"Коррупциялык схемага каршыбыз": Торугарттан жүк ташыган айдоочулар нааразы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Screen shot
Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар Бажы кызматынын чек арада санитардык зона түзгөн жаңы эрежесине каршы болуп, президентке кайрылуу жолдошту.
Кыргыз-кытай чек арасындагы бажыканадан товар ташыган айдоочулардын "Сапарман" бирикмеси жыйын куруп, Бажы кызматынын чек арада санитардык зона киргизип аткан жаңы эрежесине каршы экенин билдиришти. Жыйынга Торугарттан жүк ташып иштеген үч жүздөй айдоочу катышкан.
"Сапарман" айдоочулар бирикмесинин төрагасы Дүйшеев Максатбек нааразылыктын чоо-жайын Би-Би-Сиге түшүндүрдү.
"Бажы кызматы Кытайдан жүк ташуунун көбөйтөбүз деп ортого бир схеманы коюп атат. Ал схема мамлекетке да, бизге да, жеке ишкерлерге залакасын тийгизчү схема болуп атат. Эмне себептен деп сурасак, кытай тарап ушундай сунуш киргизп атат, санитардык зона болуш керек дешти. Эми ошол Кытай тараптын кагазын көрсөткүлө десек, кагазды көрсөтпөй эле, бул бир күңүрт, түшүнүксүз, баш оорутма болуп жатат".
Кытайдан Кыргызстандын чек арасына келген жүктөр контейнер менен келет. Аларды айдоочулар кезекке туруп, бажы бекетинен барып жүктөп алып кетишчү. Эми жаңы схема боюнча ортодо санитардык зона болот, айдоочулар жүктү ошол жактан алып кетиши керек деген тартип кирген жатат.
"Торугарттан алты километр аралыктагы жерге контейнерди жерге түшүрүп, кезекте турган машиналарга жүктөп бериш үчүн эле өзүнчө акы алынган жатат. Мында ошол жүктү алып кетип жаткан фирмаларга күч келет. Акчасын төлө дейт. Алар да каршы бул маселе. Экинчиден, убакыттан уттурабыз. Бажы кызматы сунуштаган тартип боюнча биз ортого жыйырма машина коюшубуз керек. Алар кытайдан келген жүктү жүктөп алып, алты километр жердеги Торугарт экиге алып келип бериш экен. Биздин кезекте турган машина ошол жактан алып кетет экен. Ошол ортодогу иштин акысы өзүнчө эсептелип, фирмаларга, компанияларга жүк келет. Алар, албетте, тарифтерди көтөрөт. Контейнердин ичиндеги товар кымбаттайт, товар кымбаттаса, жалпы элге кымбатчылык болот."

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айдоочулар жаңы алгоритм коррупциялык, чыгымдуу, машакаттуу жол деп каршы болуп жатышат.
Байтиков Акылбек, Ысык-Көл регионунун өкүлү: “Биз жамааттын эле тапшырмасында жүрөбүз. Бул жактан жамаат каршы болуп атат. Жаңы келип аткан мыйзамдарга, тартиптерге каршы болуп, мурунку эле тартип менен иштейбиз деп бул жерде 300дөй киши турат. Биз каршыбыз”.
Өзүбеков Жакыпбек, айдоочу:
“Коррупциянын схемасы абдан күчөп кеткендей сезилип атат, көрүп деле атпайбызбы аны. Азыр тээтиги чек арадан алып туруп, Торугарттан алты километр жерде он беш-жыйырма машинаны өзүнчө коюп, ошондон ылдый ташып кетесиңер деп атат. Андан эмне пайда түшөт билбейм. Ишкерлер андан чыгым тартат да. Тигил жерден алса, ал жактан жүктөп келип түшүрүп, кайра башка жерге түшүрүп, ичиндеги товарлар эмне болот. Сынган, бүлүнгөндөр болот да. 3300 доллар ортосунан чыгат деген сөз болуп атат. Ал кимден чыгат? Ошондон мамлекетке пайда түшүрөбүз деген бир ойлор айтылып атыптыр өкмөт ичинде. Ошого таң калып атабыз биз. 3300 долларды кимден алат, айдоочудан алабы же ишкерден алабы? Ушундай коррупциянын жолуна түшүп атат кайра. Бажы деген бир чыйкан болду окшойт”.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт бажы бекетинен жүк ташып чамасы бир жарым миңдей айдоочу иштейт. Алар бул жактан жүк ташуу үчүн атайы уруксат деле албайт, баары макулдашкан кезек тартиби менен барып, жүк ташып келатат.
"Сапарман" айдоочулар бирикмесинин башчысы Максатбек Дүйшеевдин айтымында, бажы бекетинен күнүнө орточо 30 машина жүк ташылчу. Барган сайын ташылган жүктүн саны, көлөмү көбөйүп баратат. Соңку убакта күнүнө элүүдөн кем эмес машина жүк ташылууда. Бул азыркы темп менен күнүнө 60-70 машинага чейин жетиши мүмкүн деп атышат.
Мамлекеттик Бажы кызматы өз кезегинде Торугарттагы жүк ташуунун өзгөргөн эрежеси жөнүндө өзүнчө маалымат бере элек. Ал жактын дагы өзүнчө бир жүйөсү бар болуш керек. Бирок анын расмий сайтында эч маалымат жок.
Бажы кызматынын башчысы жакында эле жаңы өкмөт түзүлгөндө алмашкан болчу. Азыркы жаңы тартиптин кирип жатканы жаңы төраганын келишине байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, санитардык зона түзүү сунушун мурда эле Бишкектеги Silk Way компаниясы көтөрүп келген дешет. Бажынын жаңы башчысы мурда ушул компанияны башкарган экен.












