“Чет элдик агент”: бутада ММК жана бейөкмөт уюмдары
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз парламентинде бейөкмөт уюмдарын чет элдик агенттерге теңөө мыйзам долбоору кайрадан демилгеленип жатат.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
10-февралда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Надира Нарматова V чакырылыштагы айрым депутаттардын бул тууралуу демилгесин аягына чыгаруу үчүн төрага Талант Мамытовдон уруксат сурады.
2016-жылы Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарын “агент” деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду сунушташкан.
“Тилекке каршы, акыркы кезде бейөкмөт уюмдары ар кандай чуу салып, мамлекет ичинде тынчтык бербей келет. Урматтуу төрага, V чакырылышта экинчи окууда комитеттин деңгээлиндеги ал мыйзамды кайрадан көтөрүп чыкканга аппаратка же комитетке протоколдук тапшырма берсеңиз? Мамлекеттин тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн аларга “чет өлкөлүк агенттер” деген макамды бербейинче өлкөдө тынчтык болбойт экен. Сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдары иштеп жаткан бийлик бутактарына да тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат”,- деди Нарматова Жогорку Кеңеш трибунасынан 10-февралда.
Парламентте чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору бул жолу Кыргызстанда эркин ММКларга басым күчөп турган маалга туш келди.

Сүрөттүн булагы, Kloop
9-февралда “Kaktus.media”, “Клооп” жана “Азаттык” үналгысына каршы митинг өтүп, чогулгандар бул маалымат каражаттарынын журналисттерин чет элдик агент деп жарыялоону талап кылышты.
Ошол эле күнү журналисттердин таламын талашуучу "Медиа Полиси" институту көз карандысыз ММКларды медиа мейкиндиктен сүрүп чыгуу аракети болуп жатканын айтып, бийликке кайрылды:
“Kaktus.media басылмасына каршы акциялар Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын медиа мейкиндиктен жок кылууга коомду үндөө аракети болуп саналат. Бул тыянакты азыркы бийлик өзүнө карата айтылган сынга чыдабай, тескерисинче, сын айткандарга карата кылмыш ишин ачканынан улам чыгардык. Буга акыркы күндөрү Болот Темировго козголгон кылмыш ишин негиз келтирсек болот. Медиага эркиндик берүү - демократиялык коомдо атуулдардын укугунун эң негизги таянычы. Анын арты менен журналисттер коррупциянын бетин ачат, чиновниктерге суроо берип, бийликти коомдун алдында отчеттуулукка чакырат".
Буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Бактыбек Раимкулов ансыз деле бейөкмөт уюмдарын каржылык жактан кошумча отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам сунуштап, Жээнбековдун тушунда өтпөй калган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон эле.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Чет элдик агент тууралуу” мыйзам долбооруна ылайык бейөкмөт уюмдары менен журналисттердин ишмердигине карата кошумча дагы кандай эрежелер кирет, али белгисиз. Депутат Надира Нарматова бул туурасында азырынча комментарий бере элек.
Биринчи жолу “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам парламентке тээ 2014-жылы эле келип түшкөн. Анда жарандык коом бул мыйзам Россияда 2012-жылы кабыл алынган четтен каржыланган уюмдарды “тыңчы” катары таануу мыйзамынын көчүрмөсү экенин айтып чыгышкан. Документке ылайык, бейөкмөт уюмдар Соцфонд, Салык кызматына төлөмдөрдөн тышкары, Юстиция министрлигине да жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милденттерилмек.
Мыйзам алгач демилгеленген жылдары президент болуп турган Алмазбек Атамбаев Энелер күнүндө укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик агенттер” деп атаганы эсте. Ошондой эле Атамбаевдин бейөкмөт уюмдары четтен гранттарды алып, өлкөгө каршы иштейт деп айтканы да бар.
Буга териккен укук коргоочулар эл аралык уюмдардан алган гранттын өлчөмү мамлекет четтен жыл сайын алып жаткан гранттык каражаттардан алда канча аз экенин жооп кылышкан. Ошондой эле укук коргоочулар мамлекет үчүн деп соңку жылдары четтен алган акчанын эсеби тууралуу бийликтин отчет берүүсун да талап кылышкан.
Рита Карасартова, Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү өкүлү:

Сүрөттүн булагы, Official
“Жалпы келген донордук жардамдардын көбү мамлекетке түшөт. Мисалы, USAID жардамынын 96% мамлекеттик органдарга, анан калган 3-4% жарандык коомго бөлөт. Бейөкмөт уюмдарга бийлик туура иш жасап жатабы, акчаны туура коротуп атабы мониторинг жасасын деп бөлөт. Мисалы, Дүйнөлүк банк да жалаң гана мамлекет менен иш алып барат”, -дейт ал.
Буга чейин ошол эле “Kaktus.media” басылмасы өлкөдөгү эң көп грант алуучу мамлекет экенин эсептеп чыгып, Каржы министрлигинин маалыматынын негизинде Кыргызстан 2015-2017-жылдары эле ЕАЭБ, Евробиримдик, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы жана бир катар өлкөлөрдөн миллиондогон кайтарымсыз грант алганын эсептеп чыккан.












