Путиндин Украина тарыхы тууралуу сөзү. Тарыхчынын талдоосу

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору

Кыргыз тарыхчысынын оюнча, украиндердин улуттун тагдырын азыркы Кремлдин бир беткей бычып караганы – Владимир Путиндин өкмөтүндөгү шовинисттик маанайды гана тастыктайт.

Украин тарыхы боюнча көптөгөн томдор жазылган; болгондо да, атаандаш негизде жарык көргөн эмгектер бул элдин тарыхын ар тараптуу чагылдырган. Чакан блогубузда алардын бардыгына токтолбостон, өз пикирибизди бир сөз менен гана камтуубузга туура келет.

Кыргызстандын тарыхы, Карахандар каганатынын тарыхы, Махмуд Кашгари Барсканинин өмүр таржымакалы жаатында өзгөчө баалуу эмгектер калтырган украин чыгыш таануучусу, профессор Омельян Прицак (украинче Омелян Йосипович Пріцак; 1919–2006) агай өз тегинин тарыхын терең иликтөө үчүн украин, орус, немис, арап, түркий жана башка тилдерден тышкары, орто кылымдардагы скандинавиялык рун жазмалары калтырылган чет тилдерди да өздөштүргөн.

Анын СССРде жарым-жартылай тыюу салынган “Рустун келип чыгышы” (Pritsak Omeljan, The origin of Rus'. – Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1981.) эмгегин Ленинграддын Калк китепканасындагы (Публичная библиотека) сейрек китептер бөлүмүнөн 1987-жылы алгач окуп, советтик тарыхнаамага каршы келген атаандаш көз карашка өзгөчө таң калган элем.

Ал кезде советтик Орусияда байыркы орус мамлекетинин келип чыгышы жаатында нормандык жана панславяндык көз караштар өз ара кагылышып жаткан. О.Прицак болсо байыркы орус мамлекетинин келип чыгышына чейин эле Евразияда Улуу Түрк каганаты, Хазар каганаты, Булгар каганаты сыяктуу мамлекеттер жаралгандыгын, алардын Чыгыш Европдагы мамлекеттүүлүк салтына өз таасири болгондугун ачык белгилеген.

Омелян Иосифович Прицак

Сүрөттүн булагы, wikipedia.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Омелян Иосифович Прицак (укр. Омелян Йосипович Пріцак) - чыгаан украин чыгыш таануучусу, профессор.

Украинадагы ушул айдагы согуштук жаңжалды утурулай, Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш Европа славяндары тууралуу тарыхты өзү кантип өздөштүргөнүн дагы бир жолу шардана кылды:

“Ошентип большевиктик саясаттын натыйжасында Советтик Украина пайда болду да, аны бүгүнкү күндө да “Владимир Ильич Ленин атындагы Украина” деп толук негизде атоого болот. Ал – анын автору жана архитектору. Муну архивдик документтер, анын ичинде Украинага Донбасс аймагын сөздүн түз маанисинде кыстарып салган лениндик катаал көрсөтмөлөр бүтүндөй жана толук ырастап турат”, – деп Орусиянын президенти Владимир Путин пост-ельциндик “жаңычыл тарыхчынын” милдетин аткарууга алпурушту.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

(Караңыз: rbc.ru/politics/22/02/2022/6214cc4d9a7947a9a3eb0f36)

Борис Ельцинди бекеринен айтып жаткан жокмун. 1991-жылы Бела Бежа токоюна келип, “СССРден чыгабыз” деп кол койгон учурда, үч чыгыш славян лидери өздөрүн эзген СССРден чыгып, өз жумурияттарынын аймактык бүтүндүгүн толук сактоо менен бирге чогуу күрөшүүгө белсенишкен. Ушул өз ара сыйлашуу идеялары менен КМШ деген ынтымак да жаралган.

Путин деле большевик лидери Владимир Ленинди азыр, казак туугандардын тили менен айтканда, жакшы эле “сөгүп” жатат. Демек, Путин деле Ленин түзгөн СССРге каршы. Анда неге кайра эле ошол Ленин түзгөн чек араны калыбына келтирүүгө Кремль ынтызар?

Бардыгы жөнөкөй. Бул – империячыл лидердин тарыхты өз кызыкчылыгына карата бир беткей ылгоосу.

Эгерде Ленин автономиялык кыялдар менен тил эмизип, Беларус, Украина, Кавказ жана Борбордук Азия аймактарын советтик империянын курамына кирүүгө чакырбаса, анда, башка улуттук жумурияттарды мындай кой, Татарстан, Башкырстан, Ыраакы Чыгыш менен Сибир деле Орусиядан чыгып кетмек.

Тынчтыкбек Чоротегин

Сүрөттүн булагы, ky.wikipedia.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынчтыкбек Чоротегин

Сталин доорунда да мурдагы падышалык империянын чектерин калыбына келтирүү далаалаттары болду. 1939-жылы августта фашисттик өкмөттүн тышкы саясатын жетектеген Иоахим фон Риббентроп менен советтик тышкы саясатты жетектеген Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин менен Адольф Гитлердин көсөмдүгү астында жашыруун протоколго кол коюшуп, Экинчи дүйнөлүк согушка бата беришкен.

