Украина-Россия согушу: Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти

Бириккен Улуттар Уюмунан айтышкандай, бүгүнкү күндө Украинадан кошуна мамлекеттерге качып барган адамдардын саны бир миллионду түздү.

Түз алып баруу

  1. Түз эфирди токтотобуз

    Урматтуу Би-Би-Синин окурмандары!

    Украинадагы согуштун жүрүшүнөн түз ободо баяндообузду токтотуп жатабыз. Украинадагы кырдаал боюнча мындан ары өз-өзүнчө материалдарды сунуштайбыз. Алардын айрымдары төмөндө:

    • Россиянын Украинага кол салуу максаты. Путиндин көздөгөнү эмне?
    • Путиндин Украина тарыхы тууралуу сөзү. Тарыхчынын талдоосу
    • Украинадагы согуш эмне менен бүтөт? Үч болжолдуу сценарий
    • Зеленский: Куудулдуктан Украинанын президенттигине чейинки жол
    • Эмнеге көп белорустар Украинага согушка аттанып жатат?

    Дагы башка материалдарды окуу үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.

  2. Орус-украин сүйлөшүүсү: гуманитардык коридор берүү макулдашылды

    орус-украин сүйлөшүүсү

    Сүрөттүн булагы, MAXIM GUCHEK/BELTA/TASS

    Беларустун Беловежа чер токоюнда Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болду. Тараптар жай тургундарды эвакуациялоо жана согуш жүрүп жаткан аймактарга дары-дармектерди жеткирүү үчүн гуманитардык коридор берүүнү макулдашты.

    Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешип чыгарылган коммюникеде (билдирүүдө) “эвакуация жүрүп жаткан аймактарда ок атышууну убактылуу токтотуу” мүмүкүнчүлүгү каралганы айтылат.

    “Ошондуктан жакынкы убактарда байланыштын жана кызматташуунун атайын каналдары түзүлүп, тиешелүү логистикалык процедуралар башталат”, — делет документте.

    Украинанын президенттик администрациянын башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк журналисттерге маалымдагандай, украин тарап өзү көздөгөн жыйынтыктарды ала алган эмес, бирок тараптар “гуманитардык өңүттү жетиштүү деңгээлде талкуулашкан”.

    Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды “олуттуу прогресс” деп атады.

    Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы жакынкы күндөрү өтөрү пландалууда, бирок убактысы тактала элек.

    Кененирээк төмөнкү материалдан окуңуз:

  3. "Эхо Москвы" радиостанциясы жабылды

    "Эхо Москвы" радиостанциясы

    Сүрөттүн булагы, ALEXANDER SHCHERBAK/TASS

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эхо Москвы" радиостанциясы

    Бүгүн "Эхо Москвы" радиостанциясынын директорлор кеңеши радиостанцияны жана анын вебсайтын жабууну чечти.

    Медиага ээлик кылган "Газпром-медиа", радиону жабууга РФ Генпрокуратурасынын орус аскерлеринин Украинадагы иш-аракеттери тууралуу “жалган маалымат” таратуу жөнүндөгү кайрылуусу себеп болгонун билдирди.

    "Эхо Москвы" радиосу 1990-жылдан бери обого чыгып келе жаткан.

    Радионун башкы редактору Алексей Венедиктов: “Жабуу чечими 15 мүнөттө кабыл алынды, мени отурумга чакырышкан дагы жок”, - деген Интерфакска.

  4. Санкт-Петербургда согушка каршы акциялар уланууда

    Орусиядагы моюн сунбаган демонстранттар Санкт-Петербургдун көчөлөрүнө кайрадан чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришти. Санкт-Петербург Владимир Путиндин кичи мекени.

    Мурдагы күндөрдөй эле алар катуу даярдыктагы полицияга туш болушту. Митингдерге каршы полиция күчтөрү акцияга чыккандарды күч менен таратып, ондогон адамдарды кармаган. Соңку бир нече күндө жүздөгөн митингчилер камалды.

    Митингдердин жаңы толкунуна Кремлди сындаган камактагы Алексей Навальныйдын билдирүүсү түрткү болду. Навальный аскердик чабуулга каршы күндө акцияга чыгууга чакырып, Орусия “чочуган коркоктордун өлкөсү” болбошу керек экенин айтты.

