Иран танкери: АКШ кеменин капитанына миллиондогон доллар сунуштады

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандын мунай ташыган кемесинин капитанына миллиондогон доллар сунуштаганын ырастады.
АКШнын расмийи Брайан Хук Adrian Darya 1 (мурда Grace 1) танкеринин капитанына электрондук кат жолдогон. Анда кемени АКШ кармап кете алчу аймакка айдап келсе, теги индус капитанга миллиондогон доллар берээри жазылган.
Июль айында Гибралтар кысыгында британдык деңиз аскерлери чийки мунай тартып бараткан ирандык кемени кармап алган. Танкер АКШ менен Европа Биримдигинин санкцияларын бузган деген айып коюлган. Иран бийлиги кеменин Сирияга багыт албаганын айткандан кийин Adrian Darya 1 бошотулган. АКШ бул кадамды кескин сынга алып, танкерди бошотпоого чакырган.
Шаршемби күнү Financial Times басылмасы Мамлекеттик департаменттин кеменин капитанына акча сунуштаганын жазып чыкты. Электрондук катта Мамлекеттик департаментке байланышка чыгуу сунушу дагы айтылган. Капитан Акхилеш Кумар катка жооп берген эмес. Кийин Вашингтон ага дагы санкция салды.
"Кеменин командирлерине жана ага ээлик кылган компанияга байланышка чыгууга аракет кылдык",- деди АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы.
Өткөн жума күнү Вашингтон Adrian Darya 1 кемесин кара тизмеге киргизди. АКШ танкердеги 2,1 миллион чийки мунай заты Сирияга багытталганын айтып келет. Президент Трамптын администрациясы Ирандын жүк ташыган компаниясына каршы санкция жарыялап, Тегеран түзгөн системага тоскоолдук жараткан адамга 15 миллион доллар сунуштады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Ирандын тышкы иштер министри Жафад Зариф өз кезегинде АКШ "пара сунуштап" жатканын "Твиттер" баракчасына жазды.
АКШ менен Иран ортосундагы чыңалуу
Трамп өткөн жылы өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы санкцияларды жарыялагандан кийин АКШ менен Ирандын мамилеси чыңалды.
Май жана июнда Перс булуңунда бир нече мунай танкерлерине кол салуу болуп, АКШ Тегеранды айыптаган. Иран өз кезегинде бул дооматтарды четке кагып келет. Чыңалган абалдан улам АКШ бийлиги Перс булуңуна Patriot үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасын жана бир нече аскер кемелерин жөнөткөн.
20-июнда аба мейкиндигин бузуп кирген америкалык чалгынчы дронду Иран атып түшүргөнүн билдирген. АКШ бул пилотсуз учактын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык экенин ырастаган, бирок дрон эл аралык аба мейкиндигинде учуп жүргөнүн айткан эле.
Эки тараптын аймактагы тирешүүсүнөн улам согуш тутанып кетпейби деген кооптонуулар бар. Бирок Тегеран менен Вашингтон согушту каалабай турганын улам-улам айтып келүүдө.
Перс булуңу дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Аймактагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде таасир талаштан улам агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот. (AT)












