Украинадан ажыратылган аймактар далайыбызды убайга салат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алмаз Кулматов, тарыхчы
Ошентип орустар Путин өзү жазгандай кандаш тууганы, тамыры бир, тагдырлаш Украинага кол салды. Салганы ошол, сегиз жыл мурда өзүн элдик республика атап алган жикчил Луганск менен Донецк областтарын өз алдынча мамлекеттер деп тааныды.
Бул актыны Америка президенти Байден, Россияга санкцияларды киргизүү чечимин жарыялап жатып, Украинага басып кирүү деп атады.
Орусия Украинага кол салды. Украинадагы кырдаалды түз ободо чагылдырып жатабыз. Түз обого өтүңүз.
Путин чечимди коопсуздук кеңешинде арасында сабакты жакшы билгендери азыраак, басымдуусу жалкоо окуучулардан үй тапшырмасын сураган мугалимден бетер такап сурап, “талкуулап”, тийиштүү жарлыкка кол койду. Луганск жана Донецк менен достук келишим түздү, аскерлерине, тийиштүү кызматчыларына “республиканын” калкын тышкы “агрессиядан” коргоо, коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди. Боло турган иш болду. Боло турган иш беле?
Коңшу өлкөдөгү орус калкы басымдуулук кылган эки аймакты өз алдынча мамлекет деп жарыялоо чечимин кабыл алуу маселеси кокус жаралган жок. Дүйнө ошого келе жаткан. Биринчиден, Россия кырдаалдын мындай өнүгүшүнө, албетте, даярданып келген. Көп жылдан бери камданып жүргөнү көрүнүп турат. Демографиялык реалдуулукту, социалдык шарттарды эң мыкты колдонуп, экономикалык, саясий, аскерий, идеологиялык өбөлгөлөрдү түзүп, эки областтын калкынын сепаратисттик жолго салып, өрөпкүтүп, делебесин козгоп келген экен.
Мындай окуя биринчи ирет болуп жатканы жок. Эзелки кармаштын уландысы. Эски адаттын көрүнүшү. Эл аралык укуктун нормалары бирде иштеп, алдуулары алсызын баса калган учурлар тарыхтын бүктөмдөрүндө калбаптыр. Наполеон жеңилген соң, Вена конгрессинде (1814-1815) кечээки атаандаштар, бирок француз императоруна каршы согушта союздаш, тилектеш болуп чыга келген ири державалар, дүйнөнү бөлүштүрүп киришет.
Куу чирен байлар устукан бөлүштүргөн сымал, кадимкидей эле ачык соодага өтүп, өңгөлөрдүн мүдөөсүн, жиликтелип жаткан элдердин тагдырын эске албастан, жулмалап кетишкен эле.
Эл аралык мамилелердин негизги эрежелерин, дипломатиянын жол-жоболорун бекиткен ушул конгрессте Россиянын, Австриянын, Пруссиянын, Франциянын, Улуу Британиянын гегемониясы, дүйнөлүк маселелерде чечүүчү ролу расмий легитимдештирилген.
Европалык концерт деген ат менен белгилүү бул процесс аны менен токтогон эмес. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин ири державалар дүйнөнүн картасын кайрадан сызып, каалаганын кылган эле.
Германия мында башкы оюнчу болуудан калып, көп өтпөй канбай калган көксөөсүн, эски кусаматын, жеңилүү ызасын чыгарып, кайра баштан чоң концерт коет. Америкадан башкасынын айласын алты кетирет.
Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Европалык концерттин үчүнчү сериясы башталып, бул ирет Азия, Африка кошо жиликтелип, мамлекеттер ыдырап, айрым эскилери калыбына келип, жаңылары пайда болот.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Советтер Союзу кулап, социалисттик лагерь кыйраган соң, алсырай түшкөн Россия эми эптеп бутуна турганча, айлана-тегереги НАТО менен курчалып, Америка менен Европа бир жагынан, Кытай экинчи жагынан кысып, бир кезде басып алган, кыңк эттирбей мыкчый кармап турган аймактарды аралай чаап, чулгап калган экен.
Анан эмне кылмак эле, Путин өзү айткандай чимкиригин чубалтып, мурдун шуу тартып карап турмак беле. Россия күч-кубатка ээ болгондо эски таарынычтары, империя болуудан калгандагы өксүгү саясаттын аныктоочу факторуна айланды.
Россия соңку мезгилде негизги күч-кубатын өз таасирин кайтарууга жана арттырууга, өзү менен эсептешүүгө мажбурлоого, алдууларына тиш кайрууга, чабалыраактарына ыдык көрсөтүүгө, ички-тышкы алакада алардын суверенитетин чектөөгө жумшады.