    Нааразылык акциясынан айрым фотосүрөттөр:

    Орусия

    Сүрөттүн булагы, Reuters

    Орусия

    Сүрөттүн булагы, Reuters

    Орусия

    Сүрөттүн булагы, Reuters

    Орусия

    Сүрөттүн булагы, Reuters

    Орусия

    Сүрөттүн булагы, Reuters

  5. Украина аймактарындагы орус күчтөрүнө каршылыгы

    Орусиянын Украинага басып киргени 8 күн болду. Өлкө боюнча адамдар баскынчы күчтөргө каршы туруштук берип келатышат.

    Би-Би-Си төмөнкү видеолорду өз алдынча ырастады.

    Түштүктөгү Энергодар шаарында жай тургундар жергиликтүү электр станциясынын жанында чогулушуп, орус күчтөрүнө каршы сокку берүүгө аракет кылып жатышат. “Биз аларды Европадагы эң чоң электр станциясына өткөрбөйбүз”, — дейт камерада көрүнбөгөн бир киши.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы, 1

    Түштүк-чыгыштагы Запароже облусунда дрондон тартылган видеодо орус күчтөрү артка чегинип жатканын көрүүгө болот. Анда аскерлер “кайра кайтып келебиз деп коркутканы” айтылат.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы, 2

    Украинанын түштүк-чыгышындагы Мелитополь жергесинин тургундары Орусиянын күчтөрүнө каршы эки сааттай каршылык көрсөтүшкөн.

    “Бул макулуктар асманга ок атып, бизди коркутууга аракет кылышты. Бирок алар эсептен жаңылды. Мелитополь — бул Украина”, — делет Твиттерде.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы, 3

  6. Зеленский: “Биз аларды токтотуп калдык”

    Зеленский

    Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

    Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршемби күнү кечинде өз элине кезектеги кайрылуусун жолдоду.

    “Биз бир аптанын ичинде эле душмандын бардык планын баш аламан кылып салган элбиз. Биз аларды токтотуп калдык”, — деди ал.

    Зеленскийдин айтымында, колго түшкөн орус аскерлери Украинанын жерине эмне себептен келгенин билишпейт.

    Зеленский аларды Москвадагы бийлиги пайдаланган “башы айланган балдар” деп атады.

    Ал орус техникаларын жолдо тоскон шаарлардын тургундарына ыраазычылык билдирди. Анын буйругу менен 15 мекен коргоочуга Украинанын Баатыры наамы ыйгарылган, алардын тогузу каза болгондон кийин берилди.

    Украинанын президенти соңку сааттарда телефон аркылуу Норвегиянын, Израилдин, Казакстандын, Катардын, Канаданын, Польшанын жана Европа кеңешинин лидерлери менен сүйлөшкөнүн айтты.

  7. Орусиянын күчтөрү Киевдин тургундарына коопсуз чыгып кетүүнү сунуштоодо

    Киев

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Орусиянын күчтөрү Киевдин жашоочуларына Васильков шаарына кетүүгө шарт түзүп беришерин Москвада расмийлер билдирди.

    Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков мамлекеттик телеканалда сүйлөп жатып ушул сунушту айтты.

    “Жай тургундардын чыгып кетүүсү үчүн Орусиянын аскерлери тарабынан эч кандай тоскоолдук көрсөтүлбөйт”, — деди Конашенков Россия 24 телеканалынын үзгүлтүксүз жаңылыктар эфиринде.

    Орусия ушуну менен экинчи жолу Киевдин тургундарына чыгып кетүүнү сунуштап жатат. Дүйшөмбү күнү Конашенков ушундай эле сунушту айтып, Васильковго барган жол “ачык жана коопсуз” экенин жарандарга айткан.

    Бирок бир апта мурда башталган чабуулдан бери Васильков орустардын катуу аткылоосуна туш болгон.

  8. БУУ: Бир миллион адам Украинадан качып кетти

    Бириккен Улуттар Уюмунан айтышкандай, бүгүнкү күндө Украинадан кошуна мамлекеттерге качып барган адамдардын саны бир миллионду түздү.

    Адамдардын агылып кетүүсү жети күндүн ичинде эле ошол санды түзгөн. Орусия өткөн бейшембиде кол салган болчу.

