Орусиянын Совет доорунан берки эң ири аскердик машыгуусу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусия Совет доорунан берки эң чоң аскердик машыгуусу эмдиги айда болоорун жарыялады.
Мындай ири аскердик машыгуулар акыркы жолу 1981-жылы болгон.
Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусияга карата "агрессивдүү жана душманчыл" аракеттерден улам "Чыгыш-2018" аскердик машыгуусуна негиз бар деп билдирди.
Сентябрда өтчү машыгууларга Кытайдын жана Монголиянын аскерлери дагы катышат.
Бул жаңылык Орусия менен НАТО уюмунун ортосундагы чыңалган абал учурунда жарыяланды.
Аскердик машыгууларга ким катышат?
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, машыгууга 300 миң жоокер, 36 миң танк жана башка аскердик унаалар, миңден ашуун учак, эки деңиз флоту жана Орусиянын бардык аба десант күчтөрү катышат. Демек, "Чыгыш-2018" орус армиясынын үчтөн бири тартылат.
Машыгуулар 11-15- сентябрда болот.
Сергей Шойгу «Чыгыш-2018» аскердик машыгуусун 1981-жылы болгон иш чарага салыштырды. Анда Совет армиясы НАТО уюмунун чабуулуна жооп кайтаруу үчүн машыгууларды өткөргөн.
"Бир четинен азыркы иш чара "Батыш-81" машыгуусуна окшош. Бирок азыр андан дагы чоң машыгуулар болот", -деди Шойгу.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал эми Песков «Чыгыш-2018» машыгууларына Кытайдын аскерлери дагы катышканы, Москва менен Бээжин бардык тармакта кызматташып жатканын айгинелейт деп белгиледи.
Адистердин айтымында, «Чыгыш-2018» аскердик машыгуулар Экинчи дүйнөлүк согуштагы ири салгылашуулардын бирине окшош. Өткөн жылы Орусия менен Беларус мамлекеттин батыш тарабында буга окшош чакан аскердик машыгууларын өткөргөн.
Буга чейин президент Путин армияны жаңылоо максатын коюп, Орусия жаңы өзөктүк ракеталарды иштеп чыгууга бел байлап жатканын жар салган.
Орусиянын армиясында болжол менен миллионго чукул жоокер кызмат өтөп келет.
Кытай эмнеге машыгууларга кошулду?
Кытайдын коргоо министри машыгуулар тууралуу жалпылап эле сөз кылды. Ал аскердик кызматташуу, эки тараптын коркунучтарга каршы даярдыгын чыңдоо жөнүндө айтты.
Бирок эң негизгиси Кытайдын министри машыгуулар "үчүнчү тарапты бутага албайт" деп билдирди.
Бээжин «Чыгыш-2018» аскердик машыгууларга үч миң эки жүз аскер, тогуз жүздөн ашуун аскердик техника жана отуз аскердик учак, анын ичинде тик учактарды жөнөтмөкчү.
Монголия канча жоокерин же аскердик техникаларын жөнөтөөрү дале белгисиз.

Сүрөттүн булагы, MIL.RU/FACEBOOK

Чөнтөккө сокку болгон ири машыгуулар
Анализ: Москвадан Сара Рэйнсфорд
«Чыгыш-2018» аскердик машышуулар Орусиянын аскердик кубатын даңазалоо үчүн жасалып жатат. Көптөр буга таң калган деле жок. Орусия Батыш тараптан санкцияга алынганына карабастан коргонууга кудурети жетээрин көрсөтүүнү көздөйт.
Ошондой эле Путин машыгуулар аркылуу НАТО уюму Орусияга коркунуч жаратып жатканын дүйнөлүк коомчулукка далилдегиси келет. Батыш мамлекеттери Орусияны агрессивдүү деп карашат. Бирок Москва НАТО уюмунун кеңейип жатканына кооптонот.
Учурда өлкөдө пенсия системасынын реформаларына каршы акциялар өтүп, экономика аксап жатканда, Орусиянын бийлиги көп акчаны машыгууларга короткону дагы сынга алынууда. Бирок Кремль "агрессивдүү жана душманчыл" аракеттерден улам ири аскердик машыгууларга негиз бар экенин жүйөө келтиришүүдө.

НАТО уюму кандай жооп кайтарды?
НАТО уюмунун басма сөз катчысы «Чыгыш-2018» машыгуулары боюнча кабардар экенин жана байкоо жүргүзүлөөрүн билдирди.
"Бардык мамлекеттер аскердик машыгууларды өткөрүүгө укуктуу. Бирок алар ачык-айкын өтүшү керек. «Чыгыш-2018» Орусиянын чоң салгылашууларга даярданып жатканын далилдейт. Биз мурда байкагандай эле, Орусия аскердик бюджетин көбөйтүп, аскердик аракеттерин кеңейтип, кубаттуулугун көрсөтүп жатат", -деди НАТО уюмунун басма сөз катчысы.
Ошондой эле Орусия НАТО уюмунун Москвадагы аскердик өкүлдөрүн машыгууларга байкоо жүргүзгөнү чакырган. Учурда НАТО Орусияга жооп кайтара элек.
Орусия менен НАТО уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле эмнеге чыңалды?
Москва Украинадагы Орусияга жан тарткан козголоңчу топторду колдоп, 2014-жылы Крым аймагын басып алгандан кийин Кремль менен НАТОнун мамилеси солгундады.
НАТО уюмуна мүчө мамлекеттер жооп катары Европанын чыгыш тарабына төрт миң кошумча аскерин жөнөткөн.

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN MINISTRY OF DEFENCE
Орусия НАТОнун Европада аскерлерин топтоп жатканын чагымчыл аракет деп атап, бул кадамда негиз жок экенин билдирген.
Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын Англияда ууландырылганы дагы абалды курчутту. Британия Скрипалды жана анын кызын Москванын буйругу менен ууландырышты деп айыптап, НАТО орус дипломаттарын артка жөнөткөн. Орусия дооматтарды четке кагып келет.
Президент Путин өткөн аптада эле НАТО уюмун Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан аскердик техникалары үчүн сындаган.
Өткөн жумада Орусиянын учактары НАТОнун аба аймагына багыт алганы үчүн Британиянын Румынияда жайгашкан аскердик учактары колдонулуп, эскертүү берилген. (AT)









