Украинадагы согуш эмне менен бүтөт? Үч болжолдуу сценарий

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Россия Украинада баштаган согуш эмне менен бүтөрү бүдөмүк болуп турганда, кырдаалдын кандай өнүгөөрүнүн ар кандай сценарийи талкууга алынууда. Путиндин Россиянын өзөктүк куралын өзгөчө согуштук даярдыкка келтирүүгө буйрук бергени өзүнчө бир отко май бүрккөн кабар болуп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нейтралитет
Эл күткөн жакшы сценарий - ок атышуулардын, кан төгүүнүн токтошу. Бул эми көп жагынан алганда Москванын койгон шартына Киев канчалык макул болот, ошого жараша ишке ашат. Эки өлкө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп баштады, Украина нейтралитет макамын талкуулаганда даяр экенин билдирүүдө.
“Украинанын нейтралитет макамы гана сактап калат. Стратегиялык кол салуу куралдары жок өлкө болушу керек. Өзөктүк мамлекетке айланбашы керек, химиялык лаборатияларды курбашы керек. Өзүнүн аймагына НАТОнун оперативдүү-тактикалык ядролук куралдарын койдурбашы керек. Путин ушуга макул болот. Андай болбосо, башка варианттары боюнча абдан кыйын болот. Россия киргенден кийин аскерин кайра оңой менен чыгарбайт. Бул түрк армиясынын күрд козголоңчуларына каршы согушу эмес. Анткени, Курдистан дүйнөдөгү мамлекет статусу жок эл да. А Украина таанылган, статусу бар мамлекет. Ошондуктан менин оюмча Украинаны нейтралдуу макамка Путин мажбурлайт. Эрдоган же Британия, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери кийлигишип, ортомчу болгондо Путин ынанып, макул болот. Бирок көзөмөлдөөчү системаны өзүнүн колунда кармайт. Путиндин кол астында кандай коркунучтуу оперативдүү маалымат жатат, аны айтыш кыйын. Оперативдүү каналдар менен адамзат көп жагынан билбеген маалымат келет да”,-дейт Бишкектик эксперт Турат Акимов.
Ырас, Батыш өлкөлөрүнүн кеңири колдоосуна ээ болуп, жардам алып жаткан Украина дагы Москвага өзүнүн шарттарын коет. Аны дароо эле Москванын ыгына көнөт деп айтууга болбойт.
Бирок, сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай, создугуп кетсе, Россия күчтөрү Украинаны баш калаасы Киевден бери ээлеп алган күндө дагы кырдаалды көзөмөлдөп турганга күчү жетеби? Украин армиясы жеңилген менен партизандык кыймыл күчөп кетиши мүмкүн. Дагы бир Ооганстан пайда болбойбу? Бир жагынан Ооганстандагы партизандык согушту Советтер союзу да, АКШ дагы жеңе алган жок. Ошол эле учурда АКШнын Сирияда соңку он жылда партизандык топторду даярдоо аракети өзүн актаган жок.
Россиянын буга күчү жетет дейт Турат Акимов: "Путинде эки чоң глобалдык согуштун методикасы бар. Партизандык согушту оңой эле жеңет. Анткени, Кавказда он жылдык согушту бүтүргөн. Сириядагы “Ислам мамлекетин”, башка кылмыштуу топтордун баарын талкалаган. Ошондуктан орус армиясынын методологиясы күчтүү”.
Бирок Азыр батыш өлкөлөрү Россияга оңбогондой оор санкцияларды салып баштады. Батыш өлкөлөрү Россиянын учактарына аба мейкиндигин жапты, орус банктарын өздөрүнүн финансы системасынан чыгарып жатышат. Бүт батыш өлкөлөрү орус газынан баш тарткан жатат. Мындай санкциялар Россияны да алсыратпай койбойт, анда эмне болот?
“Орустар чыдайт, алардын өздөрүнүн айтканы бар: Мы выдержали Ленинградскую блокаду. Была бы водка, картошка и селедка. Остальное чепуха”,-дейт Турат Акимов.

