Кампасы бөксө калдыраган мунай заводдор

- Author, Венера Осмокеева
- Role, журналист, Бишкек
Соңку эки айда өлкөдө бензиндин баасы кескин жогорулады. Күйүүчү жана майлоочу май наркынын өсүшүн Россия заводдорунда мунай баасынын жогорулап жатканы менен байланыштырышууда. Ал эми Кыргызстандын нефтини кайра иштетүү заводдору азыркы күнгө чейин ички рынокту жетиштүү деңгээлде күйүүчү май менен камсыз кыла албай келет.
Кыргызстан үчүн күйүүчү жана майлоочу майдын негизги булагы болгон Орусияда мунайдын наркы майда 10 пайызга чейин кымбаттады. Мындай көрсөткүч июнда дагы уланып, баа 2-4 пайызга чейин көтөрүлдү. Орусия заводдорунда нефти баасы өсүп жатканы Кыргызстанга дагы таасирин тийгизбей койгон жок. Өлкөдө бензин 42,5 тыйындан 48 сомго чейин көтөрүлдү. Кыргызстанга мунай продукциянын 80 пайызы дал ушул Орусиядан келет.
"Кийинки айларда кандай өзгөрүүлөр болуп кетет билбейбиз. Учурда өкмөт жана Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге жөнгө салуу иштери жүрүүдө. Бирок негизсиз кымбаттоо болгон жок. Объективдүү факторлордун негизинде болуп жатат",- дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов.
Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү үч ири завод бар. Алардын бири кубаттуулугу сегиз жүз миң тоннадан ашкан Кара-Балтадагы "Жунда" ишканасы. Экинчиси кубаттуулугу беш жүз миң тоннага жеткен Жалал-Абад мунай заводу. Үчүнчүсү кубаттуулугу төрт жүз миң тонна болгон Токмок мунай ишканасы. Жалпылап алганда бир жарым миң тоннадан ашык мунайды кайра иштетүүгө күчү жетиштүү болгон ишканалар учурда өлкөнүн керектөөсүн 20 пайызга гана камсыздайт.
"Россия үч жылдан бери Кыргызстанга чийки мунай берүүгө даярдыгын билдирип келе жатат. Биз ошону алып келип, иштетүүгө жарабай жатабыз. Кыргыз өкмөтү буга абдан чоң көңүл бурушу керек. Эгер Орусиядан чийки зат ташып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, биз 90-95 пайызга өзүбүздү- өзүбүз күйүүчү жана майлоочу май менен камсыздай алабыз. Майдын баасы дагы 20-25 пайызга арзан болмок. Бул маселени чечүүнүн эң негизги жолу. Учурда "Жунда" заводу иштемиш болуп, мүмкүн өз кызыкчылыгын канааттандырып жатышы мүмкүн. Алар ишти жөнгө сала албаса, өкмөт ишкананы 30-40 жылга ижарага алуусу керек. Эптеп- септеп эмес, ишкананы 100 пайыз иштетүү зарыл. Болбосо, Орусиядан көз каранды болуп отура беребиз. Буга өкмөттүн күч кубаты жетет",- дейт экономист Жумакадыр Акенеев.
"Жунда" заводунун директорунун өндүрүш иштери боюнча орун басары Нурдин Акматовдун айтымында, ишкана өткөн жылы төрт жүз миң тонна чийки мунайды кайра иштетип чыгарды. Быйыл пландык көрсөткүч - алты жүз миң тонна. Анын жетимиш беш пайызы даяр продукция болуп чыгат.

Коңшу Казакстан мамлекетинде мунайды кайра иштетүү күч алып, өндүрүштүн көлөмү көбөйгөндүктөн, Кыргызстанга мунайды аталган мамлекеттен ташып келүүгө шарт түзүлүүдө. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен келишимге кол коюла элек. Адистердин айтымында, маселе чечилсе Казакстандан бажы салыгы жок чийки мунайды ташып келүүгө мүмкүн болот. Орусияга салыштырмалуу Казакстанда мунайдын баасы төмөн. Андыктан Кыргызстан чийки затты коңшу өлкөдөн сатып алса, мамлекет үчүн арзанга турмак.
Соңку күндөрү Орусиянын өзүндө дагы бензиндин кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүүдө. Путин муну энергетика ресурстарындагы туура эмес тескөөнүн кесепети деп жатат.








