Роухани: АКШ санкцияларды алганда гана Трамп менен жолугам

Iranian President Hassan Rouhani speaks in Tehran on 27 August 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роухани "диолгду баштоо үчүн АКШ сакнцияларды алышы керек" деп билдирди

Ирандын президенти Хасан Роухани диалог баштоо үчүн АКШны санкцияларды жоюуга чакырды.

"Бул кадамга барышпаса, эшик жабык бойдон кала берет",-деди Роухани.

Мамлекеттик телеканалдагы кайрылуусунда президент Роухани Иранга коюлган айыптар мыйзамсыз экенин белгиледи.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын лидери Хасан Роухани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирген эле. Бирок эки лидердин сүйлөшүүлөрүн уюштуруу жана эки мамлекеттин мамилесин жөнгө салуу оңой болчудай эмес.

Composite photo showing Donald Trump and Hassan Rouhani

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын лидери бардык тарап "эрежелерди сактагандан" кийин гана сүйлөшүүлөрдү баштаса болот деп айтты

Жекшемби күнү "Чоң жетиликтин" сүйлөшүүлөрүнүн бирине Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф катышты. Бул кадам Дональд Трамп үчүн күтүүсүз болгону айтылууда.

Саммиттин алдында Зариф Франциянын президенти Макрон менен жолуккан. Президент Макрон Иран менен АКШнын ортосундагы мамилени жумшартууга аракеттенүүдө.

Officials including President Macron and Javad Zarif around round table in Biarritz

Сүрөттүн булагы, Javad Zarif

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мохаммад Зариф Биариццедеги сүйлөшүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады

АКШ 2015-жылы Иран менен жетишилген өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден бери эки өлкөнүн мамилеси бузулду. Бирок келишимге кол койгон беш мамлекет макулдашууну сактап калууну көздөп турат.

Президент Трамп болсо Иран менен жаңы келишимге жетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

"Эки жарым жыл мурун мен президент катары ишке киришкенден бери Иран өзгөрдү. Менимче, Иран дөө-шаа мамлекетке айлана алат. Бирок алар өзөктүк куралга жетүү долбоорун токтотушу керек",-деди Трамп.

АКШнын лидери бардык тарап "эрежелерди сактагандан" кийин гана сүйлөшүүлөрдү баштаса болот деп айтты. Буга чейин Ирандын лидери Роухани, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн дүйнөнүн ар бир лидери менен сүйлөшүү өткөрүүгө кызыкдар экенин айткан.

"Өлкөмдүн өнүгүүсүнө шарт түзө турган болсо же айрымдардын жеке маселелерин чечүүгө жол ача турган болсо, мен эч тартынбайм, сүйлөшүүлөргө барам",-деп айткан эле Роухани.

Трамп бул кайрылуусун 24-26-августта Франциянын Биарриц шаарында өткөн "Чоң жетиликтин" саммитинде айтты. Жолугушууга Франция, Германия, Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ жана Жапония катышты. Саммитте "Брексит" көйгөйүнөн тарта эл аралык соода, Иран маселеси жана Амазондогу токой өртү талкууга алынды.

Келишим эмнеге жокко чыгарылды эле?

Президент Трамп 2015-жылы жетишилген келишимди сындап, бир тараптуу чыгып кеткен эле.

Келишимге Иран жана алты өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынганы бар. Ошондой эле, Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

Президент Трамптын чечиминен кийин, 2016-жылы алынган санкциялар кайрадан күчүнө кирди.

Бирок АКШдан башка мамлекеттер, өзгөчө Европа Биримдиги Иран келишимди урматтап, талаптарды аткарып жатат деген пикирде. Европа өлкөлөрү Иранга каршы санкция жарыялаган жок. Алар келишимде кала берерин жар салган.

Вашингтондун дүйнөлүк соода тармагындагы салмагынан улам, АКШ санкцияларды жарыялагандан кийин бир нече эл аралык компания Ирандагы инвестицияларын токтотуп, мунай сатып алуусун дагы чектеди.

"Чоң жетиликтин" саммитиндеги кыска жолугушуусунан кийин Ирандын тышкы иштер министри Жафад Зариф "Твиттер" баракчасына сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өткөнүн, бирок "алдыда көп кыйынчылыктар бар экенин" жазды.

Франциянын президенти Макрон болсо Трамп менен Руоханинин сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн "бардык шарттар" түзүлгөнүн маалымдады.

"Азырынча так күн белгилене элек. Бирок техникалык дискуссия башталды, чоң жылыштар бар",-деди Макрон.

Ошондой эле Франциянын лидери Ирандын президенти Роухани менен телефон аркылуу байланышып, "президент Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрсө, мунаса табыларын" айтканын билдирди.

Жаңы келишим эмнени камтышы мүмкүн?

2015-жылы жетишилген келишимде Ирандын өзөктүк долбоорун он жана он беш жылга чектеген. Анын ордуна санкциялар алынган.

Вашингтон 2018-жылы май айында келишимден бир тараптуу чыгып кетип, санкцияларды алуу үчүн он эки "талап" койгон. Анын ичинде Иран баллистикалык ракета программасын чектеп, регионалдык конфликттерге болгон кийлигишүүсүн токтотушу керек эле. Тегеран бул талаптарды четке каккан.

Дүйшөмбү күнү болгон маалымат жыйынында, президент Трамп жаңы келишим Ирандын "өзөктүк курал долбоору, баллистикалык ракета долбоору жана мөөнөттүк чектөө толугу менен алынышы" керек деп айтты.

Тегеран мындай сунушка макул болобу же жокпу азырынча белгисиз. Буга чейин Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиги Тегеран баллистикалык ракета боюнча программасын токтотууга макул болбойт деп кабарлаган.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Ал арада президент Макрон Ирандын өзөктүк курал долбоорун чектөө үчүн экономикалык компенсация төлөп берүү зарыл экенин айтты. АКШнын президенти Трамп бул сунушту колдоду. Учурда бир нече мамлекет Иранга насыя сунушташы ыктымал экенин маалымдалууда. (AT)