Зеленский: Куудулдан Украина президентине чейинки жол

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Качан Владимир Зеленский биринчи жолу теле экрандарда Украинанын президенти катары чыккан кезде ал популярдуу сериалда актер катары тартылган болчу.
Бирок кийин 2019-жылдын апрелинде жашоо искусствону туурап, ал чын эле президент болуп калды. Азыр ал 44 млн калкы бар өлкөнү жетектеп, чек арасынан өтүп барган Орусиянын аскерлеринин коркутуусуна туш болуп олтурат.
"Элдин кызматчысы" аттуу сериалда ал бактылуу кокустуктун аркасы менен президент болуп калган жупуну тарых мугалиминин образын жаратат. Коррупцияга каршы ачуу сөздөрдү айткан анын видеосу интернетте вирустук видеого айланып кеткен болот. Ал саясаттан көңүлү калган украиналыктардын кыялын чагылдырган жомок десе да болот.
Зеленский президенттикке аттанып жатканда саясатты тазалап, өлкө чыгышына тынчтыкты орнотууга убада берген жана партиясын "Элдин кызматчысы" деп атаган.
Азыр Украинанын чек арасын бойлой жайгашкан Орусиянын күчтөрү улуттук лидер болуу ыктымалдыгы төмөн кишини эл аралык кризистин чордонуна сүрүп келди.
Украинанын колдоосуна таянган 44 жаштагы президентке калктын тынчын албоо үчүн ичке кылдан басып өтүүгө жана ошол эле учурда Батышка кайрылып, дүрбөлөң жайылтпоого чакырууга туура келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маңдайга жазылган комедия
Ал президенттикке адаттан тыш жол менен келди.
Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарында жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Владимир Зеленский Киев улуттук экономикалык университетинде юридика багытында билим алган. Бирок анын маңдайына жазылган нерсе комедия болуптур.
Жаш кезинде ал Орусиянын телеканалында командалык тамаша таймаштарына үзгүлтүксүз катышчу. 2003-жылы ал өзүнүн "Квартал 95" тобунун аталышы менен ийгиликтүү ТВ өндүрүш компаниясын түзгөндөрдүн бири болгон.
Компания Украинанын 1+1 каналына берүүлөрдү даярдап чыгарган. Аталган каналдын чырлуу кожоюну Игорь Коломойский кийинчерээк Зеленскийди президенттикке аттанганда колдогон.
2010-жылдын ортолоруна чейин анын ТВ карьерасы жана "Чоң шаардагы сүйүү" (2009), "Ржевский Наполеонго каршы" (2012) аттуу тасмалары анын башкы багыты болуп турган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Элдин кызматчысы
Зеленскийдин саясий талаага келүүсүнө 2014-жылдагы толкундоолор түрткү болгон. Анда Украинанын орусиячыл президенти Виктор Янукович бир нече айга созулган акциялардан кийин кызматтан кеткен болчу. Анда Орусия Крымды тартып алып, Украинанын чыгышындагы сепаратисттердин украин бийлигине каршы согушун колдогон жана ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Бир жылдан кийин, 2015-жылдын октябрында, 1+1 телеканалында "Элдин кызматчысы" сериалы башталып, Зеленский Василий Голобородко аттуу кишинин образын жаратат. Аталган каармандын эң жогорку кызматка шамалдай тездик менен жетүүсү актердун өзүнүн жашоосунда да орундалды.
Ал иштеп жаткан президент Петро Порошенкодон озуп, алдыга суурулуп чыкты. Порошенко атаандашы Зеленскийди саясатка жаңыдан кадам таштап жаткан адам катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен шайлоочулар андан артыкчылыкты байкашкан.
Ал 73,2% добушка ээ болуп, 2019-жылдын 20-майында Украинанын алтынчы президенти болуп кызматка киришти.
Донбасстагы туюк жол
Ал Украинанын чыгышындагы чыр-чатакка чекит коюуга берген убадасын аткарууга аракет кылды. Өлкө чыгышындагы жаңжалдан 14 миңден ашуун киши каза болгон.
Башында ал мунасага келүүгө аракет кылган. Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, камактагыларды алмаштырышып, Минск тынчтык келишиминин айрым бөлүктөрүн ишке ашыруу багытында кадамдар ташталган. Бирок алар эч орундалган жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жарашуу аракети Орусиянын президенти Владимир Путиндин басып алынган аймактарда жашагандарга орус паспортун берүү чечими менен бузулуп кетти. Ок атышуу келишими 2020-жылдын июлунда күчүнө кирип, бирок ок атышуу маал-маалы менен болуп турган.
