Коррупцияга каршы күрөш: чалынган саясатчылар жана чаржайыт мыйзамдар

Коррупция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жаңы стратегиясы иштелүүдө. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мыйзамдар чаржайыт болуп жаткандыктан, жемкорлукка каршы күрөш натыйжа бербей жатат деп билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербей атканын 9-октябрда коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айта кетти.

“Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат”,-деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, Башкы прокуратура „Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө“ мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек.

Ошентип коррупцияга каршы күрөштүн алдыдагы багыты кандай жол менен жүрөрү кайсы бир деңгээлде түшүнүктүү болду. Бирок ошого карабай, бул жерде суроо толтура.

Эң оболу, коррупциялык кылмыштар менен кармалып, камалгандар көбөйбөсө, азайган жок. Кээ бири миллиондогон акча төгүп чыгып кетип атат, кээси көп айлап отурууда, бирок сотко жеткен иштер көрүнбөйт.

Кыргызстанда улам жаңы бийликке келген президенттин эки убадасынын бири коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө болот. Айткандай эле, Садыр Жапаров да бийликке келип жатканда ушундай убада берген. Бирок бир өзгөчөлүгү башкача жол менен барабыз деген.

"Райымды азыр алып барып беш секундда камап койсок болот. Ал төрт дубалда жата берет. Бир тыйын келбейт, анткени ал камалган соң эсептеринин баары жабылат. Ал өзү болмоюн акчалары которулуп келбейт. Мындайча айтканда кустура албайбыз. Сот иши жылдап уланат. Мына азыр конфискация кылабыз, камап жатып алып ишин тергейбиз десек анда макул бир үйүн, машинесин алат экенбиз, дагы бир имараттын алат экенбиз. Ал 24 миллион эмес, эки миллионго да чыкпаган мүлк болот да. Бир эле Райымбек эмес, башка коррупционердин баарын кустурабыз. Антпейби, анда камайбыз",-деген С.Жапаров.

Айткандай эле болду, өлкөдөгү бажыкананы башкарып турганда миллиондорду уурдаган чоң ууру кармалып, бирок эки миллиард сом мамлекетке төгүп берип кутулуп кетти. 

Андан кийин экс-премьер-министр Эл аралык медицина университетине лицензияны коррупциялык жол менен алган деп кармалып, эки ай абакта отуруп, бир млрд. сом төлөп кутулуп чыкты.

Матраимовду жактаган күчтөр Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Матраимовду жактаган күчтөр Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эң көп камоолор “Кумтөрдөгү” коррупциялык кылмыштар боюнча болду.

 «Кумтөр» компаниясын текшерип чыккан мамлекеттик комиссия «Центерра» менен келишимге кол койгон мурдакы президенттер менен өкмөт башчыларын саясий жана мамлекеттик коррупцияга айыптагандан кийин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Кумтөрдөгү" коррупция, экономикалык жана экологиялык зыян боюнча төрт кылмыш иш козгогон.

Алардын бири "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине каршы козголгон, ал эми калган үчөө коррупция, жерди мыйзамсыз берген, салыктан мыйзамсыз куткарган, экологиялык зыянга алып келген чечимдер боюнча. Алар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган узун тизменин арасында азыркы парламентте отурган депутаттардын өздөрү да бар экени айтылды.

«Бул убагында мамлекеттик жооптуу кызматта турган адамдардын кызматтык кылмыштары. Бул жакта бир нече мурдакы премьер-министрлер, депутаттар бар. Бизде убагында "Кумтөрдөн" материалдык колдоо алып турган депутаттарга материалдар бар",-деди Камчыбек Ташиев.

Айткандай эле болду, биринчи эле мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кармалды, алардын соңунан Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев, депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков темир торго түштү.

