АКШнын кысымы, Тегерандын талабы

Демонстранты в Тегеране

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандыктар экономикалык каатчылыкка туш болду

Президент Хасан Роухани эл аралык санкциядан улам Тегеран мурда болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын билдирди.

Өлкөдөгү экономикалык абал 1980-1988-жылдары болгон Иракка каршы согуш учурундагы жагдайдан дагы начарлап кетти, дейт президент Роухани. Буга АКШнын Иранга каршы санкциялары себеп болду.

"Согуш учурунда банк системасында, мунай соодасында, импорт жана экспортто эч маселе чыккан эмес. Бир гана курал-жарак сатып алууга чектөө киргизилген",- деди президент Роухани.

Өткөн аптада АКШ Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына кошумча күчтөрдү тартты. Тегеран америкалык базаларга чабуул уюштуруп жатат деп Вашингтон билдирген. Иран өз кезегинде АКШнын дооматтарын четке какты.

Президент Ирана Хасан Роухани

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Роуханиге каршы ички саясий күчтөр топтолууда

Өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан улам президент Роуханиге каршы ички саясий күчтөр топтолууда. Бирок Ирандын лидери санкцияларга туруштук берүү үчүн бардык топторду биримдикке чакырды.

Учурда Иран жана алты өлкө кол койгон өзөктүк курал боюнча тарыхый келишим жокко чыгабы деген суроо жаралды.

Келишимдин тегерегинде жаралган кырдаал боюнча кыскача түшүндүрмө.

File photo of Bushehr nuclear power plant in southern Iran (26 October 2010)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран өзөктүк долбоору тынчтык максатында экенин айтып келет

Келишимде эмне каралган?

2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

Ошондой эле Тегеран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

Келишимге АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Иран кол койгон.

Iranian President Hassan Rouhani is shown nuclear technology by Atomic Energy Organization of Iran chief Ali Akbar Salehi in Tehran on 9 April 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын президенти Тегеран келишимдин милдеттенмелерин аткарып келгенин бир нече жолу билдирген

Соңку чыңалган кырдаалга эмне түрткү болду?

АКШнын президенти Трамп 2018-жылы май айында келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды жарыялаган.

Ноябрь айында Ирандын мунай жана финансы тармагына каршы жарыяланган санкциялар күчүнө кирген.

Санкциялардан улам Иранда экономикалык кыйынчылыктар болуп, өлкөдө инфляция чоң көйгөйгө айланды.

Тегеран ага жооп катары келишимдеги айрым милдеттенмелерди аткарбай турганын билдирген. Анын ичинде Иран атомдук станцияга керектүү байытылган урандын ашканын чет өлкөгө сатпай турарын айтты.

Тегеран келишимдин милдеттенмелерин урматтайбыз деп жарыялаган беш мамлекетке алтымыш күндүн ичинде Ирандын мунай тармагын санкциялардан коргоп берүүнү талап кылды.

Anti-US mural in Tehran

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп шайлангандан бери Иран менен АКШнын мамилеси чыңалды

Бул талаптар аткарылбаса, Иран байытылган уран боюнча чектөөлөрдү четке кагып, өлкөдөгү өзөктүк станциянын реакторун кайрадан долбоорлоо боюнча талапты дагы аткарбайт.

АКШ эмнени каалап жатат?

АКШнын президенти Трамп 2015-жылы жетишилген келишимге Ирандын баллистикалык ракета программасын кошуп, Тегеранды Жакынкы Чыгыштагы конфликттерге кийлигишпөөсүн кошууну көздөп турат.

Иран болсо келишимди жаңыртууга кескин каршы чыгууда. (AT)