Зеленский болсо Украинаны Европа Биримдигине жана НАТО аскердик альянсына мүчөлүккө киргизүүгө чечкиндүү түрдө кадам таштап, андай аракеттер Орусиянын президентинин ачуусун келтирди.
Кээде өлкө башчысы катары ал сөзүн угузуу үчүн көп тырышкан. Сынчылар анын саясий тажрыйбасы жок экенин белгилешчү.
Бирок Орусия бастырып кирейин деп жатат деген Батыштын эскертүүсүнө укканда Зеленский токтоолук менен сегиз жылдан бери согушуп келаткандыктан ал жаңылык эмес экенин айткан:
"Биз качан провокацияга алдырбаганыбызда чыдамыбыз чагымга таасир этиши мүмкүн, бирок биз тоодой ар намысыбыздан тайбайбыз".
Ал 16-февралды улуттук Биримдик күнү деп жарыялап, украиналыктарды биримдикке чакырууга аракет кылды. Ал фронт чегиндеги жоокерлерге тынбай барып жатты.

Сүрөттүн булагы, Sarah Rainsford/BBC
Орусиянын аскердик коркунучу аны НАТОго кирүүдөн баш тарттырышы мүмкүнбү деп сурашканда ал үчүн президент катары эң маанилүү нерсе өлкөсүн жоготпоо экенин Би-Би-Сиге айткан: "Бизге кепилдиктер керек. Ал жөн эле төрт тамга эмес. Биз үчүн НАТО - коопсуздуктун кепилдиги".
Ким чоң?
Шайлоо өнөктүгүндө берген дагы бир убадасы да аткарылбай калды: ал байлыгы ашып ташкан украиналык олигархтардын саясий жана экономикалык таасирин ооздуктоо эле.
Анын Игорь Коломойский менен болгон байланышынан улам сынчылар шектенип келишкен. Коломойский - Зеленскийдин шайлоо өнөктүгүн колдогон медиа империя магнаты.
Бирок ал "деолигархташтыруу" боюнча өзүнүн иш-аракетин күчөткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын өкмөтү Украинанын айрым белгилүү олигархтарын бутага алган. Мисалы, орусиячыл оппозиция лидери Виктор Медведчук. Ага саткынчылык сыяктуу айып тагылып, үй камагына алынган. Медведчук аны "саясий репрессия" деп атаган.
Анын артынан олигархтарды юридикалык түрдө аныктаган жана чектөөлөргө алган, мисалы саясий партияларды каржылоого тыюу салган мыйзам иштелип чыккан.
Бирок айрым сынчылар Зеленскийдин коррупцияга каршы чараларын негизинен "косметикалык" формада көрүшүп, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясын канааттандыруу аракети катары кабыл алышкан.
Алмайдын бермейи
Байдендин колдоосуна ээ болуу үчүн Зеленский олдоксон учурларды баштан өткөргөн.
2019-жылы республикачыл президент Доналд Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө "бир өтүнүчүн" билдирген. Трамп Байденге каршы коррупциялык иштерди иликтөөнү Зеленскийден өтүнгөн. Ал кезде Байден демократтардан президенттикке аттанган фаворит болуп турган эле.
Өтүнүчтү орундатса Зеленский Вашингтонго барып, аскердик жардам алмак.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүйлөшүүнүн деталдары коомчулукка чыгып кетип, Трампты Украинанын президентине мыйзамсыз басым жасады деп айыпташкан. Анткени Зеленский Трамптын саясий атаандашы туурасында каралаган маалыматтарды таап бериши керек болчу.
Трамп эч кандай туура эмес иш жасабаганын айтып көшөрсө, Зеленский "алмай-бермей" болбогонун билдирген. Анан демократтар Трампка импичмент жарыялап, кийин ал акталган.
Пандора кутусу
Зеленскийди деле чуулгандуу окуялар кыйгап өткөн эмес.
2021-жылы октябрда Пандора документтеринде анын ысымы аталып өткөн. Аталган документтерде дүйнөнүн эң бай жана таасирдүү адамдарынын жашырын байлыгы ашкереленген эле.
Анда Зеленский менен анын жакын чөйрөсү оффшордук компаниялардын бенефициарлары болгону ачыкка чыккан.
Бирок Зеленский документтерден эч кандай жаңы маалымат албаганын айтып, өзү да, анын "Квартал 95" компаниясындагылар да акча адалдоого аралашпаганын билдирген. (EA)











