алат. Анын алсыз, жашы жетелек уулунун башкаруусу учурунда диний чөйрө өздөрүнө ыңгайлуу мурдагы культка кайра өтүп алышкан.
Мураскер туулганда эле Тутанхатон ("Атондун жердеги көрүнүшү") деген ысымды алган. Ал 14 жашында Тутанхамон деген атты чөйрөсүндөгүлөрдүн каалоосу менен кабыл алган.
Орусиялык жазуучу жана изилдөөчү Александр Никонов ошол учурдагы окуялардын табигый катаклизм менен байланышы болушу мүмкүн деп мүнөздөйт.
Жер Ортолук деңиздеги Санторин аралында вулкан ойгонгон. Мысырдын үстүн булут каптап, температура түшкөн. Фараон кырдаалдан пайдаланып, элдерди жаңы куйдайга сыйынууга мажбурлаган.
Ал каза тапкандан кийин экологиялык кырдаал мурдагы калыбына келген. Ошондуктан динчилдер үчүн кайра эски кудайга кайтуусу кыйынчылыкты жараткан эмес.
Өзүнүн масштабдуу иштерине карабастан бүгүн Эхнатон өзүнүн жубайы Нефертитиге караганда анчалык белгилүү эмес. Анткени анын белгилүү бюсту бизге чейин жетти. (AbA)
*












