"Кумтөр": Он жылда оңдолбогон "коррупциялык келишим"

"Кумтөр" дүйнөдөгү он ири алтын кендин бири катары белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Andrew Caballero-Reynolds

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кумтөр" дүйнөдөгү он ири алтын кендин бири катары белгилүү.

"Кумтөр" долбоорун кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстанда он жылдан бери бүтпөгөн эң чырлуу иш болуп калды. Мамлекеттик комиссия "Центерра" менен 2009-жылы кайра түзүлгөн стратегиялык келишимди коррупциялык кылмыштуу келишим деп тапкан. Анын ордуна тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр туюкка кептелген бойдон калды.

2009-жылы 25-апрелде Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосунда жаңы келишимге кол коюлган. Кыргыз тарап аны мурдакы генералдык келишимден кыйла жакшы деп билдирүү жасаган. Эки күндөн кийин аны парламент бекитип берген. Аналитиктер жаңы келишимди башкы сенсация катары белгилешкен. Андагы эң чоң өзгөрүү - "Кумтөрдөгү" Кыргыз тараптын үлүшүн 15% дан 32% га көтөрүлгөн. Ошол эле убакта «Кумтор оперейтинг компани» жана «Кумтор Голд компани» ишканалары жана башкаруунун бүт баары "Центерранын" көзөмөлүнө өткөн.

Бирок бир жылдан кийин эле революциядан кийин бийликке келген күчтөр аны коррупциялык келишим деп табышат. 2011-12-жылдары мамлекеттик комиссия "Кумтөр" долбоорун текшерип чыгып, стратегиялык келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргобойт, андан Кыргызстан экологиялык жана экономикалык чоң зыян тартты деп бүтүм кылган. Анын бир себеби катары «Кумтөрдөгү» ишти «Центерра» өзү башкарып жатканы, кыргыз өкмөтү кенди башкаруудан четтетилгени айтылган. Ошондо парламент өкмөткө «Кумтөр» долбоорун кайра карап чыгып, эки жакка тең иштеген паритеттик негиздеги биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө тапшырма берген. 2012-жылы башталган сүйлөшүүлөр эки жыл жүрүп, туюкка кептелген бойдон калды.

«Национализация же капитуляция"

Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча «национализация же капитуляция: андан башка жол жок" деген канаттуу сөзү көпчүлүктүн эсинде.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча «национализация же капитуляция: андан башка жол жок" деген канаттуу сөзү көпчүлүктүн эсинде.

Оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү сунушу колдоо тапкан эмес. Азыр камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин «Кумтөр» боюнча «национализация же капитуляция: андан башка жол жок" деген канаттуу сөзү көпчүлүктүн эсинде.

Кыргызстан миллиардаган суммага «Центеррага» экологиялык доо коюп, бирок аны да өндүрүп ала алган жок.

2017-жылы сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центеррага» экологиялык доодон баш тартып, өзүнчө жаңы стратегиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтмөк. Бирок бул макулдашуу күчүнө кире элек.

"Позицияны күчтөндүрүү"

М. Абылгазиевдин өкмөтү "Кумтөр" боюнча стратегиялык келишимди кайра карап жатканына бир жылга жакындап баратат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М. Абылгазиевдин өкмөтү "Кумтөр" боюнча стратегиялык келишимди кайра карап жатканына бир жылга жакындап баратат.

Кыргызстандын азыркы өкмөтү Сапар Исаковдун өкмөтү түзгөн стратегиялык келишимди жаратпай, аны кайра карап чыгууда. Бул жөнүндө өткөн жылдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү билдирген.

«Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2017-жылы 11-сентябрда мурдакы өкмөт стратегиялык келишимге кол койгон. Анын шарттары биздин өкмөттү канааттандырбайт. Биз финансы каражаттарын алуу боюнча өзүбүздүн позицияны күчтөндүрүшүбүз керек. Азыркы учурда биздин талаптарды "Центерра" карап жатат»,-деди премьер-министр.

Би-Би-Си расмий эмес түрдө алган маалыматтарга караганда, азыркы өкмөт "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар деп жатат. Канада тарап бир эле жолку сүйлөшүүдө Сапар Исаковдун өкмөтү түзгөн келишимдеги сумманы эки эсе көбөйтүүгө көнүп жатканы айтылууда.