Украин чек арасындагы орусиялык аскер күчтөрү артка кайтарылат

Сүрөттүн булагы, TASS/MINISTRY OF DEFENCE
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-апрелден баштап Түштүк аскер округундагы машыгууга катышкан күчтөрдү аскер бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу буйрук берди. Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусиянын аскер күчтөрүн топтоп жатканынан чочулап, кырдаал курчушунан кооптонуп жаткан эле.
Шойгу машыгуулар ийгиликтүү болгонун, "аскер күчтөрү өлкөнү ишенимдүү коргой ала турганын көрсөттү" деп айтты.
Апрелдин башынан тарта АКШ жана европалык өлкөлөр орусиялык аскер күчтөрүнүн Украина чек арасына топтолуп жатышына кабатырлануусун билдире баштады. Европарламентте сөз сүйлөгөн украин коргоо министри Андрей Таран чек арада 110 миң орусиялык аскер топтолгонун билдирген эле.
Украина лидери Владимир Зеленский аскер күчтөрүнүн артка тартылышы "чыңалууну бир аз бошоңдотот" деп айтты.
"Украина ар дайым сак турат. Бирок Донбасстагы аскердик кийлигишүүнү азайтуу жана кырдаалды курчутуудан оолак болууга жасалган ар бир кадамды кубаттайт. Украина тынчтыкты каалайт. Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна ыракмат", - деп жазды "Твиттер" баракчасына.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Шейшембиде Зеленский орусиялык кесиптеши Путинге кайрылып, Донбасстагы кырдаалды жайгаруу үчүн кайсыл жерде болсо дагы жолугууга даяр экенин билдирди. Көп узабай Путин украин лидерине жооп берип, Киев аткара албай турган шарт койду.
"Биз бул жолугушууда эмнени талкуулагыбыз келет деген суроо туулат. Эгерде кеп Донбасстын маселеси тууралуу болсо, анда алды менен Украинанын жетекчилиги [өзүн-өзү республика жарыялаган] ЛНР жана ДНР республикаларынын лидерлери менен жолугушуусу керек. Андан кийин гана ушул көйгөйлөрдү үчүнчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен, азыркы шартта Орусия менен талкууласа болот", - деди Путин.
"Эгерде кеп эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү тууралуу жүрүп жатса, кудай жалгасын, биз Украина президентинин ыңгайына карап, кайсыл учурда болсо дагы Москвада кабыл алууга даярбыз",-деп кошумчалаган.

Павел Аксенов, Би-Би-Си
Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украина менен чек ара тилкесине жайгаштырылышы, ошондой эле Кара деңизде мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы аскер кемелеринин топтолушу дүйнөдөгү олуттуу тынчсызданууларга себеп болду.
13-апрелде Байден менен Путин бул маселени телефондо талкуулады, Брюсселде НАТО чукул жыйынга чогулду, Венада ЕККУ өлкөлөрү маселени талкууга алды. Темир жол аркылуу Орусия түштүк облустарына аскер техникаларын ташып жатканы тууралуу кабарлар марттын жарымынан тарта айтыла баштаган. Бул Донбасстагы кырдаал чыңалган учурга туш келди. Өзүн республика жарыялаган аймактар менен украин аскерлери ортосундагы ок атышуу күчөдү.
Февраль менен март айында эки тараптан тең ок атышпоо келишим бузулуп жатканы тууралуу тынымсыз кабарлар чыгып турду. Украинада келишим бузулушу мүмкүн деген талкуулар жүрө баштады.
Орусия аскер күчтөрүнүн топтолушун пландуу машыгуу катары түшүндүрдү. Ошол эле маалда Батышты айыптап, алардын көрсөтмөсү менен Украина өлкө чыгышындагы кырдаалды курчутуп жатканын эскертти.
Чек ара тилкесине тартылган аскер күчтөрүнүн мүнөзү өзгөчө тынчсыздануу жаратты. Айталы, Кара деңизге Түндүк флоттон, Каспий, Балтий күчтөрүнөн бери тартылышы, десанттык кемелердин келиши. Эгерде Орусия машыгуу деген шылтоо менен украин жээктерине аскер десанттын таштайт деген күмөн болсо, мындай аскер кемелер муну бышыктамак.
Чынында айрым эксперттер айдан ачык эле аскер күчтөрүн жана техникаларды тартуунун артында Орусиянын аскер кубатын даңазалоо максаты турганын айткандар болду. Анткени олуттуу аскер операциясы мынчалык ачык болбошун жүйөө тартышкан эле.