Орус лидеринин жана белдүү саясатчыларынын тышкы аренада жүрүм-турумунда, алыс-жуук коңшулары, өнөктөштөрү менен мамилесинде жана риторикасында улуу орус шовинизминин ысык деми сезилип, журналисттери кошо айгай салып келди.
Экинчиден, Россияны биротоло алсыратууга умтулган, Кытайдын күч алышын каалабаган АКШ менен Европанын Россияны ооздуктаганга чамасы жетпеди, Кытайга такаат бере албай жатат.
Америка Афганистанды таштай качып, өзү жараткан куралдуу топторго өзү ээ боло албай, Жакынкы Чыгышта чайналып, Азияда буйдалып турган чакта, Кытай Африкага ат бастырып кирип, Латын Америкасында карааны көрүнө баштады.

Россия Крымды ээлеп алган соң ого бетер дымагы артып, эл аралык трибуналардагы айыптоолордон жана формалдуу санкциядан башка чара колдонбогон АКШ менен Европанын каяшасын чымын чаккандай көрбөдү. Түштүк Осетияны Грузиядан бөлүп чыгып, Крымды аннексияланганда Россияга каршы чаралардын натыйжасы аз болуп, империялык мүдөөсү ого бетер күчөгөн.
Жеңишине шыктанган орустардын кийинки кадамдары, айрыкчага ДЭР менен ЛЭРге карата кандай саясат жүргүзөөрү ири державалардын көпчүлүгүнө аныгында маалым эле. Бирок Россияны токтото албады, не өзүлөрү козутма, шыкактама саясатын токтотподу. Эми да Америка, Европа киргизген санкциялардан чочулаган түрү жок. Россиядан кыйла чабалыраак Беларусь деле санкциялардын салакасын анча тарткан эмес.
Бир кезде Наполеон Англияны туташ курчап, чычкан аралагыс, чымчык учуп өтө алгыс кылып камалаган. Континенталдык блокада деп аталат. Азыркы санкциялар анын жанында баланын оюну. Ошол континенталдык блокада да Англия экономикасына оор залакасын тийгизсе да, мөгдүрөтө алган эмес. Каяктан болсо да жылчык тапкан аба менен суудай, ар кандай жолдор аркылуу товарлар жана акчалар күргүштөп кирип-чыгып турган. Контрабанда Европада болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Бизнес деген бизнес, пайдага болгон көксөө мыйзамдардан, эрежелерден, тыюулардан, мамлекеттик макулдашуулардан жана кызыкчылыктардан алда канча күчтүү окшобойбу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Курал сатпайбыз деп макулдашкан мамлекеттердин өзүнөн тыюу салынган аймактарга курал-жарак агылып турганы жалганбы? -- Чын. Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жарактарды соодалоо тууралуу Келишими жана башка эл аралык документтердин, конвенциялардын аткарылганы күмөн.
Эмки заманда, глобалдашкан ааламда, финансылык институттар желедей чулгап, виртуалдашкан соода кычаган, түсү кубулма, идентификациялоого мүмкүн эмес экономикалык субъекттер, материалдык кызыкчылыктарды көксөгөн миңдеген трансулуттук компаниялар ар кандай санкцияларды буйтап кетүүгө жөндөмдүү экенин ошол эле Батыштын аналитиктери, чалгындоо мекемелери какшап келет. Бул жагдайды тастыктаган ондогон абройлуу, көлөмдүү докладдар жарыяланган.
Албетте, санкциялар ири алдыда орус олигархтарына, мамлекеттин байлыгына көз сал десе байлыкты уурдап алган чиновниктерине оңтойсуздуктарды жаратат, алардын айрымдарына мүшкүл иш. Бирок ошончо мүлккө ээ кыраандар буйтап кетүүнүн түркүн жолдорун, бизнесте мимикриянын нечен ыкмаларын мыктап өздөштүргөн болуу керек, азыраак чыгым тартса тартаар, асты муюбайт. Кымбатчылыкка тушугуп, мындан кыйналгандан карапайым эл гана зыян тартат. Ошондой болуп келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир тарабы Россия, экинчи тарабы АКШ менен Европа, эки тараптын талашында субъекттен объектке айланган ортосунда Украина азапка кептелип, чыңалуу апогейине жетти. Эмки европалык концерт Европа менен чектелбейт, Евразиялык чоң кармашка айланып, далай элди убайга салып, далай сызыктар чийилип, нечен өмүрлөр кыйылып, не бир түркүн окуялар али алдыда.
