Кытай дүйнөдө алдыңкы куралдуу күчкө ээ болобу?

- Author, Дэвид Браун
- Role, BBC News
Кытай куралдуу күчтөрүн болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта бекемдеп жатат.
Ракета технологиясы, өзөктүк курал жана жасалма интеллект багытындагы Кытайдын алга кадам таштап жатканы Батыштагы көптөгөн байкоочулардын арасында олуттуу тынчсызданууну жаратты. Байкоочулар аскердик күчтү кармап турган глобалдык тең салмактуулук аябай өзгөрүүгө дуушар болуу алдында турат деп ишенип жатышат.
Президент Си Цзинпин Кытайдын куралдуу күчтөрүн 2035-жылга чейин модернизациялоого буйрук берди. Анын айтымында, куралдуу күчтөр 2049-жылга чейин "согушка катышып, жеңүүгө" жөндөмдүү "дүйнөлүк класстагы" аскердик күчкө айланышы кажет.
Бул аябай чоң милдет, бирок өлкө көздөгөнүнө баратат.
Ири каражат
Коргонууга канча жумшаганы боюнча "ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги" жана "көрсөткөн сандардагы мүчүлүштүктөр" үчүн Кытай айрым эл аралык эксперттердин сынына кабылып келет.
Бээжин расмий түрдө канча каражат жумшаганын жарыялабайт, бирок Батыштагы болжолдор боюнча Кытайдын куралдуу күчтөргө кеткен каражаты көбүнесе өтө эле көп.
Учурда Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүнө АКШдан кийин эле эң көп каражат жумшаган өлкө деп айтылат.
Кыязы, сиздин жабдык бул визуализацияга жараксыз
Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун маалыматына ылайык, Кытайдын аскердик бюджети өлкөнүн экономикалык өсүшүнөн бери эле дегенде он жылга алдыга кеткен.
Өзөктүк запасты бекемдөө
Ноябрда АКШнын Коргоо министрлиги Кытай 2030-жылга чейин өзүнүн өзөктүк запасын төрт эсеге чейин көбөйтөрүн божомолдогон. Министрликтен айтышкандай, Кытай "2030-жылга чейин жок эле дегенде 1000 согуштук башка ээ болуу ниетинде".
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары бул билдирүүнү "жапайы жана бир тараптуу" деп атап, өзөктүк куралдар "минималдык деңгээлде" кармалганын кошумчалаган.
Бирок Стокгольмодогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун эксперттеринин айтымында Кытай соңку жылдарда согуштук баштарды көбөйткөн. Аталган институт глобалдык запастар боюнча жыл сайын өз баяндамасын чыгарып келет.

АКШнын 5550 согуштук баш резервине салыштырмалуу Кытай бир топ эле артта. Бирок Кытайдын өзөктүк резерви Батыштын аскердик үстөмдүгүнө карата эң чоң коркунуч катары каралууда.
"Кытайдын өзөктүк куралдары аябай маанилүү маселе", - дейт Лондондогу Королдук бириккен кызмат институтунун өкүлү Вирле Ноувенс.
"Эки тарапта тең ири ишеним ажырымы бар. Диалог болсо керектүү болгон деңгээлде эмес".
Гиперсоникалык келечек
Гиперсоникалык ракеталар үндүн ылдамдыгына караганда беш эсе тезирээк уча алат.
Алар интерконтиненталдык баллистикалык ракеталар сыяктуу өтө ылдам эмес. Айрым аба коргонуу аракеттерине эч кандай деле кажет калбагыдай деңгээлде аларды учуу маалында байкоо өтө оор.
"Кытайлар кыйла аркада экенин түшүнүп турушат. Ошондуктан алар арышты узун таштап, башка державаларды кууп жетүүгө аракет кылууда", - дейт Лондон Королдук коллежинин кызматкери доктор Зено Леони.
"Гиперсоникалык ракеталарды иштеп чыгуу — алар көздөгөн нерсеге жетүүнүн жолдорунун бири".

Кытай гиперсоникалык ракеталарды сыноодон өткөргөнүн четке кагып келет, бирок Батыштагы эксперттер өткөн жай мезгилинде учурулган эки ракета өлкөнүн дымагынан кабар берет деп ишенишет.
Кытай кандай системалардын үстүнөн иштеп жатканы так эмес. Негизинен эки түрү бар:
- Жер атмосферасынан чыкпай каалгып учкан гиперсоникалык ракеталар
- Бутаны көздөй ылдам аракетке өткөнгө чейин төмөнкү орбитада учкан орбиталык бомбалоочу системалар (ОБС)
ОБС маневр жасай алган космостук кемеден гиперсоникалык ракета атуу менен Кытай аталган эки системаны бириктирип чыгарууда ийгиликке жеткен болушу да ыктымал.

