“Центеррага”адвокат болуп алганбы?” - "Кумтөр" боюнча өкмөткө Ишенбай Кадырбеков катуу сын айтты

"Кумтөр" дүйнөдөгү он ири алтын кендин бири катары белгилүү

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кумтөр" дүйнөдөгү он ири алтын кендин бири катары белгилүү

Кыргыз өкмөтү "Центерра голд" компаниясы менен стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенин билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир жылдан берки сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуп, экологиялык жана социалдык төлөмдүн суммасын мурдакы 87 млн доллардан 150 млн долларга чейин көбөйтүүгө жетишкенин айтууда. Ошол эле убакта Ɵкмөттүн чечимине айрым эксперттер тарабынан реакция жакшы болбой жатат. Эң оболу бул келишимде кыргыз тарап мурдакы миллиарддаган суммадагы экологиялык доолордон баш тартканы үчүн өкмөттү сынга алып жатышат.

Ишенбай Кадырбеков

Би-Би-Си бул темада Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ишенбай Кадырбековдун пикирин укту.

Би-Би-Си: Убагында алтын долбоорун текшерген мамлекеттик комиссия "Кумтөрдү" коррупциялык долбоор деп атап, анда кыргыз тарап кенди башкарууга да катышпай, үлүшү да кыскарып, экологиялык гана эмес, экономикалык да чоң зыян тартып келгени жөнүндө расмий тыянак чыгарганы белгилүү. Бирок Жогорку Кеңеш койгон көп тапшырмалар Ɵкмөт "Центерра" менен түзгөн стратегиялык келишимде каралбаптыр.

И. Кадырбеков: Президент да, Ɵкмөт да эң сонун билет, "Кумтөр" келишимин реструктуризация жасап атканда биз 66,7 пайыздан 33 пайызка түшүп калганбыз. Мына ошону ордуна алып келүү жөнүндө маселе көтөрүп келатат парламент. Реструктуризация кылып атканда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы ага уруксат берген эмес. Ошого карабай бул маселе өтүп кеткен. Эң баалуу болгон заводдун өзүн конвертация кылбай туруп, "Центерра" аны 100% чөнтөккө салып койгон. Кийин 2008-жылы дагы келишим түзүп туруп, оңдомуш болуп туруп, экологиялык маселени дагы алардын өзүнүн колуна берип коюшту. Натыйжада Кыргызстан "Кумтөргө" тийишип доомат айта турганга акысы жок болуп калды.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Центерра» компаниясынын президенти - аткаруучу директору Скот Перри жана анын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү менен жолугушкан учуру.

Сүрөттүн булагы, GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Центерра» компаниясынын президенти - аткаруучу директору Скот Перри жана анын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү менен жолугушкан учуру.

Европанын өнүктүрүү банкы ошол келишимге өзүнүн берген корутундусунда экология маселесин Кыргызстан менен чогуу чечиш керек деп жазган. Мына ошондо экологияны караган биздин мамлекеттик мекеме-уюмдар экологиялык мыйзам бузуулар үчүн "Центеррага" штраф салып, аны сотко беришти. Тилекке каршы, соттор дагы алардын пайдасына чечип атышты, көрсө доллардын аргументи биздин сөзгө караганда күчтүүрөөк болот экен. Ошого карабай, биз көп миллиондогон суммада доо арыз берип жатканбыз.

Кийинки чыккынчылыкты премьер-министр болуп барган Сапар Исаков жасады. Келери менен келишимге кол коюп, биздин доо арызыбыздын баарын артка чакырып алды. Доо арызыбыз артка чакырылгандан кийин Кылмыш Кодекси, Жарандык Кодекс боюнча да эч кандай сотко бере албай калдык. Биз аларга дооматыбызды айткан укугубуздан ажырадык.

Экология эмне болот, азыр алар билгенин кылат. Кийин болсо мөңгүнү талкалаганга уруксат бердик. "Суу кодекси" мөңгүнү талкалап кен казууга тыюу салганына карабай, Жогорку Кеңеш дагы Давыдов менен Лысый мөңгүсүн талкалап кен казганга уруксат берип койду. Мунун баарын көрүп турат Ɵкмөт, анан ошонун баарын койгондун ордуна баарын сүйлөштүк деп келатат.