Россиянын Укранинадан бөлүп алган Луганск менен Донецкини таанып отурушу эл аралык укуктун тили менен айтканда суверенитетине шек келтирүү актысы. Украинанын территориялдык бүтүндүгү бузулду. Карта кайрадан чийиле баштады. Эки өлкө менен чектелбейт. Башкаларды да убайга салып, түйшүк жаратты. Ансыз деле аброю түшүп бараткан глобалдык уюмдар чоң сыноого тушукту.
Россия менен өнөктөш, аймакташ, тагдырлаш, экономикалык мамилелери киндиктеш, уюмдаш, шеринелеш, айрым маселелерде көз каранды өлкөлөргө кыйын абалга жаралды.
Россия соңку мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүн өз орбитасына кайра кайтарууга ашкере умтулуп, Евразия экономикалык бирлигине айдап киргизип, тышкы соода алакасын чектеп, өз эрежесин, өз оюнун таңуулап калган эле.
Албетте, бир беткей эмес. Евразияңа кирбейм деген Өзбекстанга эч нерсе кыла албады, Казакстан соодада союздаш, чабалыраактарга басым-кысымда шериктеш, тилектеш болду. Балким ушул иштин авторлору айткандай көсөмдүк кылдыкпы, же газды бекер кармата берип энергетикалык күнкордукка биротоло кирдикпи, айтор газ жана мунайзат жагынан Россиядан көз каранды бизге да кыйчалыш маселе жаралды.
Борбордук Азия өлкөлөрү Россия менен эсептешүүгө муктаж. Ага аскерий, геосаясий шарттар жетиштүү. Экономикалык жактан Россиянын таасири зор, Борбор Азиянын миллиондогон мигранттары Россияда күн көрүп жүрөт. Ошончо мигрантты орустар мотивациялап, оюна акыл салып, себебин “жакшылап түшүндүрүп” туруп, бир мезгилде дароо артка кетирсе, аягы оңой болбойт. Алар тынч келгенде деле кылаар иши жок, салаар кушу жок, өзү кыйналат жана өкмөтүн кыйнайт.
Орус лидери Путин Донецк менен Луганск аймактарын Украинадан ажыратып алчудагы сөзүндө ушул кадамга барышынын бир себеби – Украинада коррупция гүлдөп, эли жакырчылыкка учурап, бийлиги элдин ырыскысын жеп, иштеген иши жок азап чегүүдө деп түшүндүрбөдүбү. Мындай аныктама, мындай түшүндүрмө универсал, айтса баарына жараша турган тезис.
Эсеби маселен, эртең Россия кай бир өлкөнү кыйыгына алса, жанагы сөзүн айтып, ага кошумча орус тилдү калкка коркунуч жаралды, коргоо биздин тарыхый, гуманитардык миссиябыз дебейт деп ким кепил боло алат?
Жаратылган прецедент, Россия бир нече жолу апробациялаган ыкма бекемделүүдө жана кийинкилерге идеологиялык база түзүү аракети көрүлүүдө.
Путин билимдүү, окумал инсан, интеллектуал, көйкашка лидер. Былтыр Украинанын өз алдынча мамлекети болгон эмес деп үзүктөй макала жазган. Быйыл эки аймакты тартып алаарда Украинада эч качан мамлекеттүүлүк болгон эмес, жасалма, Ленин кол менен жараткан мамлекеттик тузүлүш деп жарыя салды. Ага СССРдин курамындагы башкаларды камтып кеткендей болду. Шоона эшпеген, эч бир аргументи жок, тарыхый сабатсыздыктын үлгүсү болчу кеп.
Адегенде орус империясы канды суудай агызып басып алган өлкөлөр жана мамлекеттер кийин СССРдин курамында калып калды. Ошол СССРдин курамына кирген улуттардын ичинен мамлекеттүүлүккө баарынан кеч жеткени орустар. Кавказдагы жана Борбор Азиядагы улуттардын айрымдары империя, держава, башкалары княздык, королдук, хандык, ордо сыяктуу мамлекеттерди куруп, мамлекетке ээ кезинде орус мамлекети тургай, этноними белгисиз, аты дайынсыз эле.
Киевская Русь деп аталган алгачкы мамлекеттик түзүлүш 9-кылымда алгач белгилүү боло баштайт. Тарыхый чындык. Эч ким тана албайт. Украинага карата, аны басынтуу, кемсинтүү, бүгүнкү саясатын актоо максатында айтылган эмоционалдуу кеп го десек болот эле, бирок кечээ казактарга карата да ушундай мааниде акараат келтирген. Канткен күндө да орус президентинин мамлекеттүүлүктүн тарыхы тууралуу айтканы бизге жана биз окшогон байыркы мамлекетке ээ улуттар үчүн арзыбаган кеп, бейжоопкер эмоция.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.








