Орусия Жеңиш парадында алыстан башкарылган танкын көрсөтөт

Uran-9 robotic tank

Сүрөттүн булагы, mil.ru/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уран-9 танкы ракета, замбирек жана пулемет менен жабдылган

Орусия Жеңиш күнүнө арналган парадда алыстан башкарылган танкын жана башка жаңы муундагы куралдарды көрсөтмөкчү. Алар Сириядагы согушта сыналды деп айтылууда.

Уран-9 танкы ракета, замбирек жана пулемет менен жабдылган.

Президент Владимир Путин Совет доорунда калыптанган Жеңиш парадында жаңы куралдарын көрсөтүүнү кайрадан калыбына келтирди.

Кубаттуу армия Орусиянын улуттук уңгусунун бир бөлүгү болуп келген. Бирок Советтер союзу Кансыз согуш учурунда каражатты армияга жумшай берип, мамлекет банкрот болгон.

Союз ыдырап кеткенден кийин Орусиянын армиясы кризиске дуушар болуп, бюджет кескин кыскарган. Владимир Путин армияны заманбап, кубаттуу күчкө айландырды.

9-майда Орусиянын армиясы жаңы муундагы дрон, кемелерге каршы ракета жана жөө аскерлер үчүн унаалар көрсөтүлмөкчү.

Орусиянын Gazeta.ru агенттиги алыстан башкарылчу Уран-9 танкы Сирияда сыноодон натыйжалуу өткөнүн жазган. Уран-9 талаадагы миналарды тазалап өтө алат.

Uran-6 demining vehicle in action

Сүрөттүн булагы, Mil.ru/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алыстан башкарылчу Уран-9 танкы Сирияда сыноодон натыйжалуу өткөн

Gazeta.ru Уран-9 бутаны өзү таап аларын жазат. Бирок ок чыгаруу чечимди үч чакырымга чейин аралыкта жайгашкан аскер башчы кабыл алат.

Уран-9 Сириянын Пальмира, Алеппо жана Дайр аз-Заур шаарларында миналарды тазалоо үчүн колдонулган. Аны бир чакырым алыста турган аскер башкарган.

Уран-9 танкынын жардамы менен Сириянын аскерлери козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакка тез жылып барууга мүмкүнчүлүк алганы дагы айтылууда.

Ошондой эле Жеңиш парадына биринчи жолу жөө аскерлердин унаалары дагы катышат. Мотоцикл сымал унааларга пулемет орнотулган. Чакан AM-1 унааларын Орусиянын атайын аскерлери чалгын операциялар үчүн колдонот. AM-1 негизинен өтө катаал аймактарда колдонулган. Маселен, Арктика же чөлдөрдө бул унаалар өзүн мыкты көрсөткөн.

Russian troops on small new jeep, 6 May Victory Day rehearsal

Сүрөттүн булагы, Mil.ru/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, AM-1 негизинен өтө катаал аймактарда колдонулган
Russian troops on small new jeep, 6 May Victory Day rehearsal

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мотоцикл сымал унааларга пулемет орнотсо болот

Орусия парадда өзүнүн "Корсар" дронун дагы учурмакчы. "Корсар" кандай гана аба ырайы болбосун чалгын операцияларына катыша алат же алыскы аймактарга жүк жеткире алат. Ошондой эле дрондун ракета атуу мүмкүнчүлүгү да бар.

"Корсар" он саат бою, алты чакырым бийиктикте, 160 чакырым аралыкка чейин учуп баруу мүмкүнчүлүгү бар.

Korsar drone

Сүрөттүн булагы, Mil.ru/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Корсар" дронунун 160 чакырым аралыкка чейин учуп баруу мүмкүнчүлүгү бар

Орусиянын Коргоо министринин орун басары Юрий Борисовдун айтымында, өлкөнүн бир нече дрону бар. Бирок парадка "Корсар" жана тик учак сымал "Катран" дрондору гана катышат.

Москва шаарында шаршембиде күн ачык болсо тик учак менен аскердик учактар дагы парадка катышат.

MiG-31 аскердик учактары биринчи жолу жаңы муундагы "Кинжал" ракеталары менен учуп өтмөкчү.

MiG-31s with Kinzhal missiles

Сүрөттүн булагы, Mil.ru/facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кинжал" мурдагы "Искандер" ракетасынын жаңыланган үлгүсү

Президент Путин "Кинжал" ракетасы тууралуу айтып, өлкөдө өзөктүк куралдын жаңы мууну иштелип чыкканын билдирген. Мисалы, жаңы түрдөгү континенттер аралык баллистикалык ракета планетадагы ар бир аймакка радарга түшпөй туруп жете алат. Адистердин айтымында, "Кинжал" мурдагы "Искандер" ракетасынын жаңыланган үлгүсү. Бул ракета үндөн он эсе ылдам учат жана эки миң чакырым аралыкка чейин жете алат.

Russian stealth fighter, 2011

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Su-57 аскердик учактары эскирип бара жаткан MiG-29 жана Su-27 учактарын алмаштырмакчы

Орусия парадда биринчи жолу жаңы Su-57 (аны T-50 деп дагы аташууда) учактарын дагы дүйнөгө көрсөтмөкчү. Бул учактар дагы Сирияда сыноодон ийгиликтүү өткөн. (AT)