Бул маселенин бир эле чети. Мына 2020-2023-жылдары Кумтөр бүтөт. Кен жабылганда Кыргызстанга эмне калат? Ошону ойлогон өкмөт жок. Миллиард куб калдыктар калат. Алар жерди казып, руданы алып атканда калдыктарды мөңгүнүн үстүнө төгүп коюшкан болчу. Калдыктар мөңгү менен аралашып глетчер болуп калган, эми ылай болуп ылдый агып жатат. Ал борбордук карьерге жылып келатканда 138 миллион доллар каражат жумшап, анын алдын тосуп коюшкан. Мөңгүдөгү суу карьерге түшүп, андан аны сыртка чыгарып атышат. Алар чогулуп көбөйүп отуруп анан Нарын суусуна кетет. Муну ойлогон киши барбы?

Кумтөр кенинде өндүрүш калдыктары үстүнө төгүлгөндүктөн килейген мөңгүлөр эрип жатканын эколог адистер аныктап чыккан

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөр кенинде өндүрүш калдыктары үстүнө төгүлгөндүктөн килейген мөңгүлөр эрип жатканын эколог адистер аныктап чыккан

Рекультивацияны ким жасайт? Миңдеген тонна калдыктар, техниканын калдыктары, завод алардын баарын ким колдонот? Каякка жоготот? Бул маселе боюнча биздин мыйзамда жазылган, долбоор түзүлүш керек, аны өкмөт бекитет. Кандайча казылган жер ордуна келтирилет, ошону баары каралат. Бул миллиард долларды талап кылган каражат. "Центерра" чыгып кетип атат, анын баары кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илинип атат. Бүгүн ошол маселени коюш керек эле биздин премьер-министр "ээ айланайындар, кана долбооруңар" деп.

Би-Би-Си: Ɵкмөт сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында стратегиялык келишимде каралган суммаларды эки эсе көбөйтүүгө жетишкенин айтып жатат, Анын ичинде экологиялык төлөмдөр мурдакы келишимде жылына $2,7 млн болсо, азыр $3,7 миллион болуптур. Бирок бул сумма ошол рекультивациялык чыгымдарды жапканга караандабайт го?

И. Кадырбеков: Экологиялык төлөмдөр башка. Биз миллиард куб калдыктарды айтып жатабыз. Ким аны калыбына келтирет, ким аны мониторинг жасайт, кайтарат? Петров көлү кен калдыктарына куюп, уу заттын баары Нарын дарыясына кошулуп кетсе эмне болот? Ушунун баарын изилдеп, келишим түзүп, "Центерранын" өзүнүн мойнуна жүктөп кол койсо, мен эң кур дегенде ошого ыраазымын демекмин.

Мындай бир түшүнүк болуп атат, өкмөтүбүз да, президенттин тегерегиндеги адамдар деле ушул "Центерранын" жумушчусу же адвокаты болуп калгандай.

Видеонун түшүндүрмөсү, Д. Зилалиев: “Кумтөр” токтобош үчүн эки мөңгүнү көчүрөлү (архив)

Би-Би-Си: "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир бүтүмгө келүү оңой иш болгон жок деп жатышат. Сиз айтып жаткан маселелерди сүйлөшүп чечкенге өкмөттүн тиши өтпөй жатабы же башка бир жеке кызыкчылыктын таасири чоң болуп жатабы, кандай ойдосуз?

И. Кадырбеков: Ар бир өкмөт жаңы келгенде жакшы баштайт. Алар менен жолуккандан кийин эле тескери сүйлөп калат.

Атамбаев өз убагында, керек болсо, Кыргызстандын кызыкчылыгына пайда келтирбеген келишимди ондобосок, анда улутташтырууга баралы деген сөздү айткан. Мөңгүлөр талкаланып атат деп керек болсо БУУнун трибунасынан сүйлөбөдү беле. Ошол эле кезде Кыргызстандын парламенти бул жакта мөңгүнү талкалаганга уруксат берип атпайбы.

Таң кала турган деле эчтеке жок, колунан кармабагандан кийин айта албайсың, бирок кыйын болуп келип эле алар менен жолугушкандан кийин унчукпай калып атканы ар кандай ойго түртпөй койбойт.