Иран 1979-жыл: Рухолла Хомейнини бийликке алып келгендерге эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ислам ыңкылабынын руханий лидери Аятолла Хомейни 15 жылдан кийин Иранга кайтып келип, Тегеранга конгондо тартылган тарыхый сүрөт. Анын жанында эң жакын санаалаштары турат. Бирок ыңкылапчылардын көбү бир нече жылдан кийин саясий тирештерден улам өлтүрүлөт.
Сүрөттөгү саясатчылардын бирөө гана аман калат. Калгандарына эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1.Муртаза Мутаххари - ислам ыңкылабынын идеологдорунун бири. 1970-жылы 1-майда аны Тегеранда атып кетишкен. Форган аттуу ислам тобу Муртазаны биз өлтүрдүк деп айтып чыккан. Бул топ Ислам жумуриятына каршы болчу. Алар ислам динин башкача кабыл алган деп айтылып жүрөт.
2.Хасан Лахути Эшкевари - Аятолла Хомейнинин эң жакын санаалаштарынын бири. Ыңкылаптан кийин эки лидердин пикири келишпей, Эшкевари Ирандын биринчи президенти Аболхасан Банисадрга жакындаган. Эки жылдан кийин ал камакка алынып, бир нече күндөн кийин каза болгон. Анын үй-бүлөсү Эшкевари ууландырылганын айткан.
3.Ахмад Хомейни - Аятолла Хомейнинин уулу жана "оң колу". Ал 1995-жылы жүрөк оорусунан көз жумган. Талдоочулар Ахмад Хомейни Ирандагы реформачыл күчтөргө жакын болгонун айтышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
4.Садек Котбзаде - Ыңкылаптан кийин Ирандын тышкы иштер министри катары дайындалган. Бирок 1980-жылы кызматтан алынган. Кийин Аятолла Хомейнини өлтүрүүгө аракеттенди деп айыпталып, 1982-жылы сентябрь айында атылган.
5.Аболхасан Банисадр - Ирандын биринчи президенти. Ал өлкөдөн качып чыгып, бозгунда жашаган. 1981-жылы 21-июнда Ирандын парламенти Банисадрга сыртынан импичмент жарыялаган. Ал Ислам республикасына каршы болгондорго жакындады деп айыпталган.
6.Садек Табатай - Ахмад Хомейнинин бажасы. Ыңкылаптан кийин жогорку даражадагы кызматтарды ээлеген. Кийин саясаттан алыстап кеткен. Садек Табатай 2015-жылы февраль айында рак илдетинен Германияда көз жумган.
7.Дариуc Форухар - сүрөттө бар деп жоромолдонууда. Бирок так маалымат жок. Ал диний лидерлердин өкмөткө келишине каршы чыккан. Дариуc Форухарды 1998-жылы Ирандын атайын кызматы өлтүрүп кеткен.
1979-жылы 1-февралда Аятолла Хомейни менен учакта бирге кайтып келгендердин көбү өлкөдөгү ички саясаттан улам жок кылынган. Хомейнинин эң жакын санаалашы деп айтылган экөө өлтүрүлгөн. Дагы бири чыккынчылык үчүн атылган, бири белгисиз себептерден улам каза тапкан. Хомейнинин бир гана үзөңгүлөшү аман калган, бирок ал бозгунда жүрөт.
Тагдырдын тамашасы болсо керек, сүрөттөгү саясатчылардын көбү, анын ичинде Аятолла Хомейнинин да үй-бүлөсү бийликтен алыстады. Азыркы Ирандын лидерлери таптакыр башкалар. Ирандын учурдагы жогорку лидери Хаменеиге жакын адамдар бул сүрөттө жок.








