"Темиров террорист эмес". Коррупцияны иликтеген журналистти кармоо катуу резонанс жаратты

Сүрөттүн булагы, Social media
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда бийликтеги таасирлүү адамдар калкалаган коррупцияны иликтеген журналисттин кармалышы коомчулуктун чоң нааразылыгын жаратты. Болот Темировдун кеңсесине ишембиде караңгыга жамынган милициянын куралдуу тобу барып, бүт баарын тинтип, анын өзүн кармап кетти. Бул окуянын алдында эле Temirov Live каналы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аралашкан коррупция жөнүндө жаңы иликтөө жарыялаган эле.
Ишембиде караңгы түшкөндө Болот Темировдун кеңсесине милициянын атайын куралдуу тобу басып кирип, андагылардын баарын жаткырып, тинтүүгө алышкан. Дал ошол маалда чөнтөгүнө бир нерсе салып коюшканын Болот Темиров аны алып кетип баратканда айтууга үлгүрдү.
“Алар тинтип жатып, кандайдыр бир зат таап алышты. Алар басып кирип келгенде баарыбызды полго жаткырышты. Эки кызматкер үстүбүздө отурду. Арткы чөнтөгүм ачык болчу. Анан, албетте, тинтип жатканда арткы чөнтөгүмөн жашыл нерсе салынган пакетик чыкты. Ал меники эмес”,-деди Болот адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган видеодо.
Ошол эле учурда иликтөөчү журналисттин эмне негизде кармалганын ИИМ расмий түрдө билдире элек.
Болот Темиров Кыргызстанда өзүнүн терең, эффективдүү иликтөөлөрү менен таанылган журналист. Аны сындыруу аракеттери буга чейин да болгон. Өзүнүн кеңсесинин жанында ага кол салуу болгон, журналист бул кимдир-бирөөлөрдүн буюртмасы менен болгон деп айтып келатат. Ал эми азыркы иликтөөсү менен Temirov Live командасы бийликтеги эң таасирлүү эки адамдын бирөөсүнүн каарына калды.
Команданын соңку иликтөөсүндө мамлекеттик мунай иштетүүчү заводду Камчыбек Ташиевдин жээни башкарып жатканы, андан чыккан мазутту Өзбекстанга сатып, бир ортомчу компания эки күндө 37 миллион сом таап жатканынын фактылары келтирилген.
“Эң негизгиси биз Ташиев жөнүндө иликтөөнү чыгарганга үлгүрдүк. Алар бул качан чыгат деп кызыгып турушкан. Көп окуялар болд, коркутуп-үркүтүүлөр, биздин паролду бузуу аракеттери. Биздин мүлкүбүздү алып кетип алар биздин кандай иликтөө жасаганыбызды билгилери келип жатат. Бизге эмне космостон жиберип жатыптырбы”,-дейт Болот.

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналисттин иликтөөсү Ташиев үчүн күтүлбөгөндөй иш болду. Анткени өлкөдөгү коррупциялык кылмыштардын баарын иликтеп, алардан миллиарддаган каражатты кустуруп, өзүн коррупция менен күрөштүн символу катары көрсөтүп келаткан бийликтеги эң таасирлүү эки адамдын бирөөсү өзүнүн иштерин башка бирөө иликтейт деп күтпөсө керек. УКМК төрагасы Темировдун иликтөөсүндөгү маалыматтарды жалган деп жооп берди, бирок анын билдирүүсү төгүндөөгө караганда актанууга окшоп калгансыйт:
“Темиров Live аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп!Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот,бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убарагерчилик. Мен өзүмө ишенемин жана эли журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасаймын”,-деп жазды Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына.
Темировдун кармалышына Кыргызстандагы жарандык коом, журналисттер текши нааразылык билдирип жатышат. Жекшембиде ИИМдин алдында сөз эркиндигин коргоо, Темировго тилектештик митингиси болору жөнүндө кабар таркады.
Кыргызстандын медиа коомчулугунун иш аракеттер Платформасы кайрылуу жарыялап, Кыргызстандын медиа коомчулугу Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин офисиндеги тинтүүлөрдү жүргүзүүнү жана Болот Темировдун кармалышын Кыргызстандагы сөз эркиндигине түздөн-түз кысым көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу, анын ичинде Конституция менен кепилденген журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу деп атады.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык коому жана эл аралык коомчулук “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдар менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө бут тосуунун болуп көрбөгөндөй аракеттерине күбө болуп жатышат. Күч органдары Болот Темиров жетектеген Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин командасына шектүү, ойдон чыгарылган айыптоолор менен басым жасоого аракет кылууда. Өзгөчө тинтүү жана техникаларды алуу иштери «Ташиевдердин кланына» байланыштуу иликтөө жарыялангандан кийин эртеси күнү болуп жатканы тынчсыздандырат, бул изилдөөдө журналисттер КР УКМКнын төрагасынын туугандары кантип «Кыргызстандын мунайзат магнаттары» болуп калганын айтып беришкен. Temirov Live командасы бул материалды даярдоодо ал жарыяланганга чейин эле ага байланыштуу аңдууларды байкап жана коркутууларды алып жатышканын жарыялаган. Мындай кырдаалда укук коргоо органдарын колдонуу - Болот Темировду айыптоонун жана анын командасын коркутуп-үркүтүүнүн артында бийликтин жогорку эшелонунун өкүлдөрү турат деген кейиштүү тыянактарды чыгарууга аргасыз кылат".
"ТЕМИРОВ ТЕРРОРИСТ ЭМЕС!..Журналист Болот Темировду "каракчыны" кармагандай кылып күч органдары менен алып кетиши аша чапкандык! Коомго чукул коркунуч жарата турган кылмыш жасоо аракетине далили болсо жоон топ күч менен кармашса макул дейт элек. Биздин билишибизче Темиров анчалык деле коркунучтуу жаран эмес болчу. Эми кандай болгон күндө дагы бул иш тыкыр иликтениши керек. Эгер, сөз эркиндигине кысым боло турган болсо бул кашкайган ката! Сөз эркиндигин чектейбиз дегендер өз эркиндигине залалы тийип калганын тарых тастыктап келет...",-деп жазды Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самйыкожо.
Эми бул окуя кандай багытта өнүгөт, кеп ошондо. Башкы прокуратура журналисттик иликтөөдөгү коррупцияны расмий түрдө кароого алып, андагы ишти объективдүү териштиргенге эрки жетеби же жокпу деген суроо турат. Ошол эле убакта президент Садыр Жапаров адилеттиктен тайып, өзүнүн досун калкалоого алабы же коомчулуктун талабын угуп, иликтөөчү журналистти каратып туруп ак жеринен кармаган күч органдарынын тизгинин тартып, тийиштүү чараларды көрөбү? Президенттин азыркы окуяга кандай мамиле кылары анын саясий бедели үчүн абдан маанилүү учур болуп калмакчы.












