Ормуз кысыгындагы кризис: Британия Европа мамлекеттерин жардамга чакырды

Сүрөттүн булагы, Irib
Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Иран бийлигине кайрылып, Stena Impero аттуу мунай ташыган кемесин жана экипаж мүчөлөрүн тез арада бошотууга чакырды. Ошондой эле Хант Ормуз кысыгындагы жүк ташыган кемелерди коргоо үчүн Европа мамлекеттерин атайын миссия түзүүгө үндөдү.
Өткөн жумада Иран Британиянын Stena Impero кемесин Ормуз кысыгында курчоого алып, Бендеер-Аббас портуна токтоткон. Тегеран бул кеме "эл аралык деңиз мыйзамдарын" бузду деп айтууда.
Танкерге жакын турган британиялык аскердик кеменин Иран күчтөрүнө эскертүү бергенине карабастан, ирандык аскерлер тик учак менен танкерге түшүп, башкарууну өз колуна алышкан.
Кеменин 23 кишиден турган экипажы дагы портто кармалып турат. Алар Индия, Орусия, Латвия менен Филиппиндин жарандары.
Кеменин операторлору экипажга жолугуу үчүн расмий түрдө кайрылышты. Дүйшөмбү күнү Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиктери кеменин экипаж мүчөлөрүнүн видеосун жарыялады. Тасмада алардын тамак жасап, Иран расмийлери менен сүйлөшүп жатканын көрсө болот.

Сүрөттүн булагы, AFP PHOTO / FARS NEWS / ABED GHASEMI
Жереми Хант дүйшөмбү күнү парламентке кайрылып, Перс булуңунда жүк ташыган кемелерди коргоо үчүн Европа мамлекеттери атайын миссия түзүүнү пландап жатканын айтты. Ага АКШнын аскерлери катышпайт. Анткени Вашингтондун Тегеранды "болушунча кысымга алуу саясатын" Британия колдобойт, дейт Хант. Бирок Британиянын тышкы иштер министри эгерде Иран танкерди бошотпосо, Лондон катуу жооп кайтарат деп эскертти.
Эки жума мурда Британиянын деңиз күчтөрү Гибралтарда Ирандын мунай ташыган Grace-1 танкерин кармап алган. Ирандын танкери Европа Биримдигинин санкцияларына карабастан, мунайды Сирияга алып бара жаткан деген эле Лондон. Иран айыптарды четке каккан. Байкоочулардын пикиринде, ушундан улам Тегеран Британияга жооп кайтарып жатат.

Сүрөттүн булагы, Fars News Agency/REUTERS
Перс булуңу дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Аймактагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде таасир талаштан улам агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот.
Иран ракета долбоорунан баш тартабы?

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty
АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн "ракета долбоорун токтотууга даяр" деген маалыматты Иран четке какты.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зариф журналисттерге берген маегинде санкциялар алынса, ракета долбоору боюнча сүйлөшүү өткөрүү мүмкүн деп айткан.
2015-жылы Ирандын өзөктүк долбоору боюнча жетишилген келишимден АКШ өткөн жылы бир тараптуу чыгып кеткен. Ага жооп катары Иран июль айында байытылган урандын көлөмүн келишимдеги чектөөдөн жогорулатканын жар салган. Бирок Тегеран өзөктүк куралга жетүү максаты жок экенин белгилеп келет.
Иран эмне деп айтты?
NBC News телеканалына берген маегинде Жавад Зариф АКШ санкцияларды алса, "сүйлөшүү бөлмөсүнүн эшиги ачык" деп билдирген.
Сүйлөшүүлөрдө Ирандын ракета долбоору жөнүндөгү маселе дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроого тышкы иштер министри "биринчи кезекте АКШ региондогу өлкөлөргө курал-жарак, ракеталарын сатканды токтотушу керек" деп жооп кайтарган. 2015-жылкы Ирандын өзөктүк долбоору боюнча келишимге Тегерандын ракета программасы кошулган эмес.
Ирандын БУУдагы элчиси болсо журналисттер Жавад Зарифтин сөзүн бурмалады деп белгиледи.
"Жаңылыктын артынан жүрүп, туура эмес тыянак чыгарышты. Тышкы иштер министринин сөзүн контексттен сууруп алышканы талашсыз. Бул пресса менен коомчулуктун ортосундагы ишенимге кедергисин тийгизет",- деди Алиреза Мирюсуф.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы

Ал аңгыча АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран "биринчи жолу" ракета долбоору боюнча сүйлөшүүгө даяр деп билдирди. Тегеран ракета программасы боюнча эч кандай талкуу болбойт, ал ички маселе экенин айтып келген.
Президент Трамп Иран боюнча маселеде "жылыш бар" экенин айтып, Кошмо штаттары "режимди алмаштырууну көздөбөйт" деп айтты. Бирок АКШнын лидери "Тегеран өзөктүк курал иштеп чыгып, баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөрбөшү керек" деп кошумчалады.
Буга чейин АКШ менен Иран бир нече жолу согушту каалабайбыз деп айтып келген.
Өзөктүк долбоор боюнча келишим күчүндөбү?

Сүрөттүн булагы, EPA
Президент Трамп 2018-жылы май айында келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. АКШнын лидери бул келишим Ирандын өзөктүк долбоорун токтото албайт деген жүйөө кармап, жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырган. Жаңы келишимде Ирандын ракета долбооруна чектөө киргизүү керек экени дагы айтылган.
Иран болсо жаңы келишимди четке кагып, Европа мамлекеттери АКШнын санкцияларын жеңилдеткен ыкманы сунуштабаса, 2015-жылда жетишилген келишимдин "милдеттенмелерин аткарбайм" деп эскертүүдө. (AT)















