Байыркы Мысыр: Археологдор 4400 жыл мурунку сөөк коючу жайды табышты
Мысырда археологдор маанилүү ачылыш жасады. Алар 4400 жылдан бери кол тие элек турган сөөк коючу жайды табышты.
Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Мыкты сакталган" деп айтылып жаткан сөөк коючу жайды журналисттерге көрсөтүштү
Изилдөөчүлөр соңку он жылдыкта мындай ачылыш болгон эмес эле деп белгилеп жатат. Күмбөз Каирден 30 чакырым аралыктагы Саккара кыштагынан пирамида комплексинен табылган.
Археологдор бул жайды казууга киришти. Алар кызыктуу табылгалар чыгат деп үмүттөнүп жатышат. Анын ичинде саркофаг да табылышы мүмкүн.
Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Диний кечилдин сөөгү коюлган болушу мүмкүн делген күмбөз Каирден 30 чакырым аралыктагы Саккара кыштагынан табылды.
Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөөк коюлган жай дөбөнүн алдынан табылып, мурда кишинин колу жеткен эмес деп айтылып жатат.
Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Египтологдор эми күмбөздүн дубалдарына чегерилген көп сандагы ероглифтерди чечмелеп чыгуусу керек
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байыркы мысырлыктар күмбөзгө же храмдарга кишилердин сөлөкөттөрүн көп чегеришкен
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Археологиялык казуулардын башында турган Мустафа Абдонун айтымында, күмбөздүн узундугу 10 метр, туурасы үч, бийиктиги үч метрдей бар
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кечилдер байыркы Мысырдагы өтө маанилүү кишилер эсептелген
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер сөөк коюлган жайдагы боектор 4400 жыл болгонуна карабастан жакшы сакталганына таң калууда
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөөк коюлган жай болжолу Мысырды б.з.ч. 2500-2350-жылдары башкарган V династиянын дооруна туура келет деп айтылууда
Сүрөттүн булагы, EPA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дубалга чегерилген сүрөттө кечилдин үй бүлөсү түшүрүлгөн
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Археологиялык казуулардын жүрүшүндө кечилдин саркофагы дагы табылып калабы деген үмүт бар