"Кумтөрдү" текшерген мамлекеттик комиссиянын отчетунда мурдакы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана «Центерра» менен мурда кийин келишимдерге кол койгон бардык жетекчилердин ысымдары аталган. Алардын арасында мурдакы премьер-министрлер А. Жумагулов, Н. Танаев, Ж. Сатыбалдиев, Ж. Оторбаев, С. Исаков, о. эле «Кыргыз алтынды» башкарган жетекчилер бар. Алардан сырткары убагында мамлекеттин геология жана экология жагын караган, Кумтөрдөгү өндүрүштүк жана экологиялык зыянды көрмөксөн болгон же тийиштүү чара көрбөгөн кызмат адамдарынын баарынын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болууда.

Кеп "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн азайтып жиберген, компанияны салыктан куткарып жиберген, мамлекетке экономикалык жана экологиялык зыян алып келген, жең ичинен коррупция жолу менен бүткөн чечимдер жөнүндө болуп жатат.

Мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда "Кумтөрдөгү" кыңыр иштерге тиешеси бар толтура адамдардын ысмын атады.

Ошол эле убакта бийлик «Кумтөр» маселесине жамынып, саясий атаандаштарынын тизгинин тартып коюш үчүн, бөрк ал десе, баш алмай жолго түшпөйбү деген дагы чочулоо болуп жатканын айта кетели. Ансыз деле Жогорку Кеңештин трибунасынан «Кумтөрдүн» айланасында болуп жаткан чоң саясат, шоу жөнүндө мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков өзгөчө пикирин айткан.

«Оюн кылбаш керек да. Бул чылгый оюн. Саясат. Бул долбоор азыркы президенти аңга түртө турган долбоор»,-деген Рыскелди Момбеков.

Айткандай эле, Жээнбеков менен Зулпукаров парламенттик шайлоодон кийин абактан чыкты. Формалдуу түрдө алганда, алар Жогорку Кеңештин камактагы депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бербеген корутундусунун негизинде бошоп чыгышты. Бирок бул шайлоодон мурда эмес, кийин болгону кызык.

Жогорудагы көп саясатчылар, анын ичинде Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев жана башкалар баары парламенттик шайлоонун алдында да, андан кийин да саясий активдүүлүгүн жоготуп коюшту.

ЖК депутаты Ырыскелди Момбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча козголгон иштер саясат менен оюн деп атаган эле.

«Кумтөр» долбоору башынан эле жөн гана бизнес же экономикалык эмес, саясатташкан иш болуп, өлкөдөгү чоң саясаттын катализатору болуп келгени белгилүү. Токсонунчу жылдардагы өкмөт башчы Чыңгышевден бери бир канча өкмөт, премьер-министрлер саясатташкан чырга чалынып, толтура чуу менен кеткен эле.

Ал эми "Кумтөрдү" башкаруу тизгини мамлекет колуна тийгенден кийин бийлик үчүн саясий позициясын жана күч-кубатын чыңдоонун ыңгайлуу учуру башталды. Анткени, азыр "Кумтөрдөгү" жемкорлук боюнча УКМК мурда-кийин баш көтөргөн саясатчылардын баарына айгак болчу фактыларды таап кое алат.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөштөн УКМК жарым жылда эле алты миллиард сом тапканы бийликтин пайдасына кетип жатат. Чынында, буга чейин мамлекеттик казынага коррупцияга каршы күрөштөн мынчалык чоң суммадагы акча түшкөн эмес эле.

Экинчи жагынан бийлик түшкөн жолдун тайгак жана тобокели көп экенин да айтыш керек. Эң оболу, "Кумтөрдөгү" чарбалык-финансылык операциялардын купуя жүрүп жатканы көп суроо жаратууда. Кумтөрдө канча тонна алтын өндүрүлгөнү, ал каякка сатылып атканы ачык айтылбай жатат. Ошол эле убакта эл аралык арбитраж сотунда кармаштын кызыгы али алдыда.

Бул кырдаал өз кезегинде азыркы президенттен кесипкөй кадамдарды талап кылууда. Бул жолдогу жаңылыш кадамдар бийликтин өзү үчүн саясий жагынан зыяндуу болсо, бүтүндөй мамлекет үчүн экономикалык жагынан да кесепети оор болот. Таразада Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги бедели менен намысы турат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коррупцияга каршы күрөштөн алты айда алты миллиард сом түшкөнүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.