1939-жылы нацисттик Германия Польшага кол салганда, анын өнөктөшү СССР саал кечигип, 17-сентябрда славяндык бир тууган өлкө делген Польшага кол салган.

1940-жылы сталиндик режим Балтика боюндагы жумурияттарды караткан. Финляндияны каратуу аракети болсо таш капкан. СССРден коркуп, Финляндия алгачкы жылдары нацисттик Германиянын үзөңгүлөшү болгондугун да ошол советтик баскынчылык (агрессия) далаалаты менен түшүндүрүү керек.

Курманжан датканын фото сүрөтүн илимде калтырган айтылуу Карл Густав Эмил Маннергейм Финляндиянын СССРден эгемендигин сактап калууга аскер башчы катары зор салым кошкон.

Ал эми Чыгыш Украинадагы орусиялык жарандардын укугунун бузулушун коргогусу келген В.Путиндин 2022-жылдагы түшүндүрмөсү Гитлер менен Геббельстин Чехословакиянын батыш өңүрүндөгү “судет немистери” байырлаган жерлер деген аймакты 1938-жылы каратып алуудагы “укук коргоочулук” идеяларынан узак кетпейт.

2014-жылы Орусия Крымды басып алып, ага олчойгон зор капиталдык салым киргизгенде, Санкт-Петербургдан Путинге кайрылуу жасашып, “биз деле Орусиянын карамагына киргибиз келет, биз да инвестицияга муктажбыз”, – деген нааразылык чаралары уюштургандыгы эсте.

Ал эми ири империянын чакан коңшу өлкөнүн тарыхын кичирейтүү далаалаты – орусиялык айдыңдардын калыс сынынан кабылып келет, бирок өз турмушунун начардашын өлкөдөгү жемкорлуктан эмес, сырткы белгисиз фактордон көргөн көрпенделерге тарыхты мындайча путиндик ыкма менен жазуу – майдай жагаары бышык.

Ансыз да сырттан келген мигранттарды “каптап кетишти” (“понаехали”) деп жекирип жаткан ашынган улутчулдар үчүн бул сыяктуу тарыхты бурмалоо – демейдеги зомбулук аракетке бальзам сыяктуу эле сезилет. Алар “ээн баш украиндерди” гана эмес, “Лениндин айла-амалы менен мамлекет алып кеткен башка жумурияттарды да өз корообузга кайра киргизип алалы” деген ураандарды байма-бай чакырууга даяр.

Жыландын башын чыгарып, В.Путин Казакстан мамлекетинин чыныгы тарыхы “Н.Назарбаевдин бийлиги менен гана башталат”, деп борбордук азиялык үзөңгүлөшүн чочутуп салган учур деле унутула элек.

Албетте, Украинанын да чоң кемчиликтери болду. Пост-советтик маалда Крым жарым аралында крым татар туугандардын мурдагы автономиясын тез арада толук калыптандыруу керек болчу.

Чыгыш Европада русин сыяктуу чакан славян калктары бар, алардын да улуттук-маданий кызыкчылыктарын канааттандыруу зарыл болчу.

Адамзат эми гана, XX кылымдын ичинен бери, саны аз этностордун тарыхына, маданиятына, болочокку тагдырына кылдат кароо керектигин үйрөндү. Буга маркисттердин да өрнөгү өз изин берди.

Азыр АКШда да түпкү калк болгон индейлердин маданий өз алдынчалыктарын канааттандыруу зарыл экендигин аңдап жатышат.

Ушул кырдаалда дүйнөдөгү айрым чакан этностор бир нече жүз түтүндү гана түзүшөт. Ал эми 140 миллиондуу орустардан аз болгону менен, украиндер өз өлкөсүндө 32 миллиондой болсо, дүйнө жүзүндө 45 миллионго чамалап барышат.

Ушундай сандагы элди кантип эле Владимир Ленин 1918-жылы түзө калсын?

Эгерде Ленин кеңири автономия берүү жана Орусияга теңата федерациялык мүчөлүк идеясы менен азгырбаса, анда Украина 1918-жылдан бери эле эгемен мамлекет болмок. Ал бери дегенде Финляндиянын жолоюн жолдомок.

Демек, өзүн эр көргөндөр, өзгөнү да шер көрүүсү керек.

Украин термини кандай гана талаш-тартышты туудурбасын, бул этностук аталышты азыр өз түпкү аталышы катары санаган ири улут өз тарыхын жана өз мамлекеттик тагдырын өзү аныктоого акылуу.

Дал ушул жерден Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов сыяктуу залкар мамлекеттик ишмерлер Кыргызстанды Казакстандын автономиясы катары түзүүдөн баш тарткандыгы, акыры Казакстан эгемен Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өткөөл (буфердик) аймакка айлангандыгы – көрөгөчтүк болгон экен.

Эми азыркы Кыргызстандын бийлиги ушул эгемендикти көз карегиндей сактоо менен гана чектелбестен, башка да постсоветтик ж.б. жумурияттардын ар кандай “киттердин” алкымына бөөдө жерден түшпөөсү үчүн өзүнүн үнүн тайманбастан билдирүүсү, чогуу күрөшүүсү зарыл.

Украин тарыхын биз украиндердин өз вариантында да үйрөнүүбүз жана ал тарых жаатында өз алдыбызча бүтүм чыгаруубуз кажет.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.