Россия Украинада колдонгон вакуумдук бомба деген эмне?

Орус армиясынын ТОС-1А “Солнцепек” (Аптап) ракетаны жапырт аткычы жана Т-72 танкына орнотулган вакуумдук куралы былтыр “Армия оюндары” коргонуу технологияларынын эл аралык көргөзмөсүндө байкалган. 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус армиясынын ТОС-1А “Солнцепек” (Аптап) ракетаны жапырт аткычы жана Т-72 танкына орнотулган вакуумдук куралы былтыр “Армия оюндары” коргонуу технологияларынын эл аралык көргөзмөсүндө байкалган.

Британиянын коргонуу министрлиги Россия Украинада вакуумдук бомбаларды - термобарик куралы катары дагы белгилүү – колдонгонун билдирди.

Вакуумдук бомба кадимки жардыргычтарга караганда алда канча кыйратуучу күчкө ээ жана жарылуу кучагына кабылгандар үчүн өлүм алып келет.

Вакуумдук бомба Украинада колдонулдубу?

Британиянын коргонуу министрлиги "Твиттерде", Россия ТОС-1А курал системин Украинада колдонгонун тастыктады деп билдирди. Билдирүүдө мындай деп айтылат: "ТОС-1А тутантуучу жана фугастык эффект берген термобарикалык ракеталарды колдонот. Орус аскерлери "оор от атычтар" деп атаган бул бөлүктөр 9 км аралыкка ракета ата алышат".

Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркарова, Россияны согуш учурунда вакуумдук бомба колдонду деп айыптады.

Вакуумдук бомба кандай иштейт?

Вакуумдук бомба, аэрозолдук бомба же тутанма аба жардыргычы деп дагы аталат, эки башка жардыргыч дүрмөттөлгөн отун челегинен турат.

Ал ракета катары атылат же аны абадан бомба катары учактан таштаса болот. Ал бутага тийгенде, биринчи дүрмөт көзөнөгү ачылып, тутанма жардыргыч түтүнүн абага жайылтат.

Бул түтүн имараттын бардык жылчыктарына же толугу менен бекитилбеген коргондордун баарына кире алат. Экинчи дүрмөт түтүндү жардырып, натыйжада жарылуу эпкини өтө зор чоң от тутанат дагы, тегеректеги кычкылтектин баарын соруп алган вакуум пайда болот. Бул курал бекемделген коргондорду, жадбыктарды талкалай алат жана кишилерди өлтүрөт же жарадар кылат.

График вакуумдук бомба кандай иштей тургандыгын көрсөтөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, График вакуумдук бомба кандай иштей тургандыгын көрсөтөт

Алар түрдүү максаттарда жана чоңдуктагы курал катары колдонулат – ал жоокер ыргыткан гранат же көтөрүп жүрмө ракета аткыч болушу мүмкүн.

Үңкүрлөрдө жана туннелдерде жашынгандарды өлтүрүү үчүн абадан атылуучу чоң түрү дагы атайын иштеп чыккан. Бул куралдын эң чоң натыйжасы жабык жайларда болот.

2003-ж. АКШ “Бомбалардын энеси” аталган 9800кг бомбаны сынаган. 4 жылдан кийин Россия ушундай эле бомбаны иштеп чыгып, аны “Бомбалардын атасы” деп атаган. Анын жарылуу күчү 44 тонналык кадимки жардыргыч бомбага тете. Бул аны дүйнөдөгү эң зор өзөктүк эмес жарылуучу түзмөк кылат.

Зор кыйратуучу күчүн жана имараттарда же бункерлерде жашынгандарга каршы натыйжалуулугун эске алганда, вакуумдук бомба көбүн эсе шаарларда колдонулат.

Орус аскерлери Украинанын Киев жана башка ири шаарларын багынтууга аракет кылып жатканын эске алганда, бул маанилүү жагдай болуп калат.

Вакуумдук бомбаны согушта колдонуу эрежелери кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Вакуумдук бомбаны колдонууну тыйган атайын мыйзамдар жок. Бирок өлкө аларды эл турган турак жайлрага, мектептерге же бейтапканаларга каршы колдонсо, анда ал 1899-ж. жана 1907-ж. Гаага конвенцияларына ылайык, согуш кылмышы катары каралат.

Эл аралык Криминалдык соттун прокурору Карим Хан Украинадагы согуш кылмышына шектелген учурларды изилдей турганын айтты.

Буг чейин кай жерде колдонулган?

Вакуум бомбаларын Экинчи Дүйнөлүк Согушка чейин Германиянын армиясы колдонгонун билсек болот. 1960-жж. АКШ аларды Вьетнамда кеңири колдонуп баштаганга чейин көп тараган эмес.

АКШ аларды Афганинстанда дагы колдонгон. Биринчи жолу 2001-ж. Тора-Бора тоолорундагы Ал-Каиданын үңкүрдө жашынган күчтөрүн жок кылуу үчүн, андан кийин 2017-ж., “Ислам мамлекети” күчтөрүнө каршы.

Россия вакуумдук бомбаларды 1999-ж. чечен согушунда колдонгону үчүн “Human Rights Watch” уюмунун айыптоосуна кабылган.

Орус өндүрүшүнөн чыккан вакуумдук курал Сириядагы жарандык согушта Башир ал-Ассаддын бийлиги тарабынан колдонулганы кабарланган. (CS)