АКШ Ислам революциясынын сакчыларын террордук уюм катары тааныды

АКШ Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусун эл аралык террордук уюм катары тааныганын жарыялады. Бул тууралуу президент Дональд Трамп билдирүү жасады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1979-жылы шах бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1979-жылы шах бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн

Бул Вашингтон башка өлкөнүн аскердик түзүмүн террордук уюм катары жарыялаган биринчи учур болуп калды. Ак үй билдирүүсүндө, Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусун эл аралык террордук өнөктүккө колдонуп жатат деп айыптады.

Буга жооп кылып Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер контингентин террордук уюм деп жарыялаганын мамлекеттик басылмалар жазып чыкты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иранга карата салынган мурдакы санкциялар күчүндө кала берерин айтууда.

Ал өзүнүн "Твиттер" баракчасына: "Иран жашоочуларына эркиндикти кайтарып берүү үчүн жардам берүү зарыл",-деп жазды.

Мурда АКШ ирандык бир нече уюмга жана Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешеси бар кишилерге каршы санкция киргизиген эле. Бирок уюмдун өзү эч кандай санкцияга кабылган эмес.

Трамптын өзөктүк курал боюнча келишимден чыгуу чечиминен кийин Вашингтон менен Тегеран ортосундагы чыңалуу күчөдү.

Өзөктүк курал келишимине 2015-жылы июль айында кол коюлган. Келишим 2016-жылы январда күчүнө кирген. 2018-жылы майда Трамп келишимден чыгып кетти. Келишимге Иран жана алты өлкө кол койгон эле. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынганы бар. Ошондой эле, Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

Параллелдүү армия

Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1979-жылы шах бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн. Максаты жаңы режимди коргоо жана Ирандын регулярдуу армиясы менен тең салмактуулукту кармоо эле.

Уюмдун 150 миң мүчөсү бар деп айтылып жүрөт. Корпустун өзүнүн жөө аскерлер, деңиз жана аба күчтөрү бар. Чалгын жана атайын бөлүктөргө ээ.

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын өзөктүк курал боюнча келишимден чыгуу чечиминен кийин Вашингтон менен Тегеран ортосундагы чыңалуу күчөдү

АКШ Ислам революциясынын сакчылар корпусун эмнеге айыптап жатат?

АКШ бийлиги буга чейин эле Сирия, Ирак, Ооганстандагы кырдаал үчүн Иранды айыптап келгени бар. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ушул өлкөлөргө жоочуларды жөнөтүп турат деп айтыптаган.

Трамптын администрациясынын өкүлү уюмду "ишенимдүү ортомчулар аркылуу дүйнө жүзүндөгү террордук акцияларды каржылайт" деп белгиледи.

"Алар жөн гана терроризмди колдоп жаткан жок. Террордук ишмердүүлүккө түздөн-түз тартылган",-деди Трамп администрациясынын өкүлү.

Ошондой эле америкалык чиновник Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп таануу чечими эки партия тарабынан тең колдоого алынып жатканын айткан. (AbA)