Чехия-Орусиянын тиреши: дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL TERESHCHENKO/TASS
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын Москвадагы элчилигинде иштеген 20 кызматкерди "персона нон грата" жарыялады. Мунун алдында Чехия тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломатты өлкөсүнөн чыгарган.
Чехия 2014-жылдагы курал-жарак кампасындагы жарылууга орусиялык атайын кызматына тиешеси болушу мүмкүн деп шек санайт. Ишембиде Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жана тышкы иштер министри Гамачек билдирүү жасап, орус дипломаттарын Орусиянын атайын кызматтарына иштейт деп шектенип жатышканын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чех бийлигинин айтымында, атайын кызматтын агенттери 2014-жылдагы Врбетицедеги курал-жарак кампасындагы жарылууга катыштыгы бар. Прага ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын эки тыңчысын издеп жатканын жар салды. Бул кишилер Британияда 2018-жылы Солсбериде Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга байланыштуу айыпталган.

Бейшембиде Кошмо Штаттар орусиялык дипломатиялык миссиянын 10 кызматкерин өлкөдөн чыгара турганын айтты. Ушул эле күнү Польша үч орусиялык дипломатты "персона нон грата" жарыялады. Орусия беш польшалык дипломатты өлкөсүнөн чыгара турганын билдирген.





