Түгөнүп бараткан “Кумтөр”, түңүлбөгөн сүйлөшүүлөр

- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргызстандын өкмөтү "Центерра" компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимди кайра карап чыгууда. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү билдирди. Анын айтымында, өкмөт "Центеррадан" ала турган каражатты максималдуу көбөйтүүнү максат кылууда.
«Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2017-жылы 11-сентябрда мурдакы өкмөт стратегиялык келишимге кол койгон. Анын шарттары биздин өкмөттү канааттандырбайт. Биз финансы каражаттарын алуу боюнча өзүбүздүн позицияны күчтөндүрүшүбүз керек. Азыркы учурда биздин талаптарды "Центерра" карап жатат»,-деди премьер.
Би-Би-Си расмий эмес түрдө алган маалыматтарга караганда, азыркы өкмөттүн "Центерра" менен сүйлөшүүлөрүндө чоң эле жылыштар бар. Канада тарап бир эле жолку сүйлөшүүдө Сапар Исаковдун өкмөтү түзгөн келишимдеги сумманы эки эсе көбөйтүүгө көнүп бергени айтылууда. Ошондуктан өкмөт мүмкүн болушунча жогору натыйжага жетишүү аракетин көрүүдө.
Өкмөт башчынын айтымында эмки аптада компаниянын башчысы Бишкекке келет, өкмөт менен жолугат. Ошондо «Центерранын» акцияларын сатуу жөнүндө ушактын чын-бышыгы да аныкталмакчы.
Кыргыз өкмөтү «Центеррага» кандай сунуштарды бергенин премьер-министр конкреттүү айткан жок, депутаттар да сурашпады. Кыргыз тараптын позициясын күчөтүү үчүн чынында кыргыз өкмөтү сурай турган маселе көп.

Сүрөттүн булагы, official
Анткени башынан бери эле «Кумтөрдөгү» ишти «Центерра» өзү башкарат, кыргыз өкмөтү кенди башкаруудан четтетилген. 2011-12-жылдары парламенттик комиссия Кумтөр долбоорун текшерип чыгып, келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес, кен иштеген учурдан бери өлкөгө экологиялык жана экономикалык чоң зыян келди деп бүтүм кылган. Ошондо өкмөткө «Кумтөр» долбоорун кайра карап чыгып, эки жакка тең иштеген паритеттик негиздеги биргелешкен ишкана түзүү тапшырмасы берилген. Сүйлөшүүлөр эки жыл катары менен жүрүп, токтоп калган.
«Национализация же капитуляция»
Оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү сунушу колдоо тапкан эмес. Азыр камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча «национализация же капитуляция» деген сөзү канаттуу сөзү көпчүлүктүн эсинде.
Кыргызстан миллиардаган суммага «Центеррага» экологиялык доо койгон, бирок аны да өндүрүп ала алган жок.
2017-жылы сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центеррага» экологиялык доодон баш тартып, өзүнчө экологиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтмөк. Бирок бул макулдашуу күчүнө кире элек.

"Коркунучтуу келишим"
Бишкекте "Кумтөр" долбоорун талкуулаган жыйында эксперттер Сапар Исаковдун өкмөтү түзгөн макулдашуу кызматтык укуктан аша чапкандык болгон деп сындашкан.
"Сапар Исаков башындагы өкмөт макулдашкан келишим өтө коркунучтуу келишим. Аны юридикалык жактан жокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Антпесек Кыргызстандын келечеги болбойт. Ал келишимде өкмөт кыргыз элинин атынан кол коюп жатат. Ал жерде өкмөттүн прерогативасына кирбеген чечимдер бар. Келишимде Жогорку Соттун "Кумтөр" боюнча бүт чечимдери жоюлсун делет. Бирок ага өкмөттүн кандай тиешеси бар? Ошондой эле Башкы прокуратуранын ал боюнча козгогон иштеринин баары жабылсын деген. Исаковдун андай ыйгарым укугу жок да ошентип кол койгонго. Демек, ал өкмөттүн ыйгарым укуктарынан чыгып кеткен келишим болсо, анын юридикалык жактан күчү болбойт",-деген коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.
Кыргызстандын мурдакы өкмөт башчыларынын "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болгон эмес. Анын себеби кыргыз тараптын дүйнөлүк ири компания менен сүйлөшкөнгө, укуктук жана финансылык маселелердин көзүн таап чечишкенге тиши өтпөй келатат. Ал түгүл сырттан жалдаган юридикалык жана финансылык компаниялар деле кыйратып жардам бере алышкан жок.
Ал ортодо "Кумтөрдө" алтын түгөнөрүнө аз калды, мурда бекиген план боюнча карьердеги иштер 2023-жылы аяктай баштайт, 2026-жылы бүтүшү керек.








