Украина менен Орусия гуманитардык коридор берүү боюнча макулдашты

Сүрөттүн булагы, MAXIM GUCHEK/BELTA/TASS
Беларустун Беловежа чер токоюнда Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болду. Тараптар жай тургундарды эвакуациялоо жана согуш жүрүп жаткан аймактарга дары-дармектерди жеткирүү үчүн гуманитардык коридор берүүнү макулдашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешип чыгарылган коммюникеде (билдирүүдө) “эвакуация жүрүп жаткан аймактарда ок атышууну убактылуу токтотуу” мүмүкүнчүлүгү каралганы айтылат.
“Ошондуктан жакынкы убактарда байланыштын жана кызматташуунун атайын каналдары түзүлүп, тиешелүү логистикалык процедуралар башталат”, — делет документте.
Украинанын президенттик администрациянын башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк журналисттерге маалымдагандай, украин тарап өзү көздөгөн жыйынтыктарды ала алган эмес, бирок тараптар “гуманитардык өңүттү жетиштүү деңгээлде талкуулашкан”.
Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды “олуттуу прогресс” деп атады.
Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы жакынкы күндөрү өтөрү пландалууда, бирок убактысы тактала элек.
Делегация мүчөлөрү ошол бойдон: сүйлөшүүлөрдө орус тараптан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов, Мамдуманын эл аралык комитетинин башчысы Леонид Слуцкий жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышууда.
Украинанын делегациясынын курамында коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Рададагы “Элдин кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана президенттик администрациянын башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк бар.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Жакында эле орус делегациясынын башчысы Мединский кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ок атышууну токтотуу маселеси да талкууланарын айткан.
“Биздин сунушубуз үч бөлүктөн турат. Анын аскердик-техникалык өңүтү, гуманитардык-эл аралык жана саясий өңүттөрү бар”, — деп маалымдады кийинчерээк Мединский.
Украина делегациясы гуманитардык коридор маселесин “минимум программа” деп атады.
Сүйлөшүүлөр эки саатка кечигип башталды: саат 15:00те башталары пландалып жаткан, бирок ошол учурда Михаил Подоляк өзүнүн Твиттерине сүрөт чыгарды. Фотосүрөттө ал Давид Арахамия менен тик учакта учууга даярданып отурганын көрүүгө болот.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Сүйлөшүүлөр шаршембиде өтүшү керек болчу, бирок ал өтө турган жер талкууга түшүп жылып кеткен. Беларустун тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүүлөр Беловежа чер токоюндагы “Аңчынын үйүндө” өтүшү керек болчу.
Шаршемби күнү кийинчерээк жолугушуунун уюштуруучуларына жакын беларустук саясат таануучу Юрий Воскресенский “Интерфакска” билдиргендей, украин делегациясы сүйлөшүү өтө турган жайга жетүү үчүн логистикалык маселеге туш болгон.
Украинанын делегациясы сүйлөшүүлөр башка жайда өтө турганын тез эле ырасташкан.
“Беловежа чер токоюнда сүйлөшүү өтөрү туурасындагы маалымат чындыкка дал келбейт. Сүйлөшүүлөр чын эле болот, бирок башка жерде. Кенен маалымат кийинчерээк берилет”, — деп жазган Фейсбукта украина делегациясынын өкүлү Давид Арахамия.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бейшемби күнү эртең менен Украинаны сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат деп айыптаган.
“Сүйлөшүүлөрдү жылдыруу үчүн Украина тарап дагы кандайдыр бир шылтоо тапты. Алар Вашингтондон көрсөтмө алса керек да. Бул өлкө өз алдынча эмес экенине эч кандай күмөн жок. Бирок сүйлөшүүлөр өтүшү керек”, — деген ал.
Орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Телеграм каналында Украинада адамдар өлүп жатса, украина делегациясы “камерада жакшыраак көрүнөйүн деп ыңгайлуу жай тандап жатышат” деп жазып чыкты. (EA)