    Би-Би-Синин журналисти Луис Гудол белгилегендей: “2015-жылдагы качкындардын кризиси 1,3 млн кишиге тийген. Украинадагы сандар бир аптанын ичинде эле ал көрсөткүчтөн ашып түштү”.

    Твиттерде өзүнүн билдирүүсүндө БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди өлкө ичинде калган миллиондогон адамдарга “жашоосун сактап калуу үчүн гуманитардык жардам жеткирүү үчүн куралдардын үнүн өчүрүүгө” чакырды.

    Агенттиктин божомолу боюнча, чыр-чатактан улам 12 миллиондонй адам өлкө ичинде турак-жайын таштап, жардамга муктаж болот.

  9. АКШ ушул күнгө чейин эмнелерди жасады?

    Байден

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Президент Байдендин “Биримдиктин абалы” аттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө тышкы саясаттын үлүшү көп болду. Өзүнүн жана башка мамлекеттердин соңку жети күндө Украинага көрсөткөн колдоосун жарыялагансыды.

    АКШ бүгүнкү күнгө чейин жасаган иштери:

    • Украинага $350 млн турган курал-жарактарды берди
    • $54 млн турган гуманитардык жардам жеткирди
    • Белгилүү орус банктарын Swift байланыш системасынан чыгарды
    • Орусиянын улуттук банкынын рублди коргоо күчүн чектеди
    • Олигархтардын активдерин камоо жана тоңдуруу боюнча трансатлантикалык топко кошулду
    • Орусиянын учактарына АКШнын аба мейкиндигин жапты
    • Андан тышкары Ак үй жакынкы бир нече айда ыкчам жардам берүү үчүн Конгресстен кошумча $6,4 млрд сурады
    • Бирок Байден Украинада орустар менен согушка АКШ аскерлерин жөнөтпөй турганын дагы бир жолу баса белгиледи
  10. Айфон Орусияда сатылбай калды

    Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары Apple Орусияда сатууну токтоткон дагы бир ири компания болуп калды.

    iPhone жана macbook өндүрүүчү компания Орусиянын чабуулуна тынчсызданып жатканын жана "зордук-зомбулуктан жапа чеккендерди" колдоп жатканын билдирди. Өлкөдө ApplePay жана башка кызматтар чектеле баштады.

    Макаланы толугу менен бул жерден окуңуз:

  11. Украинада түн ичинде кандай окуялар болду?

    Орусиянын күчтөрү Украинанын эки ири шаары Харьков менен Киевге бастырып баратат. Украинада таңкы саат 7ден өтүп калды.

    АКШнын президенти “Биримдиктин абалы” аттуу жыл сайын өтүүчү республикалык иш-чарада убактысынын көбүн Украинадагы кырдаалга арнады.

    Төмөндө түндөсү болуп өткөн окуялардын топтому:

    • Орусиянын десантниктери соңку сааттарда Харьковго түшүп, Украинанын экинчи ири шаарына кол салышты. Кечээги бомбалоонун натыйжасында ондогон жай тургундар мүрт кетишти
    • Украинанын жергиликтүү бийлигинен айтышкандай, Херсон шаарчасы Орусиянын күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүп кеткен
    • АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын учактарына Американын аба мейкиндигинде тыюу салды
    • “Биримдиктин абалында” сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти: “Путин Киевди танктар менен курчашы мүмкүн, бирок ал Украинанын элинин жүрөгүн эч качан багынта албайт” деди
    • Украинанын АКШдагы элчисине “Биримдиктин абалы” иш-чарасында туруп кол чабышты. Оксана Макарова ушул аптада АКШнын мыйзам чыгаруучуларына аябай маанилүү маалыматты өткөрүп берди. Анын ичинде Орусия согушта тыюу салынган вакуумдук куралдарды колдонгону туурасында маалымат да бар
    • БУУдан айтышкандай, 600 миңден ашуун киши Украинадан чыгып кетишкен
    • Boeing менен ExxonMobil Орусия менен байланышын үзгөн Батыштын акыркы компанияларынан болуп калды
    • Ал ортодо Орусиянын шериги Беларус Украинанын түндүк жагындагы чек арада аскерлердин санын эки эсеге көбөйттү. Түндүктөгү орус күчтөрү Киевдеги өнөктүккө арналган
  12. Орусиянын ракеталык соккусунан Киевдеги телемунара зыянга учурады

    1-мартта Киевдеги телемунарага орустар эки жолу ракеталык сокку уруп, транформатор менен аппаратура зыянга учураган.

