Иран санкцияларга туруштук бере алабы?
АКШ Ирандын мунай тармагына каршы жаңы катаал санкцияларды киргизди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын президенти Хасан Роухани дароо жооп кайтарып: "АКШнын Иранга каршы чагымчыл аракети ийгиликтүү болбойт. Аны так айта алабыз. Себеби алар кадам сайын артка чегинип жатат",-деди.
Ирандын экономикасы мунай экспортуна байланып калган. Ошондуктан жаңы санкциялар Тегеранга оор тийет. Европа Биримдиги болсо Иранда иш кылган компанияларды колдой турганын белгиледи.
Бирок бул компаниялар АКШнын санкцияларынан кооптонуп, Ирандагы иштерин токтотобу?
АКШ эмне себептен санкцияларды жарыялады?
Президент Трамп 2015-жылы жетишилген келишимди сындап, бир тараптуу чыгып кеткен эле.
Келишимге Иран жана алты өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынганы бар. Ошондой эле, Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.
Президент Трамптын чечиминен кийин, 2016-жылы алынган санкциялар кайрадан күчүнө кирди.
Бирок АКШдан башка мамлекеттер, өзгөчө Европа Биримдиги Иран келишимди урматтап, талаптарды аткарып жатат деген пикирде. Европа өлкөлөрү Иранга каршы санкция жарыялаган жок. Алар келишимде кала берерин жар салган.
Вашингтондун дүйнөлүк соода тармагындагы салмагынан улам, АКШ санкцияларды жарыялагандан кийин бир нече эл аралык компания Ирандагы инвестицияларын токтотуп, мунай сатып алуусун дагы чектеди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын санкциялары эмнени камтыйт?
Кошмо Штаттарынын соңку санкциялары Иранда бизнес кылган компанияларды АКШда иш алып барууга тыюу салат.
Ошондой эле АКШнын компаниясы Иранда иш алып барган ишкана менен алакасы бар болсо, ал дагы санкцияларга кабылат.
Ирандын банк тармагына дагы катаал чаралар каралган. Август айында алтын, баалуу металдар жана унаа тармагындагы соодага санкция жарыяланган.
АКШ жакын арада Ирандын мунай тармагына дагы санкцияларды катаалдаштырат. Азырынча сегиз мамлекетке Ирандан мунайды импорттоого уруксат берди. Алар бара-бара импортун азайтып, Тегеран обочодо калмакчы. Associates Press агенттиги кабарлагандай, АКШнын Индия, Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өнөктөштөрү жеңилдик берилген сегиз мамлекеттин катарында бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Санкциялардан айланып өтүү мүмкүнбү?
АКШнын катаал санкцияларынан айланып өтүү үчүн Европа Биримдиги атайын төлөм системаларын сунуштап жатат. Special Purpose Vehicle (SPV) же атайын төлөм системасы АКШнын финансалык системасында көрүнбөйт. Демек, чет өлкөлүк компанияларга Иранда ишин улантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
SPV системасы банк сыяктуу эле иш жүргүзөт. Иранга каражатты түз жөнөтпөстөн, SPV системасы аркылуу которсо болот. Мисалы, Иран Европанын мамлекетине мунай эксорттосо, аны сатып алган компания SPV системасына каражатты которот.
Ал эми Тегеран SPV системасындагы каражатты насыя катары колдонуп, Европа мамлекеттеринен товар сатып алууга укугу бар болот.
Ошондой эле Европа Биримдиги тарыхый мыйзамга толуктоо киргизип, АКШнын санкцияларына кабылган компанияларга компенсация төлөп берүүнү дагы караштырышты.

Европа Биримдигинин системасы иштейби?
Европа Биримдигинин төлөм системасына карабастан, АКШнын санкцияларынан улам Иран менен соода кылуу өтө эле кымбат болушу ыктымал.
Мисалы, Иранда мунай сатып алган компания каражатты SPV системасы аркылуу которсо, жүктү жеткирген компания Иран менен кызматташканы үчүн санкцияларга кабылышы ыктымал. Ал аз келгенсип Кошмо Штаттарында бизнес кылууга тыюу салынышы ыктымал.
Дал ушул чоң көйгөй болуп жатат. Иранда иш жүргүзгөн компаниялар каражатты которгону менен, АКШнын санкцияларына илинип калышы толук мүмкүн.
"Ирандын экономикасы АКШнын финансалык системасынан көз карандысыз. Бирок Тегеран кызматташкан өлкөлөрдүн көбү Вашингтондун системасына көз каранды. Алар соода алакаларды улантуу керекпи же жокпу таразалап жаткан учур", -деди Колумбия Университетинин адиси Ричард Нефью.

Орток пикир табылабы?
АКШ Ирандан импорттолгон мунайды толугу менен токтотууну көздөп турганын билдирди. Бирок бул кадам мунайдын баасын кескин өстүрөт. Демек, бул кадам Вашингтондун кызыкчылыгына дал келбейт.
Андан тышкары Ирандан мунайды сатып алууга уруксат берилген ири өлкөлөр бар. Кытай дагы Ирандын эң чоң соода өнөктөшү. Адистердин айтымында, мунун баары чоң роль ойнойт. 2010-2016-жылы Ирандын мунай тармагына санкциялар киргизилгенде, Тегерандын экспорту дээрлик 50 пайызга азайган.
Ирандын мунай экспортуна сокку болору бышык. Бирок Европа сыяктуу мамлекеттер Тегеран менен соода алакаларын улантууга аракеттенет.
"Бул Иранга абдан катуу тийет деп ойлобогула. Тегеран мындан дагы оор санкцияларды башынан өткөргөн", -деди Европа Кеңешинин өкүлү Элли Геранмая.
Иран мунайды экспорттоо үчүн жаңы ыкмаларды караштыра берет. Тегерандын бул багытта тажрыйбасы көп. Ал эми Европанын компаниялары ишин токтотсо, Тегеран Орусия менен Кытайга көңүлүн буруп, кызматташуусун күчөтүүгө аракеттенет.










