Жакынкы Чыгышта кимде дрон бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сауд Арабиянын Коргоо министрлиги дрон жана ракеталардын калдыктарын көрсөтүп, алардын Ирандан атылганын айтышууда. Өткөн ишемби күнү Сауд Арабиянын мунай объекттерине эки жолу кол салуу болуп, мунайдын баасы кескин жогорулады.
Риад кол салууда 18 дрон жана жети ракета колдонулганын айтып, алар Йемен тараптан атылган жок деп белгиледи. Буга чейин чабуулга Йемендеги хусит козголоңчулары жоопкерчиликти алган эле.
Мунай объектилерине болгон чабуулдан кийин дүйнөлүк мунай өндүрүшү беш пайызга кыскарды. Сауд Арабиянын мунай объектилери эми бир нече аптадан кийин гана ишке кирет.
Сауд Арабия менен АКШ чабуулдун артында Тегеран турат деп айыптаганы менен, Иран өз кезегинде "АКШ алдамчылык саясат жүргүзүп жатат" деген пикирин билдирди. Тегеран Вашингтон менен Риаддын айыптоолорун четке кагып, аларды курулай доомат деп атады.
Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Жонатан Маркустун айтымында, Ирандын чабуулдагы ролу боюнча эч кандай далил көрсөтүлө элек, бирок далилдер табылса Перс булуңу кайрадан жаңжалдын жарына барып такалат.
Би-Би-Си Жакынкы Чыгышта кимдин дрону бар экенин жана алар качан колдонулганын иликтеди.
Жаңы курал
Дрон биринчи жолу 2001-жылы октябрь айында Ооганстандагы жаңжалда колдонулган. Анда АКШнын аскерлери согуштун биринчи күнүндө түн ортосунда "Талибан" кыймылына каршы дрон менен кол салган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Башында алыстан башкарылган дрон жаңы технология катары каралып, Израиль менен АКШ бул багытта лидер болуп келаткан.
Кытай сыяктуу мамлекеттер курал технологиясын өнүктүрүп, эки лидерди тез арада кууп жетти. Дүйнөлүк курал-жарак базарына өзүнүн технологиясын сунуштай баштады. Жакынкы Чыгышка Бээжин биринчилерден болуп дрон саткан. Кытайдын дрондору учурда дүйнө жүзүнө тарап жатат. Сентябрь айында Сербия Кытай чыгарган алыстан башкарылган дронду сатып алган биринчи европалык мамлекетке айланды.
Жарандык дрондор дагы тез өнүгүп, азыр армиясы күчтүү делген ар бир мамлекет аскердик дрон өндүрө алат - албетте, алардын арасында Иран дагы бар. Андан тышкары мамлекеттик эмес топторго, Йемендеги хусит сыяктуу козголоңчулардын колуна дрондор Тегерандын жардамы менен тийген.
Кимде дрон бар?
Жакынкы Чыгыш террордук топторго каршы согуштун чордонуна айланды. Аймактагы жаңжалдарга эң алдыңкы аскердик технологиясы бар мамлекеттер дагы аралашууда - АКШ, Улуу Британия менен Орусия.
Ошондой эле Жакынкы Чыгышта бир нече мамлекет ачык тирешип келет. Мисалы, бир тарапта Израил менен Араб мамлекеттери, экинчи тарапта Иран жана Тегеран колдонгон "Хезболла" же хуситтер сыяктуу топтор.
Ошондой эле Сауд Арабия менен Иран региондогу таасир талаш, үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүп келүүдө. Диний көз караштардын дал келбегени алардын тирешин андан бетер тереңдетти.
Орусия
Орусия алыстан башкарылган дрондорун негизинен Израилден сатып алат. Ошол эле учурда мамлекет өзү дагы чыгарат.
Дрондор массалык түрдө биринчи жолу Сириядагы жаңдалда колдонулуп, абадан коргонуу системасына коркунуч жаратты. Козголоңчу топтор алыстан башкарылган дрондор менен Орусиянын учактары жайгашкан базаларга кол салган.

2017-жылдын аягында Орусиянын Хмеймим базасына чабуул уюштурулган. Орусиянын Коргоо министрлиги эки аскер каза тапканын, козголоңчулар "миномет" менен аткылашканын маалымдаган. Ал эми Латакиядагы Хмеймим базасында жайгашкан орусиялык аскер Би-Би-Сиге маек куруп, 31-декабрда объектти миномет эмес, дрондор бутага алганын айткан.
2018-жылдын 8-январында Орусиянын Коргоо министрлиги 6-январда Хмеймим базасына дагы бир кол салуу болгонун, анда алыстан башкарылган 13 учуучу аппарат колдонулганын кабарлаган.
2014-жылы Орусиянын Аскердик авиация программасынын башчысы Владимир Михайлов "Сухой" корпорациясы дрондун үстүндө иштеп жатканын маалымдаган. 2019-жылы алыстан башкарылган "Охотник" дрону биринчи жолу абага көтөрүлгөн. Жаңы муундагы дрон "стелс" технологиясын колдонуп, радарларга көрүнбөй уча алат.
Израил
Израил дрон технологиясын өнүктүрүү боюнча пионер катары таанылган. Бул мамлекет аскердик эмес дрондорду дагы экспорттоо боюнча эң алдыңкы саптарда турат. Учурда дүйнөлүк базардагы аскердик эмес дрондордун 60 пайызын Израил чыгарган. Аскердик дрондорун Израил экспорттоодон баш тарткан.
Израил көзөмөл, байкоо жүргүзүү үчүн дрондорду дагы чыгарат. Орусия дал ушундай дрондорду Израилден сатып алат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Иран
Санкция менен эмбаргого карабастан, Иран алыстан башкарылган кубаттуу дрондорду өндүрүүгө жетишти.
Shahed-129 дрон биринчи жолу 2012-жылы колдонулган. Анда Тегеран Сирия менен Ирактагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун согушкерлерин дрон менен бутага алган. Ал эми Mohajer 6 дрону 2016-жылдан тарта чыгарылууда.
Иран бул технологияны Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттик эмес куралчан топторго жайылтуусу менен дагы белгилүү. Ливандагы "Хезболла" тобу же Йемендеги хусит козголоңчулары Иран өндүргөн дронду колдонушат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Башка мамлекеттер
Бириккен Араб Эмирлиги Кытайдын Wing Loong 1 дронун Йемен менен Ливиядагы жаңжалдарда колдонду.
Түркия дагы дрондорун Ливияда колдонгону белгилүү. АКШ дрондорун Анкарага сатуудан баш тарткандыктан, Түркия аргасыздан куралды өзү чыгара баштаган. Бул дрондор Түркиянын ичиндеги жана Сириядагы күрт жикчилдерге каршы колдонулуп келет.
Ирак, Иордания, Сауд Арабиясы, Египет менен Алжир алыстан башкарылган дрондорду Кытайдан сатып алат.












