Эсенбай Нурушев: “Оторчулуктан кийинки оору менен жашап атабыз”
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Британиянын Кыргызстандагы элчиси өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити аны британиялык чалгынчы деп жарыялаган маалыматтарды четке какты. Чарльз Гаррет эч качан MI 6 кызматына иштебегендигин билдирип, жалган маалыматты төгүндөө өтүнүчү менен өкмөттүк гезитке кайрылды.
Аталган гезиттеги макалада батыш өлкөлөрү бейөкмөт уюмдарга жамынып, Кыргызстанда бийликке каршы маанайды курчутуп, элди көтөрүп келгени айтылып, ал иштердин негизги координатору катары британ элчиси аталган. Гезиттин жетекчилери элчинин төгүндөгөн билдирүүсүн жарыялаганы жатышканын билдирди.
End of "Темиров террорист эмес". Коррупцияны иликтеген журналистти кармоо катуу резонанс жаратты
Бул макала Кыргызстанда батыш саясатын, сырттан гранттык колдоо алган бейөкмөт уюмдарды жамандаган маалыматтык тенденция күчөгөн убакта жарыяланды. Мындай көрүнүштөр өкмөттүк гезиттин деңгээлине чейин жеткени эмнеден кабар берет? Би-Би-Си бул көрүнүштү коомдук ишмер, белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен талкуулады.
Э. Нурушев: Оторчулуктан кийинки оору, орусча айтканда постколониальный синдром деп коет. Канча кылым орус империясынын алдында жашадык, СССР да өзүнчө империя болду. Биздин кулк-мүнөзүбүз, ойлорубуз, баардыгы ошолордун оролунда калыптанып калды. Эркиндикке келгенде, белимчидей болуп, метрополия эмнени айтса, ошону кайталай берет. Себеби, өз алдынча бийлик кылганга, жол тапканга көнгөн эмес да.
Бул бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн мисалы ушундай. Бизде ошондой көрүнүштөр башынан эле болуп келатат. Отуз жылдын ичинде кыргыз таптакыр башка болуп кетти деген ойдон таптакыр алыс болуш керек. Ошол эле адат менен, үйрөнгөн адат менен жашап келатабыз. Орустар Россияда кандай айтса, ошону окуп, ошону кайталап атпайбызбы. Оторчулуктуан кийинки оору деген ушул.
Би-Би-Си: Кыргызстандын бир бурчунда чыр-чатак чыкса эле аны дагы батыштын кылыгы деп жоруган конспиративдик макалалар көбөйүп баратат. Жакында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда дагы Британиянын изи бар деп далилсиз эле оозу-мурду кыйшайбай туруп эле ойдон чыгарып жазышты. Бул атайын уюштурулган өнөктүккө да окшоп турат.
Э. Нурушев: Сөзсүз. Мындай иштердин артында кандайдыр бир күчтөр турат, идеологдор турат, ошолор таратат. Ошолор пайдаланат журналисттерди, маалымат каражаттарын.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азыр баары ала-була, көп. Бир түрдүү позицияда тура албайт азыр. Чындыкты жалаң гана мен айтып айтам деп бирөө чыга турган болсо, ага ишенбеш керек. Андай болбойт, турмуш өзү ушундай.
Өзүбүздүн эле 2020-жылы октябрда болгон окуяларды алалы. Ошондо Батыштын, тигил-бул жактын изи көрүнгөн жок, кыргыздар өздөрү эле жасады деп атышпайбы. Ошондо да кыйынсынган политологдор чыгып, жок, бул жерде батыштын изи бар, көрбөй атат деп айтып атат. Көрбөй атса эмне, азыркы бийликти батыш алып келип койдубу? Сооронбай Жээнбековду кеткин, бийликти Жапаров менен Ташиевге бергин деп батыштагылар айттыбы? Ошол эле батыш, БУУ, Евробиримдик, Россия баары айтпадыбы Жээнбековду кетпегин, биз сени гана тааныйбыз деп. Болбой эле кетип калбадыбы, муну кандай деп түшүнөсүң.
Конспирология бизде өтө өнүккөн. Үйүндө жатып алып эле, бул мындай болсо керек, түкүнчө тигиндей болсо керек, деп жомоктон жомок чыгарып, уламыштан уламыш жаратып жүрө берет. Масса деген ошондой болот, бул ошондой нерсеге эсептелинген.
Би-Би-Си: Украинанын айланасындагы кризис курчуп, Россия менен Батыштын тирешүүсү күчөп турганда геосаясаттын да таасири жок эместей.
Э. Нурушев: Биз азыр кимдин маалыматтык таасири астында жашап атабыз? Россиянын. Көргөнүбүз орустардын телеканалдары. Ал жерде баары эле акыйкатты айтып аткан жок. Карап турсаң ангажирленген, өздөрүнүн кызыкчылыгын жактап атат. Бирок аны тактап, таразалап, ойлонгон адам аз. Ошолор эмне айтса, анда ошондой экен деп эки кулакты делдейтип ишенип атышат.
Башкалар эмне деп атат болду экен деп кызыгып көрүш керек да. “Кактус-медиа” башка жактын маалыматын чыгара койду эле, кыргыздын эмес тажиктин кызыкчылыгына иштеп атат деп ызылдап баса калышпадыбы.
Мен бир мисал айтайын. Орустарда “Иностраннные СМИ” деген атайын сайттар бар. Анда жалаң Россияны, КМШ өлкөлөрүн, анын ичинде бизди жамандап жазган макалаларды толугу менен көчүрүп чыгарышат. Эмне үчүн? Себеби бир тараптуу болбосун, бир эле кудайга ишенип албасын, биякта да кудай бар деген саясат. Бир нерсени эле уга берсең, бир нерсени эле айта берсе, кулагыңа куя берсе, сен фанат болуп каласың, ал догма болуп калат. Ак-караны ажыратыш үчүн башкалардын да көз карашын билиш керек.
“Кактус-медианын” бардык кызматкерлерин прокуратурага чакырышты. Ушундай да болобу? Жок дегенде редакторун эле чакырбайбы. Бул Советтер Союзунун учурунда да болгон эмес.












