Болот Темиров: Тишим бошоп, кулагымдан кан агып жатат
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Фактчек" сайтынын негиздөчүлөрүнүн бири Болот Темиров сабалганы тууралуу маалымат тарады. "Фактчек" сайты жарыялаган сүрөттөрдө Болот Темировдун маңдайы, бети-башы канталап турганын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, Фактчек
Би-Би-Си Болот Темировго байланышып, анын абалын сурады.
Болот Темиров: Бүгүн түшкү саат он эки жарымдарда биздин кеңсенин короосунда үч жигит күтүп турду. Дароо эле бирөөсү келип аркамдан урду. Мен жыгылганда үчөө башка тепкилеп башташты. Колумда телефон бар эле, ал ыргып кетти. Алар качып кеткенден кийин туруп карасам телефонум да жок экен.
Би-Би-Си: Сизди алар күтүп турду деп калдыңыз. Алар күтүп турганны кантип билдиңиз?
Болот Темиров: Эки күндөн бери короодо спортчулар "Фактчек" деген кайда деп сурап жүрөт деп мага айтышкан болчу.
Би-Би-Си: Маалыматты кимден уктуңуз?
Болот Темиров: Кошуналарыбыздан сурап жүргөн экен.
Би-Би-Си: Азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Негизи кайсы жериңизден жаракат алдыңыз?
Болот Темиров: Мээм чайкалды окшойт. Бир тишим бошоп калыптыр. Кулагымдан да кан агып жатат. Негизи алардын тепкилери башыма тийди.
Би-Би-Си: Кимдер сабады, эмнеге сабады деп ойлойсуз?
Болот Темиров: Азыр айта албайм. Арасында бирөө жол-жол болгон шапке кийип жүргөн.
Би-Би-Си: Сиздин сабалышыңыздын кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө тиешеси барбы же башка эле себептери барбы?
Болот Темиров: Азыр, мына жаңы эле биздин кеңсеге милициялар келди. Мен алардын суроолоруна жооп берейин...
Муну да окуңуз:
Болот Темиров иликтөөчү журналист катары белгилүү. Ал коомчулукта талкуу жараткан маалыматтардын чын-бышыгын тастыктоо, иликтөө менен алектенип келет. Журналисттер жана медиа уюмдар Болот Темировдун сабалышына байланыштуу билдирүү таратып, окуяны журналистти коркутуп-үркүтүү максатында атайын жасалаган деп баалады.
Окуя болгон жерге жакын жайгашкан имаратка орнотулган көзөмөл камераларына ур-тепкиге алган учур жана качып бара жактандар тартылып калган видео тасма дагы жарыяланды. Милиция Болот Темировду сабады дегендерди издеп жатканын билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек деп айтты.