    Ошол жактан өтүп бараткан беш жай тургун мерт болгон.

    Телеканалдарды көрсөтүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.

    Киев

    Сүрөттүн булагы, Reuters

  13. Чукул кабар, Украинанын армиясы Харьковго абадан сокку урулганын ырастады

    Харьков

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуш башталгандан бери Харьков Орусиянын катуу аткылоосуна кабылды

    Орусиянын десантниктери курчоого алынган Харьков шаарына түшкөнү жөнүндө мурдараак тараган маалыматты Украинанын армиясы тастыктады.

    Украинанын күчтөрү берген маалыматка ылайык, абадан урулган сокку Харьковдо жана анын айланасындагы аймакта абадан айгай салынып жаткан чакта башталган.

    Билдирүүдө кошумчалангандай, орус күчтөрү аймактагы аскердик ооруканага чабуул коюп, салгылаш дале жүрүп жатат.

    Эң көп орус тилинде сүйлөгөн шаарда азыр таңкы 07:00 болоюн деп калды.

    Харьков Украинада акыркы күндөрү жаңжалдан эң көп жабыркаган жайлардын бирине айланды.

    Шейшембиде Украинанын экинчи ири шаарынын административдик имаратына жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөрдө ракета келип тийген. Натыйжада асманга от шары чачырап, машинелер менен жакын турган имараттар өрттөнгөн.

    Дагы бир сокку шейшемби күнү кийинчерээк Харьковдогу адамдар отурукташкан аймакка урулган. Украинанын президенти Владимир Зеленский аны согуштук кылмыш деп атады.

    Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, шейшембиде Харьковдо бери эле дегенде 17 киши мүрт кетип, ондогон адамдар жаракат алышты.

    Айрым эксперттердин ою боюнча, адамдар отурукташкан аймакка кол салуу менен Орусия Украинанын согушуу кудуретин алсыздантууга аракет кылган болушу мүмкүн.

  14. Байден: “Украинага жана дүйнөгө катасыз белги берели”

    Байден

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Украинадагы кырдаал курчуп жаткан чакта АКШнын президенти Жо Байден “Биримдиктин абалы” аттуу жыл сайын өтүүчү республикалык иш-чарада Орусиянын чабуулу жөнүндө сөз сүйлөдү.

    “Алты күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин эркин дүйнөнүн пайдубалын титиретүүгө аракет кылды. Ал коркуткан жүрүм-турумуна моюн сундурам деп ойлоду”, — деди Байден.

    “Бирок ал эсептен катуу жаңылды”.

    Ал Украинанын элин “[Путин] эч элестетпеген бекем дубал” деп сүрөттөдү.

    Байден украин кесиптеши Владимир Зеленский менен украиналыктарды “дүйнөнү шыктандырган эр жүрөктүгү, тайманбастыгы жана чечкиндүүлүгү” үчүн алкады.

    Ал АКШдагы Украинанын элчисин (ошол залда олтурган) туруп, даңктоого алынышын айтты.

    “Ушул залда олтурган ар бирибиз бүгүн Украинага жана дүйнөгө катасыз белги берели”, — деди ал.

  15. Видео: ракета Харьковдун борборуна тийди

    Украинанын тышкы иштер министри Харьковдогу Эркиндик аянтындагы жардыруу тартылган видеону Твиттер баракчасына жазып, Орусиянын президенти Владимир Путинди согуш кылмыштары үчүн айыптады. Ал дүйнөнү Орусияны обочолонтууга чакырды.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы

  16. Чукул кабар, Түндүк-чыгыштагы Ахтырка жергесинде 70тей украин аскери өлдү

    Ахтырка

    Сүрөттүн булагы, Dmytro Zhyvytskyi/Telegram

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахтыркага бери эле дегенде 70 украин аскери набыт болгон

    Украинанын расмийлери азыр эле ырасташкандай, жекшембиде Орусиянын абадан урган соккусунан бери эле дегенде 70 украин жоокери каза болгон.

    Чабуул Сумы аймагындагы Ахтырка жергесинде болгон, ал азыр да орус күчтөрүнүн аткылоосунда. Дүйшөмбү күнү тез жардам кызматкерлери урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жүрүшкөн болчу.

