Сауд Арабиядагы чабуулдан кийин мунайдын баасы кымбаттады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сауд Арабиянын мунай объекттерине эки жолу кол салуу болгондон кийин мунайдын баасы кескин жогорулады. Ишемби күндөгү чабуулда дүйнөлүк мунай өндүрүшү беш пайызга кыскарган.
Дүйшөмбү күнү Брент үлгүсүнүн бир баррели 19 пайызга өсүп, 71.95 долларды түздү. Ал эми West Texas Intermediate үлгүсүндөгү мунайдын баасы 15 пайызга жогорулап, 63.34 долларга чыкты.
АКШнын президенти Трамп базардагы мунайдын тартыштыгын жайгаруу үчүн америкалык мунай корун колдонууга буйрук бергенден кийин баалар бир аз турукташкан.
Сауд Арабиянын мунай объекттери бир нече аптадан кийин ишке кирет. Ишемби күнү дүйнөдөгү эң чоң мунай иштеткен объект бутага алынды. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуулдун артында Тегеран турат деп айыптаганы менен, Иран өз кезегинде "АКШ алдамчылык" саясат жүргүзүп жатат деген пикирин билдирди. Тегеран Вашингтондун айыптоолорун четке кагып, аларды курулай доомат катары атады.
АКШнын лидери бул боюнча пикирин адаттагыдай эле "Твиттер" баракчасына жазды. Чабуулдун артында "ким турарын жакшы билерин" жана Вашингтон Сауд Арабия менен кеңешип, жооп кайтара турганын жазды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Мунай тартыштыгы эмнеге алып барат?
Сауд Арабиясы чабуул боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. Кишилей чыгымдар гана болбогонун ырастаган. Ал эми өлкөнүн энергетика министри ханзада Абдулазиз бин Салман мунай өндүрүштөгү кыскартууларды кампада сакталган резервдер менен толукталат деп маалымдады.
Сауд Арабиясы дүйнөдөгү эң ири мунай экспортеру, өлкө күнүнө жети миллион баррел май сатат.
"Жакынкы Чыгыштагы абал күндөн күнгө курчуп бара жатат. Дем алыш күндөрү болгон чабуул жок дегенде дагы бир аптадай дүйнөлүк базарга терс таасир тийгизет",-деди OANDA компаниясынын аналитиги Жеффри Хейлли. (AT)














