Орусия Крымга аскер кемелерин жана учактарын топтоштурууда

Орусиянын Су-25 аскер учактары Крымда

Сүрөттүн булагы, Sergei Malgavko/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Су-25 аскер учактары Крымда

Орусия аннексиялап алган Крымга ири аскер күчтөрүн тартууда. Аймакка Кара деңиз флотунун курамына кирбеген бир нече аскер кемесин жөнөтүштү. Ал эми жарым аралдын чыгышында аскердик лагерь пайда болду.

Аскер күчтөрүн топтоштуруу Украина менен Орусия чек арасындагы абалды чыңалтууда. Кырдаалга Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирди. АКШ, Европа Биримдиги жана НАТО Орусияны чек арага аскер күчтөрүн жыйноону токтотууга чакырды.

Көпчүлүк аскер кемелеринин Крымга келип жатканын өлкөнүн Коргоо министрлиги расмий ырастады. Мекеме муну пландык машыгуунун алкагындагы жүрүш катары түшүндүрүүдө.

Крым менен Кара деңиздин айрым райондорундагы учууларга 20-24-апрель аралыгында убактылуу тыюу салынганы белгилүү болду. Бул жүргүнчү учактарга коркунуч түзүлөт деген себептен улам киргизилген. Мындай чаралар кандай гана аскер машыгуусу болбосун кабыл алынат. Аскерлер жүргүнчү учагын атып албасын деген этияттык.

Аннексияланган Крымдагы азыркы аскер машыгуусун эксперттер постсоветтик тарыхтагы эң ири машыгуу катары мүнөздөп жатат. Көпчүлүк эксперттер топтоштурулган аскер күчтөрү Украинага каршы колдонулбайт деген пикирде. Москва бул аракети менен Киевге саясий коңгуроо кагууда дейт алар.

Крым жарым аралы 2014-жылдын жаз айында Орусия тарабынан аннексияланган. Ушундан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды кабыл алды. Украина болсо жарым аралды кайтарып алуу ниетинде экенин айтып келүүдө.

"Калининград" десанттык кемеси

Сүрөттүн булагы, Vitaly Nevar/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Калининград" десанттык кемеси

Дүйшөмбү күнү Түштүк аскер округунун басма сөз кызматы Крымда авиациялык машыгуулар өтүп жатканын кабарлады. Ага Аскер-аба күчтөрүнүн учактары тартылды.

Ошону менен бирге эле Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери Кара деңизде активдеше баштады. Өткөн апта ичинде эң ири аскер кемелеринин тобу чогулду. Арасында деңиз десанттарын түшүрө турган каражаттар дагы көп.

17-апрелде Керчен кысыгы аркылуу Кара деңизге Каспий флотилиясынын бөлүгү келди.

Апрелдин башында АКШ жана бир катар европалык өлкөлөр орусиялык кучтөрдүн Украина чек арасына жакын жерге топтолуп жатканына кабатырлануусун билдирген. Бирок аскер күчтөрү топтолуп жатканы тууралуу кабарлар коомдук сайттарда марттан баштап эле тарай баштады.

аскер техникасы

Сүрөттүн булагы, Sergei Malgavko/TASS

Батышта орусиялык аскерлердин топтолушун өтө олуттуу кабыл алышты. Деген менен америкалык жана британдыктардын Орусиянын Кара деңиздеги аракетине реакция эки башка болду.

Өткөн аптада Орусия менен Украина ортосундагы чыңалуу курчуп кетпесин деп, АКШ Кара деңизге эки аскер кемесин жөнөтүү планынан баш тартты. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. Тескерисинче, жекшембиде Британия Украинага тилектештик, колдоо иретинде май айында Кара деңизге кубаттуу аскер кемелерин жөнөтөрүн жарыялады.

Аскер иштери боюнча талдоочулар Орусиянын аракеттерин Украинага бастырып кирүү катары түшүнбөш керек деген пикирде. Бул биринчи кезекте машыгуу болсо, экинчи жагынан саясий максатты көздөгөн жүрүш болушу мүмкүн.

Би-Би-Си Орусиянын Коргоо министрлигине машыгуулар эмне үчүн азыр өтүп жатканы тууралуу суроо жолдоп, жообун күтүүдө.