Макрон: АКШ Иран менен келишимден согуш чыгышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ дүйнөдөгү кубатуу өлкөлөр Иран менен 2015-жылы түзгөн келишимден чыга турган болсо, бул кадам согушка алып келет деп эскертти.
"Согуш башталып кетиши мүмкүн", - деди Макрон Spiegel журналына. -"Мен Дональд Трамп согушту каалап жатат деп ойлобойм".
Трамп менен Макрон Вашингтондо апрелде жолугушканда, француз президенти аны бул келишимден чыкпоого чакырган болчу.
Ирандын президенти Хассан Роухани келишимди кайра карап чыгууга караманча каршы чыгууда.
Ал АКШ келишимден чыга турган болсо, ал тарыхый масштабдагы жаңылыштык болуп калат деп жатат.
"Эгер Америка өзөктүк макулдашуудан чыкса, анда ал мындай тарыхый каталыгы үчүн өкүнүп калышы мүмкүн»,-деди Роухани жекшембиде Иран мамлекеттик телеканалына берген маегинде.

Сүрөттүн булагы, EPA
Роухани ошол эле учурда Трамптын чечимдерине карата Ирандын дагы өзүнүн планы бар экенин белгилеп, кандай чечим болбосун жоопсуз калбайт деп эскертти.
Трамп өз кезегинде келишимди жаратпай, эгер Конгресс менен европалык союздаштар 12-майга чейин келишимге өзгөртүүлөрдү даярдабаса, андан чыгып кете турганын эскертүүдө.
2015-жылдагы келишим
2015-жылы өзөктүк келишимге Иран жана алты ири өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.
Ирандын тышкы иштер министрлиги бул келишимди "тарыхый" кадам болду деп атаган. Иран менен АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия ортосундагы сүйлөшүүлөр 2006-жылдан бери натыйжасыз болуп келген.
Келишимге ылайык, Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макул болгон. Бирок Тегерандын шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.
Документте Иранга каршы санкцияларды алып салуунун мөөнөттөрү дагы белгиленген. (КС)