    Украинанын парламенти аскерлерге таазим этип, “Украинанын баатырларына түбөлүк даңк” деп Твиттерде жазып чыкты.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы

  17. Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар

    Украинада миңге чукул кыргызстандык бар экени маалым. Кыргызстандын элчилиги аркылуу алардын бир бөлүгү Венгрияны көздөй эвакуацияланды.

    “Биз бүгүн биринчи жолу кыргызстандык жарандарды бир жерге чогултуп, автобус Венгрияга кетти. Эки дипломатыбыз коштоп жөнөдү. Мен аларды узатып, кайра өзүм жашаган тарапка кетип бара жатам. Бардык жерде блокпост коюп, унааларды текшерип, өткөрүп жатышат”, -деди диаспоранын өкүлү Азамат Исмаилов.

    Украинадан Венгрияны көздөй жолго чыккан 110 кыргызстандык узак жол басат. Болжолдуу 18-20 саат экени айтылууда. Каалоочулар ал жактан Түркия аркылуу Кыргызстанга уча алат.

    “Биздин кызматкерлер чек арага жөнөдү. Ал жактан тосуп алышат. Венгрия тараптан алынган автобуска отургузуп, Будапештке алып келе турган планыбыз бар. Биздин жарандардын бир тобунун колунда билеттери бар. Алар түз эле аэропортко барышы мүмкүн. Баары бир күндө учуп кете албайт. Ошондуктан 2-3 күн Будапештте мейманканага жайгаштырып, Бишкекке учканга чейин элчиликтин кызматкерлери жанында болот”,- деди Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков.

    Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Украинада соода-сатык, IT тармагы, кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Арасында бул өлкөнүн жарандыгын алгандар да бар.

    YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт. YouTube мазмунунда жарнама болушу мүмкүн

    YouTube посттун аягы

  18. Соңку окуялардын топтому

    Киевде таңкы саат 7 болуп калды. Орусиянын Украинага чабуулу башталгандан бери алты күн өттү.

    Билишиңиз керек болгон орчундуу окуялар төмөндө:

    • Орусиянын армиясы Киевди көздөй туруктуу баратат. Спутниктен тартылган сүрөттөр көрсөткөндөй, чубалжыган куралдуу колоннанын узундугу болжолдуу 60 километрдей
    • Орусиянын күчтөрү түштүктөгү Херсон шаарына жерден чабуулга өтүшкөнүн күбөлөр айтып жатышат
    • Өлкөнүн ар кайсы аймактарында түнү менен жарылуулардын дабыштары угулуп чыккан
    • Расмийлердин айтымында, ондогон жай тургундар өлтүрүлгөн, бирок сандар азайтылган деп айтылууда
    • Киев менен Москванын делегаттары жаңжалды токтотуу үчүн дүйшөмбү күнү Беларуста сүйлөшүү жүргүздү. Бирок алар жакынкы күндөрү кайра жолугушуудан башка эч кандай макулдашууга жеткен эмес
    • Тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан болсо да Орусия Харьков, Киев, Чернов шаарларын аткылаганын билдирди Украинанын президенти Зеленский
    • Президент Зеленский Орусияны БУУнун Коопсуздук кеңешинен биротоло чыгарууга чакырды
    • Украина Европа Биримдигине кошулуу боюнча расмий арыз менен кайрылды. Бери эле дегенде Евробиримдиктин сегиз мүчөсү анын арызын колдоду
    Украина

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

  19. Өлкө боюнча абадан айгай угулууда

    Украинада таң ата баштаганы абадан айгай салына баштады.

    Би-Би-Синин украин кызматы маалымдагандай, Киев менен катар өлкөнүн батышындагы Тернополь, Винница, Ровно шаарларында, борбордук бөлүгүндөгү Черкассы жана Кропивницкий жергелеринде да агайлар угулууда.

  20. Mastercard Орусиядан транзакцияларды бөгөттөйт

    Mastercard компаниясынан билдиришкендей, Орусия Украинага басып киргенине байланыштуу киргизилген санкциялардан улам өзүнүн төлөм системасы аркылуу көптөгөн транзакцияларды бөгөттөгөн.

    Mastercard

    Сүрөттүн булагы, Getty Images