Эмнеге Иран менен Сауд Арабия келишкис душманга айланган?

Сүрөттүн булагы, Reuters/EPA
- Author, Жонатан Маркус,
- Role, Би-Би-Си
Эмне үчүн Сауд Арабия менен Иран тил табыша албайт?
Эки кубаттуу коңшулаш өлкөлөр региондогу таасир талаш, үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүп келүүдө. Диний көз караштардын дал келбегени алардын тирешин андан бетер тереңдетти. Иранда шииттер үстөмдүк кылат, ал эми Сауд Арабиясы өзүн исламдын суннит бутагынын лидери санайт.
Ислам дини Сауд Арабия аймагында негизделгендиктен, бул өлкө өзүн тарыхый жактан ислам дүйнөсүнүн лидери санайт.
Бирок 1979-жылы Иранда ислам ыңкылабы ишке ашып, жыйынтыгында региондо теократиялык мамлекет пайда болду жана бул моделди башка өлкөлөргө жайылтууну максат кылды.
Сауд Арабия менен Иран ортосундагы тирешүү өзгөчө соңку он беш жылдан бери чыңалып жатат.
2003-жылы АКШ башында турган коалиция Ирактын лидери, суннит агымын өкүлү Саддам Хусейнди бийликтен сүрдү. Ал Ирандын негизги душмандарынын бири эле. Ошондон бери Ирак Ирандын таасирине тең салмакты кармай албай калды.
2011-жылга кайрылып көрөлү, "Араб жазы" аталган толкундоолор күч алып, региондогу саясий туруксуздуктун себеби болду. Иран менен Сауд Арабиясы бул абалды өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, таасирин арттырууга умтулуп баштады. Тагыраагы, Сирия, Бахрейн жана Йеменде. Бул ортодогу ишенимге андан бетер көлөкө түшүргөн. Ирандын оппоненттери Тегеран региондогу таасирдүү күчкө айлангысы келет деп мүнөздөшөт.
Эмне үчүн абал начарлап кетти?
Стратегиялык тирешүү тереңдеп барууда. Анткени Иран көп көрсөткүчтөр боюнча региондук күрөштө утушта турат.
Сирияда президент Башар Асад Ирандын (жана Орусия) жардамы менен Сауд Арабиясы колдогон оппозициялык күчтөрдү баса алды.
Саудиялыктар Ирандын өсүп барткан таасирин токтотууга катуу каршы турууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Иш жүзүндө өлкөнү башкарып жаткан мураскер жаш ханзада Мохаммеда бин Салмандын милитаристтик авантюризми регионалдык чыңалууну ого бетер күчөттү. Ал коңшулаш Йемендеги көтөрулүшчүлөр менен согушуп жатат. Муну менен ал жерде Ирандын таасирин жок кылууга умутулугандай. Бул авантюра өтө эле көп каражатты талап кылат.
Ошол эле маалда Ливанда саудиялыктар премьер-министрдин отставкасын талап кылууда дейт айрым байкоочулар. Ливанда Иран колдогон шииттик "Хезболла" тобу негизи ролду ойноп, куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөп тураары жалпыга маалым.
Сырткы дагы оюнчулар бар. Сауд Арабиясы Дональд Трамптын администрациясынын колдоосуна ишенет. Иранды чоң коркунуч катары көргөн Израиль болсо кайсыл бир маселелерде саудиялыктарды колдоого алууда.
Израиль Иран күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнүп жаткан жоочулар Сириядан чек арасына жакындап келбейби деп кооптонот.
Израиль менен Сауд Арабиясы 2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимге активдүү каршы болгон.
Региондогу союздаштар
Сауд Арабиясынын негизги союздаштары сунниттик агымды карманга өлкөлөр - БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Египет жана Иордания.
Ирандын союздашы катары Сирия өкмөтүн атаса болот. Ошондой эле негизинен шииттерден турган Ирак өкмөтүн дагы Иранга жакын деп айтса болот.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Иран менен Сауд Арабия бири-бири менен түз каршылашып, курал кезешкен жери жок. Бирок алар колдогон күчтөр региондогу куралдуу жаңжалга аралашууда. Мунун айкын мисалы Сирия.
Сауд Арабия бийлиги Иранды Йемендеги хусит тобуна баллистикалык ракета берген деп айыптады. Ракета Сауд Арабиянын аймагына атылгандан кийин, эки өлкө бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү жаадырышты.
Иран менен саудиялыктардын келишпестигине кошумча май тамызган жаңжалдардын бири Йеменде жүрүүдө.
Ушул күнгө чейин Эр-Рияд менен Тегеран башкалардын колу менен чок кармап келди. Түз тирешүүгө эки тарап тең барган жок. Бирок хуситтердин Сауд Арабиянын мунай өндүргөн ишканаларына чабуулунан кийин бул тең салмактуулук бузулушу мүмкүн деген чочулоо бар. (AbA)










