АКШ Иран менен согушка барабы?

Handout picture released by the US Navy on 8 May 2019 shows the Nimitz-class aircraft carrier USS Abraham Lincoln being replenished at sea by the fast combat support ship USNS Arctic (T-AOE 9)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Перс булуңуна кошумча аскердик кемелерин жөнөттү
    • Author, Жонатан Маркус
    • Role, Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

Эки кайчылаш пикир бар.

Биринчисин АКШ президенти Трамптын администрациясы колдойт. Алардын маалыматына караганда, Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга чабуул уюштурууну көздөп турат. Бирок азырынча так далилдер жок.

Кошмо штаттары ушул далилдерди жүйөө кармап, аймактагы аскерлеринин санын көбөйттү жана Ирактан айрым дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетти.

Дүйнөнүн ири державасы Иранга катуу эскертүү берип жаткандай: Иран же мамлекет колдогон куралдуу топтор АКШга таандык делген имарат же базаны бутага алса, Вашингтон катуу жооп кайтарат.

Iranian President Hassan Rouhani watches a military parade in Tehran on 18 April 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Трамптын администрациясы "кооптуу оюнду баштады" деп эскертти

Экинчи тарап чыңалган кырдаал үчүн Вашингтонду күнөөлөйт. Бул пикирге Трамптын администрациясын сындаган топтор жана Иран кошулат.

Трамптын өнөктөшү саналган айрым Европа мамлекеттеринин лидерлери дагы экинчи тараптын айткандары жүйөөлүү дешүүдө.

Бул пикирди кармангандардын айтымында, Трамп администрациясынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон, өлкөнүн Мамлекеттик катчысы Майк Помпео эмнегедир "Иранды жек көрөт" жана азыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбейт.

Алар Тегерандагы бийликти алмаштырууну көздөйт. Эгерде катаал экономикалык кысым аркылуу максатына жетпесе, аскердик аракеттерге дагы даяр.

Iranian protesters burn a painted US flag at a rally in Tehran on 10 May 2019

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Иранга каршы санкциялары Тегерандын экономикасын рецессияга учуратты

Эки башка пикирдин азыркы абал боюнча өз далилдери бар жана көп учурда айрым фактыларды эске албай коюшат.

Ошондуктан эксперттердин көбү АКШ менен Иран согушка баратабы деп коңгуроо кагышууда.

АКШ 2015-жылы кол коюлган өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды кайрадан киргизгенден бери Иран экономикалык кыйынчылыктарга туш болду.

Эми Тегеран жөн эле отура бербейбиз деп эскертүүдө. Абал өзгөрбөсө, өзөктүк долбооруна киргизилген чектөөлөргө баш ийбейбиз деп билдирди. Буга президент Трамптын чечимдери себеп болду.

Iranian President Hassan Rouhan listening to head of Iran's nuclear technology organisation Ali Akbar Salehi during the "nuclear technology day" in Tehran on 9 April.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын президенти Хасан Роухани өзөктүк долбоор боюнча келишимден чыккыбыз келбейт деп айткан

АКШ чынында Тегеранды экономикалык рецессияга батырды. Эми Европа мамлекеттери келишимди урматтап, абалды өзгөртүүгө умтулбаса, Иран аргасыздан келишимден чыгарын айтууда.

Бирок бул кадам Трамп администрациясынын аргументин чыңдайт.

National Security Adviser John Bolton listens while President Donald Trump speaks at the White House on 13 May 2019

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон көптөн бери Ирандагы бийликти алмаштырууну көздөп келген

Эми Трамп администрациясы кандай кадамга барат деген суроо чыкты. Президент кызматкерлеринин арасында Иран боюнча кайчылаш пикир пайда болду деген ойду четке какты.

Соңку жаңылыктарга ылайык, президент Трамп согушту каалабайт. Ал шайлоодогу үгүт иштери учурунда эле чет өлкөдөгү аскердик аракеттерди токтотуу керек деп белгилеген.

Бирок АКШнын аскердик базалары бутага алынса, Трамп жооп кайтарууга буйрук берет, дейт эскерттер.

File photo showing Spanish naval frigate Mendez Nunez docked in Cadiz on 22 March 2011

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испания Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалдан улам аймактан аскердик кемелерин чыгарып кеткен

Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Израил менен Сауд Арабия Трамптын чечимдерин колдоп жатканы менен АКШнын Европадагы өнөктөштөрү ага каршы чыгууда.

Испания, Германия жана Голландия Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлер менен чогуу жасаган аракеттерин толук токтотту. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалган мамиле себеп болду.

Кырдаалды эске алып, Иран менен АКШ согушу кандай болот деп жоромолдоо туура эмес болот. Ошол эле учурда кырдаалды 2003-жылдагы Ирактагы окуялар менен салыштыруу дагы жаңылыштык.

Иран менен Иракты салыштырса болбойт. Иранга аскерлерди жөнөтүү каралган жок. Кандайдыр бир тирешүү болсо, аба чабуулу жана деңиз күчтөрүнүн аракеттери менен чектелет. Иран АКШнын аракеттерине катуу жооп кайтарат деп дагы күтүлүүдө. Бул кадам Жакынкы Чыгышты жаңжалга алып келиши ыктымал.

A US soldier watches as a statue of ousted Iraqi President Saddam Hussein is pulled over in Baghdad, Iraq (9 April 2003)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ 2003-жылы аскерлерин Иракка киргизип, Саддам Хуссейинди бийликтен түшүргөн

Дональд Трамп бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле.

Анын ордуна көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.

Маселен, Трамп башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи?

Iran-backed Popular Mobilisation paramilitary fighters ride in a tank near the Iraq-Syria border (26 November 2018)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Ирактагы Тегеран колдогон куралдуу топторду коркунуч катары көрөт

АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда.

Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Трамп администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.

Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди камтыйт.

Кандай гана тирешүү болбосун, бирөө ошондой чечим кабыл алды дегенди билдирет. (AT)