Байрактар, Жырткыч, Оруучу: Согуш дрондорунун айырмасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согуштук дрондор бир убактарда аскердик супердержавалардын артыкчылыгы болуп келген болсо, азыр эми андай эмес. Аларды козголоңчулар жана чакан мамлекеттер колдонуп жатканы кармаштын табиятын эбак эле өзгөрттү деп жазат Жонатан Маркус.
Аскердик тарыхта бир эле курал-жарак системасы көбүнесе бүтүндөй бир согуштук доордун символуна айланат.
Мисалы, орто кылымдарда Азенкурдагы англистер колдонгон узун жааны же Экинчи дүйнөлүк согушта жер үстүндөгү согушту туюнткан катуу брондолгон танктарды эске салууга болот.
MQ-1 Predator (Жырткыч) учкучу жок иштеген учуучу аппарат же дрон АКШнын Афганистандагы, Ирактагы жана башка жактардагы козголоңчуларга каршы күрөшүнүн тушунда бөтөнчө куралга айланган.
Бул Кансыз согуш аяктагандан кийин “бир уюлдуу убак” деп аталган мезгилге туш келди. Ал кезде АКШ глобалдык супердержава катары өзү жалгыз жана ордунан козголбогон күч катары турган.
Дрондордун символикалык статусу Predator дрону Hellfire (Тозок оту) ракеталары менен жабдылганда өсө баштады. Башында Predator абадан чалгындоо үчүн иштелип чыккан эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Жырткычтын” орун басары Reaper (Оруучу) атайын аңчы-өлтүргүч катары иштелип чыккан. Мурдагы дронго караганда ал алысыраакка ата алат жана оорураак куралдарды ташый алат. Аталыштары алардын иштелип чыккан максатын ачык эле билдирип турат.
Алар Вашингтондун душмандарын кайда болбосун, качан болбосун бутага алууга жөндөмдүү өтө так көз тазалоочулар. “Оруучу” дрондор ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүү үчүн 2020-жылдын январында Багдад аэропортунун сыртында колдонулганы айтылат.
Мындай операцияларды белгилүү бир убакыт аралыгында негизинен АКШ жана Израиль (өзүнүн өзгөчө дрон индустриясы менен) жүзөгө ашыра алган. Ал согуштук дрондордун биринчи доору болгон десек болот.
Бирок жагдай болуп көрбөгөндөй өзгөрдү.
Дрон согушунун жаңы доору эбак эле башталып, көптөгөн оюнчулар пайда болду. Дрондор контртерроризмге же козголоңчуларга каршы колдонуудан чыгып, азыр эми толук кандуу кадыресе салгылашта пайдаланылып калды. Технология такшалып, жасалма интеллект менен байланышып жаткандыктан чындыгында алдыда дрон согушунун жаңы үчүнчү доору күтүп турат.
Аңчы-өлтүргүч MQ-9 Reaper (Оруучу)

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- алдыңкы учунда мурун камерасы, төмөнкү бөлүгүндө камера жана сенсор
- V формасындагы куйругу туруктуулукту камсыздайт
- GPS же лазер мээлегич ракеталар жана бомбалар менен жабдылган
- Узундугу: 10,97 м
- Бийиктиги: 3,66 м
- Канаттарынын кулачы: 21,12 м
- Максималдуу ылдамдыгы: 463 км/с
Дрондор Аддис-Абеба бийлигинин позициясын бекемдеп, Тиграи элдик боштондук фронту менен болгон соңку жалжалда башкы ролду ойноду.
Эфиопия өкмөтү куралдуу дрондорду Түркиядан жана Ирандан сатып алган. Ал Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) аркылуу Кытайдын Wing Loong II дрондорун да алганы айтылууда.
БАЭ Ливиядагы аёосуз жарандык согушта Кытайдын дрондорун ушул эле жол менен шериктеши генерал Халифа Хафтарга берген.
Көп учурларда куралдуу дрондор чечүүчү таасирге ээ болгон. Триполиде Ливиянын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтүнүн аман калуусуна салым кошкон. Былтыр Тоолуу Карабак жаңжалында Түркиянын Байрактар дрондору талаштуу анклавдын көзөмөлүн Армениядан тартып алууда Азербайжан үчүн күчтүү фактор болуп берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дрондон сокку уруу көбүнесе татаал укуктук жана моралдык дилеммаларга жол ачат. Алар негизделген акыл-эстин чегинде эле так иштеши ыктымал.
АКШ өзүнүн алдыңкы технологиясын жакын шериктештеринен башкаларга экспорттоодон айбыгып келген болсо, башка өлкөлөр антип айырмалашпайт.
Чындыгында дрондор ээ-жаа бербей жайылууда.
100дөн ашуун өлкөлөр жана мамлекеттик эмес топтор дрондорго ээлик кылат. Башка тараптардын дагы куралдуу дрондору бар. Чындыгында бул система тарай бермекчи дейт Пол Шарре. Ал Жаңы Американын коопсуздугу борборунун изилдөө боюнча директору.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кытай дүйнө жүзүнө куралдуу дрондорду эң эле көп экспорттогон өлкө. Бирок дрондор алдыңкы аскердик державалар менен эле чектелбейт. Иран жана Түркия сыяктуу орто державалар дагы дрон технологиясына ээ жана мындай системаны чет жактарга сатышат”, — дейт ал.
