«Кумтөр» долбоору: Стратегиялык келишимдеги талаш-тартыштар бүттүбү?

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Центерра» компаниясынын президенти - аткаруучу директору Скот Перри жана анын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү менен Бишкекте шаршембиде жолугушту. Анын жүрүшүндө, өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кумтөр кенинин натыйжалуулугун мындан ары карай жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
«Тараптар белгилешкендей, алдын ала жыйынтыктар Кумтөр кенин иштетүү мөөнөтүн узартуу келечегине оптимисттик көз карашта кароону шарттайт, бул салыктык жана башка төлөмдөргө, миңдеген жумуш орундарын сактап калууга, ошондой эле ишкананын атамекендик экономикага оң таасир берүүсүнө өбөлгө берет»,-деп айтылат өкмөттүн расмий маалыматында.
Позиция күчтөндүбү?
Кыргыз өкмөтү мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон «Кумтөр» боюнча стратегиялык келишимди кайра карап жатканына көп болду. Өткөн жылы ноябрда премьер-министр М. Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып, «мурдакы өкмөт кол койгон стратегиялык келишимдин шарттары канааттандырбайт, биз финансы каражаттарын алуу боюнча өзүбүздүн позицияны күчтөндүрүшүбүз керек» деп билдирүү жасаган эле.
Бул жолугушуу эки тарап сүйлөшүүлөрүн аяктап, стратегиялык келишимди иштетүүгө даяр болуп калганын билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тең стратегиялык келишимди күчүнө кириши үчүн зарыл болгон процедуралар жакын арада аякташы керек деп билдиришкен. Келишим боюнча «Центерра» экологиялык төлөмдөрдү көтөрүү, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүүнү карап жатат. Бирок конкреттүү канча суммалар жөнүндө сөз болуп жатканы ачык айтылган эмес.
"Буга чейинки стратегиялык келишимдерде биз жеңилип бергенбиз. Колубузду көтөруп бергенбиз. Азыркы стратегиялык келишимдин маңызын угузуша элек. Бир келишимге келдик деп кечээ маалымат таратышты. Бирок келишимдин негизин эч кимге көрсөтпөй жатышат. Баарыбызды күттүрүп аткан маселе, Сапар Исаковдун мурунку келишиминдеги нерселер калдыбы? Же ошого бир доллар кошулдубу?",-деди "Чоң казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов.

Сүрөттүн булагы, ANDREW CABALLERO-REYNOLDS
2017-жылы сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центеррага» экологиялык доодон баш тартып, өзүнчө экологиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтмөк. Абылгазиевдин өкмөтү бул сумманы көбөйтүү талабын коюп жаткан, анын кандай чечилгени так айтыла элек.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
"Национализация же капитуляция"
«Кумтөр» долбоорун башынан бери эле «Центерра» бүт өзү башкарат, кыргыз өкмөтү кенди башкаруудан четтетилген. 2011-12-жылдары парламенттик комиссия Кумтөр долбоорун текшерип чыгып, келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес, кен иштеген учурдан бери өлкөгө экологиялык жана экономикалык чоң зыян келди деп бүтүм кылган. Ошондо өкмөткө «Кумтөр» долбоорун кайра карап чыгып, эки жакка тең иштеген паритеттик негиздеги биргелешкен ишкана түзүү тапшырмасы берилген. Сүйлөшүүлөр эки жыл катары менен жүрүп, токтоп калган. Андан кийин Кыргызстан миллиардаган суммага «Центеррага» экологиялык доо койгон, бирок аны да өндүрүп ала алган жок.
"Негизи азыркы өкмөт дагы мурунку өкмөттөрдөй эле кыргыз элине жакшылык жасаган жок. Келишимди реструктуризация жасап атканда биз 66, 7 пайыздан 33 пайызка түшүп калганбыз. Мына ушуну ордуна алып келүү маселесин көтөрүп келатат парламент. Реструктуризацияга Мыйзам чыгаруу палатасы уруксат берген эмес. Заводдун өзү, килейген эң баалуу мүлк, аны дагы конвертация кылган эмес болчу. Конвертация деген эмне? Ар бир мамлекет өзүнүн байлыгын, алтынын акцияга которот. Алар болсо акча бере турган ошол заводду акцияга которгон эмес дагы, жүз пайыз "Центерра" өзүнүн чөнтөгүнө салып койгон",-дейт ЖКнын мурдакы депутаты Ишенбай Кадырбеков.
Оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү сунушу Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча «национализация же капитуляция» деген канаттуу сөзү көпчүлүктүн эсинде. Бирок анын өзү түрмөдө.
"Улутташтыруудан башка жол жок. Улутташтыруу маселесин мен көтөрүп, мени колдоп Өмүрбек Чиркешович көтөрүп чыккандан кийин өзүбүздүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айткан сөзү -"биз үч миллиардды төлөп беришибиз керек" деп. БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрт чечиминин негизинде эгерде мамлекет өзүнүн байлыгын улутташтырса, бир дагы дүйнөлүк сот аны карабайт. Анткени, бул элдин, мамлекеттин кызыкчылыгында болгон иш",-дейт Ишенбай Кадырбеков.
Кумтөр кенинде ушул жылдын биринчи жарымында 9,2 тонна алтын өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 5,7 тонна өндүрүлгөн болчу. Мындан тышкары, Скот Перинин айтымында, эки жылдан бери геологиялык чалгындоо иштеринин программасына 18 млн АКШ доллары жумшалды. «Centerra Gold Inc.» быйыл майда кошумча 6 млн АКШ долларын бөлгөн.
Кумтөр дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катары кирет. Бул кен Кыргызстандын бюджеттин түзүүчү негизги ишканалардын бири деп саналат.









