"Кумтөр": кызматтык кылмыштарга жооп берүүнүн убагыбы же кызылдай саясатпы?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
«Кумтөр» компаниясын текшерип чыккан мамлекеттик комиссия «Центерра» менен келишимге кол койгон мурдакы президенттер менен өкмөт башчыларын саясий жана мамлекеттик коррупцияга айыптагандан кийин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Кумтөрдөгү" коррупция, экономикалык жана экологиялык зыян боюнча төрт кылмыш иш козгоп, бул ишке тиешеси бар мурдакы жетекчилердин, мамлекеттик кызмат адамдарынын баары жоопко тартыларын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
«Кумтөр» алтын кенин башкаруунун эки тизгин, бир чылбырын Кыргызстан өз колуна алганына коомчулук ишенип-ишенбей таңыркап турганда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Центерранын» кыңыр иштерине тиешеси бар мурдакы жетекчилердин, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө билдирүүсү өлкөдө кармап-камоолордун, керек болсо кустуруунун жаңы толкуну келатканын кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, «Кумтөр» боюнча УКМКда төрт кылмыш иши козголду. Алардын бири "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине каршы козголгон, ал эми калган үчөө коррупция, жерди мыйзамсыз берген, салыктан мыйзамсыз куткарган, экологиялык зыянга алып келген чечимдер боюнча. Алар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган узун тизменин арасында азыркы парламентте отурган депутаттардын өздөрү да бар экени айтылды.
«Бул убагында мамлекеттик жооптуу кызматта турган адамдардын кызматтык кылмыштары. Бул жакта бир нече мурдакы премьер-министрлер, депутаттар бар. Бизде убагында "Кумтөрдөн" материалдык колдоо алып турган депутаттарга материалдар бар",-деди Камчыбек Ташиев.

Сүрөттүн булагы, official
"Кумтөрдү" текшерген мамлекеттик комиссиянын отчетунда мурдакы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана «Центерра» менен мурда кийин келишимдерге кол койгон бардык жетекчилердин ысымдары аталган. Алардын арасында мурдакы премьер-министрлер А. Жумагулов, Н. Танаев, Ж. Сатыбалдиев, Ж. Оторбаев, С. Исаков, о. эле «Кыргыз алтынды» башкарган жетекчилер бар. Алардан сырткары убагында мамлекеттин геология жана экология жагын караган, Кумтөрдөгү өндүрүштүк жана экологиялык зыянды көрмөксөн болгон же тийиштүү чара көрбөгөн кызмат адамдарынын баарынын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болууда. Кеп "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн азайтып жиберген, компанияны салыктан куткарып жиберген, мамлекетке экономикалык жана экологиялык зыян алып келген, жең ичинен коррупция жолу менен бүткөн чечимдер жөнүндө болуп жатат.
Мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда "Кумтөрдөгү" кыңыр иштерге тиешеси бар толтура адамдардын ысмын атады.
Ошол эле убакта бийлик «Кумтөр» маселесине жамынып, саясий атаандаштарынын тизгинин тартып коюш үчүн, бөрк ал десе, баш алмай жолго түшпөйбү деген дагы чочулоо болуп жатканын айта кетели. Ансыз деле Жогорку Кеңештин трибунасынан «Кумтөрдүн» айланасында болуп жаткан чоң саясат, шоу жөнүндө мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков өзгөчө пикирин айтты.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Коомдук ишмер Эмил Каптагаев «мамлекеттик комиссия бирөөлөрдү ашыкча каралап, кимдир бирөөлөрдү калкалап жатканы айдан ачык болуп калды» деп Фейсбукка жазды. «Бул маселенин терең, калыс жана адилет каралышы учурдун зарыл шарты" деп белгиледи.
«Кумтөр» долбоору башынан эле жөн гана бизнес же экономикалык эмес, саясатташкан иш болуп, өлкөдөгү чоң саясаттын катализатору болуп келгени белгилүү. Токсонунчу жылдардагы өкмөт башчы Чыңгышевден бери алганда эле бир канча өкмөт, премьер-министрлер саясатташкан чырга чалынып, толтура чуу менен кеткен эле.

Ал эми азыр "Кумтөрдү" башкаруу тизгини мамлекет колуна тийген маалды бийлик өзүнүн саясий позициясын жана күч-кубатын чыңдоонун эң ыңгайлуу учуру катары карап жаткандай. Ошол себептүү азыр алтын кенин колго алуу президентке, анын командасына өзүнчө саясий упай топтогон процесске айланууда.
Экинчи жагынан бийлик түшкөн жолдун тайгак жана тобокели көп экенин да айтыш керек. Эң оболу, кеп "Кумтөрдөгү" ишти үзгүлтүккө учуратпай алып кетүүдө болуп турат. Экинчи жагынан эл аралык арбитраж сотунда катуу кармаш күтүп турат. Бул кырдаал өз кезегинде азыркы президенттен жогорку кесипкөй кадамдарды талап кылууда. Бул жолдогу жаңылыш кадамдар бийликтин өзү үчүн саясий жагынан зыяндуу болсо, бүтүндөй мамлекет үчүн экономикалык жагынан да кесепети оор болот. Таразада Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги бедели менен намысы турат.