Чындыгында, анын оюнча, “коммерциялык дрон технологиясы ушунчалык кеңири жайылгандыктан каалагандардын баары эле бир канча жүз доллларга өз колу менен копол дрондорду жасай алат. Айрым террористтик топтордо ошондой”.
Ал кошумчалагандай, дрондордун чечүүчү таасири жаңылык эмес. Алар менен бир өлкөгө арзан эле аба күчтөрү камсыздалат.
“Согуштук учактарды сатып ала албаган мамлекеттер жана мамлекеттик эмес топтор дрондорду сатып алса болот”, — дейт ал. “Дрондор согуштук учактардай жөндөмдүү болбосо да ал тараптарга кандайдыр бир аба күчүн камсыздайт. Жогорку аныктыктагы байкоо жана так бутага аткан санарип технология менен жабдылган дрондор жердеги аскерлер үчүн бир топ эле кыйратуучу мааниге ээ”.
Бирок аймактык чыр-чатактарда жана жарандык согуштарда дрондордун колдонулушу анын келечектеги согуштардагы баасын айгинелеп турат.
АКШ менен шериктештери Сирияда козголоңчуларга каршы операцияларга басым жасап жаткан чакта Орусия дрондорду өзүнүн аскердик тартибине киргизүү үчүн согуш талаасында сынап жүрдү.
“Сириядагы Орусиянын дрон флоту маалымат топтоо, байкоо жана чалгындоо миссиясында колдонулду. Аныкталган буталарды Орусиянын артиллериясы менен жеринен байланыштырып турду”, — дейт Самуел Бендетт. Ал Деңиз аскердик анализ борборунда Орусияны изилдөө программасынын мүчөсү.
Украинадагы согушка, Орусиянын четке кагуусуна карабастан, Орусиянын кызматкерлери үзгүлтүксүз катышып турган жана дрондорду пландуу колдонууда баалуу маалыматтарды камсыздаган.
Орусияда жасалган дрондордун айрым түрлөрү Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. Бендеттин айтымында, маалымат топтоо жана чалгындоо башкы миссия бойдон калууда. “Радиоэлектроникалык согушта алардын дагы бир маанилүү ролу бар”.
Радиоэлектроникалык согуш душмандын күчтөрүнүн жайгашкан жерин жөнөтүлгөн сигналдар жана алардын байланышын басып обочолонтуу аркылуу аныктоо чеберчилиги.
Орусия эң алдыңкы технологиясынын заманбап талаптарга жооп берүүсү жагынан АКШдан он жылдай аркада болушу мүмкүн. Бирок Орусиянын куралдуу күчтөрү дрондорду согуштук бөлүктөргө аралаштырган жагынан бир топ эле алдыда болушу ыктымал.
Аскердик дрондор Орусиянын бүтүндөй аскердик күч структураларында бар экенин айтат Бендетт.
Украина болсо Түркиянын куралдуу дрондоруна ээ. Аларды Донбастагы салгылашта орусиячыл сепаратистерге каршы колдонуп келген.
Согуштук талаадан тышкары дрондорду азыркы күнгө чейин жикчил жана согушкер топтор колдонуп келет.
Бирок дрондор келтирген коркунуч жакшы изилденген болсо, анда эмне үчүн аларга туруштук берүү аябай оор?
“Бүгүнкү күндө көптөгөн дрондор салттуу аскердик учактардан кичирээк жана ар түрдүү абадан коргонууну талап кылат”, — дейт Шарре. “Алар жайыраак жана төмөнүрөөк учат. Демек, көптөгөн абадан коргонуу системалары аларды атып түшүрүүгө ылайыкташкан эмес”.
Көптөгөн өлкөлөр, анын айтымында, дрондорго каршы чараларды иштеп чыгууда. Убакыттын өтүшү менен дрондорго каршы эффективдүү системалар согуш талаасында кеңири жайылганын көрө баштайбыз. Бирок бир кыйынчылык бар: арзан дрондорду жасоо менен алардын саны көбөйөрүн эске алганда, массалык дрон чабуулдарына туруштук берүү оор болушу мүмкүн.
“Дрондордун уюгу” аттуу футуристикалык көрүнүш жөнүндө көп сөз болуп келген.
Биз эбак эле массалык дрон чабуулуна күбө болгонбуз. 2018-жылы сириялык козголоңчулар Орусиянын авиабазасына каршы 13 дрон колдонгон. Бирок Пол Шарре дрондордун ташкыны чыныгы уюк эмес деп көшөрөт.
Уюк болушу үчүн “чабуулда колдонулган дрондордун саны эмес, адамдардын кийлигишүүсү жок алардын бири-бири менен байланышып иштей алуу жөндөмү болушу керек” деп эсептейт Шарре.
Ал эми дрондордун уюгу бир эле убакта, ар тараптуу багыттагы чабуул үчүн колдонулуп, адамдардан турган коргоочуларды талкалап кете алат.
Убакыттын өтүшү менен мындай көрүнүш согуштун жүрүшүн өзгөртүүдө болуп көрбөгөндөй таасирге ээ болушу мүмкүн деп эскертет ал. (EA)
Жонатан Маркус Би-Би-Синин коргоо боюнча мурдагы кабарчысы. Ал Эксетер университетинин Стратегия жана коопсуздук институтунун ардактуу профессору