Сүрөттүн булагы, EPA
Югославия варианты
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын чыгышы менен батышындагы саясий маанай эки башка экенин эске алганда, Зеленский өлкөнү нейтралитет жолуна баштаган менен элден бирдиктүү колдоо болушу кыйын. Буга өлкө батышындагы региондор караманча каршы болуп, баш ийбей коюшу мүмкүн. Мындай шартта Украинанын Югославия варианты боюнча чачырап кетиши ыктымалдыгы бар дешет.
“Согуштук аракеттер Украинынын чыгышында, түштүгүндө болуп жатат. Ошол эле Меритополдун жашоочуларынын реакциясына карасак, келген орус аскерине бир топ эле лоялдуу. Коомдун бир бөлүгү колдойт болуш керек, балким азыраак бөлүгү каршы чыгат. Ал эми батыш Украина аймагын алсак, ал жакта кырдаал кыйла эле катаң болот. Биринчи кезекте Галиция областын айтып атам. Азыркы күнгө чейин бир нече сценарий бар. Анын бири Югославия сценарийи. Чыгыш менен Батыштын айырма-ажырымы чоң. Кандай гана болбосун азыркы саясий элитанын бир бөлүгү менен эсептешүүгө туура келет, бул түшүнүктүү. Бирок бирдиктүү мамлекет катары жолду улантуу кыйын болот”,-дейт РМГУнун постсоветтик чет өлкөлөр кафедрасынын доценти Александр Гущин.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк согуш
Бул Украинадагы согуштун эң жаман, эң акыркы аргасыз варианты. Азырынча согуш эки өлкөнүн ортосунда жүрүп жатат. АКШ баштаган батыш өлкөлөрү бул согушка түздөн түз кийлигишкен жок, бирок Украинага чоң аскердик жардам көрсөтүүдө, курал-жарак жана каржы жагынан каралашууда. Ал эми Россиянын аракеттерин тизгиндеш үчүн ага олчойгон эл аралык санкцияларды салууда. Ошондуктан эксперттер аны кайсы бир деңгээлде глобалдык контексте Россия менен Батыштын кармашы катары дагы карап жатышат.
“Бул дүйнөлүк үчүнчү согуштун башталышы, Россия Украинага эле эмес, бүтүндөй Батыш дүйнөсүнө, АКШга, Европага каршы согуш баштады. Бул согуштун кесепети эң биринчи Россия менен Украинага тиет, ошондой эле бүт дүйнөгө да зыяны болот”,-дейт Хельсинки университетинин Александров институтунун профессору политолог Владимир Гельман.
Бирок кайсы учурда бул конфликт масштабдуу үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн?
“Эгерде Россия Украинанын каршылыгын ылдам сындырып койсо. Ошондо башка өлкөлөрдү дагы ушундай оңой сындырып кое алат экенбиз деген эрдемсүү пайда болот. Көп нерсе Украина канчалык күчтүү каршылык көрсөтө алат жана азыр айтылып аткан тилектештик сөздөрү реалдуу ишке айланып, Украинага кандай жардам болот, кеп ошондо”.
Эң башкысы азыркы кырдаалды үчүнчү сценарийге айланып кетүүдөн АКШ баштаган батыш өлкөлөрүнүн сабырдуу позициясы сактап турат. Бул жөнүндө президент Байден 26-февралдагы сөзүндө так айтып кетти:
«Эки вариант бар эле: үчүнчү дүйнөлүк согушту, Россия менен физикалык согушту баштоо же экинчи вариант: эл аралык укукту тебелеген өлкө өзүнүн тийиштүү жазасын алышы керек эле".
Путиндин өткөн жылы "Валдай" клубунун жыйынында "бири-бирибизди толугу менен жок кылып жибере турган коркунуч бар, унутпайлы" деп айтканы бар.
Так ушул коркунучтан улам дүйнөлүк аскердик державалар кескин жүрүштөрдөн, чечимдерден карманып, бири-бирин урматтап, бири-бири менен эсептешип келди.
Ошол эле учурда орус лидери Россиянын өзөктүк куралын өзгөчө согуштук даярдыкка келтирүүгө буйрук берди. Өзөктүк куралды колдонуу ыктымалдыгы канчалык?
"