Доктор Леонинин айтымында, гиперсоникалык ракеталар туруш турпаты менен оюнду өзгөртө албашы мүмкүн, алар айрым буталарды кол салууга каршы алсыз кылат.
"Гиперсоникалык ракеталар айрыкча учак ташуучу каражаттарды коргоону аябай кыйындаштырат", - дейт ал.
Бирок, анын оюнча, Батыштагы айрым расмийлер Кытайдын гиперсоникалык ракеталарын көбүртүп-жабыртып жиберген болушу ыктымал. Батыштагылар аскердик космостук технологияга каржылоо алуу үчүн мүмкүн болушунча маселени олуттуу кылып көрсөтүүгө кызыкдар.
"Коркунуч бар экени чын. Бирок ал көбүртүп-жабыртылып жаткан болушу да мүмкүн".
Жасалма интеллект жана кибер чабуул
АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кытай азыр "акыл-эстүү" согуштук куралдарды же болбосо кыйратуучу технологияга негизделген болочоктогу аскердик ыкмаларды иштеп чыгууга толугу менен киришти.
Маалыматтар боюнча, Кытай аскердик робототехникада жана ракетаны жетектөө системаларында жасалма интеллектти эбак эле колдонуп келаткан болушу ыктымал. Ошондой эле, аты аталбаган аба каражаттары жана аты аталбаган деңиз каражаттары дагы бар.
Жакында эле жарыкка чыккан эксперттик баага ылайык, Кытай чет жерде ири масштабдагы кибер операцияларды ишке ашырган.
Июль айында Британия, АКШ жана Евробиримдик Кытайды Microsoft Exchange серверлерин көздөй ири кибер чабуул уюштурганы үчүн айыптап чыккан.
Чабуулдун натыйжасында дүйнө жүзү боюнча бери эле дегенде 30 миң уюм жабыр тартып, ири масштабдагы чалгынды ишке ашырууну, анын ичинде жеке маалыматтарга жана интеллектуалдык менчикке ээ болууну көздөгөнү айтылат.
Дүйнөнүн эң ири, бирок эң күчтүү эмес, деңиз аскери
Кытай АКШны артта калтырып, дүйнөдөгү эң ири деңиз флотуна ээ болуп калды. Бирок эксперттердин белгилешинче, жөнөкөй эле кемелердин санын салыштыруу деңиз флотунун жөндөмүн аныктоочу башка көптөгөн факторлорду көз жаздымда калтырып коёт.
Бирок, алардын айтымында, трендге талдоо жүргүзүү пайдалуу болушу мүмкүн.

Азырынча деңи аскердик жөндөмү жагынан АКШ алдыда ишенимдүү баратат. АКШда 11 учак ташуучу каражат болсо, Кытайда экөө. Өзөктүк деңиз астында сүзүүчү кеме, крейсерлер жана кыйратуучу чоң кемелери дагы көп.
Бирок Кытай өзүнүн деңиз флотун андан аркы баскычка чыгарары күтүлүп жатат.
Бээжиндеги Цинхуа университетинин кызматкери, Элдик боштондук армиясынын мурдагы улук полковниги Чжоу Бо деңиз аркылуу келе турган коркунучтарга туруштук берүү үчүн деңиз аскерин күчтөндүрүү Кытай үчүн "аябай маанилүү" экенине ишенерин айтат.
"Алдыбызда турган эң чоң көйгөй — Кытай сууларындагы Американын провокациясы сыяктанган нерсе".
АКШнын Деңиз флотунун боможолу боюнча, 2020-жылдан 2040-жылга чейин Кытайдын аскердик деңиз кемелери дээрлик 40% чейин көбөйөт.
Бүдөмүк келечек
Кытай конфронтациялык эмес позициядан коркутуучу позицияга өтөйүн деп жатабы?
Азырынча Кытайдын мамилеси "согушпай туруп жеңүү" дейт доктор Леони. Бирок ал Кытай мындай стратегиясын келечекте өзгөртүшү мүмкүн деп кошумчалады.
"Толугу менен модернизацияланган деңиз күчүнө айлануу бурулуш учур болушу ыктымал".
Бирок улук полковник Чжоу Батыштын коркконуна негиз жок деп көшөрөт.
"Кытай АКШга окшоп дүйнөнү көзөмөлдөөгө ниети жок", - дейт ал. "Эгер бир күн келип Кытай аябай күчтөнө турган болсо, ал өзүнүн негизги саясатын карманат".
1979-жылдан бери Кытай согушка катышкан эмес. Анда ал Вьетнам менен согушкан болчу. Ошондуктан анын аскердик мүмкүнчүлүктөрү сыноодон өтө элек.
Батышта да, Кытайда да көпчүлүк ал ошол бойдон калат деп үмүттөнөт. (EA)
Графикалардын авторлору: Сандра Родригез Чиллида, Жой Роксас жана Шон Вилмот











