Мунай жана курал: Сауд Арабия падышасынын Москва сапары

Сүрөттүн булагы, kremlin.ru
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бен Абдел Азиз ал Сауда Орусияга биринчи мерте жасалган сапарына даярдыктарды бир нече жыл мурун көрдү.
Орусия президенти Владимир Путин жолугушууну ачып жатып, бул өтө маанилүү окуя деп белгилегени дагы жөн жерден эмес.
Орус расмийлеринин маалыматына караганда падыша менен бирге Москвага 220 чиновник жана 85 алдыңкы ири компаниялардын жетекчилери келген.
Сүйлөшүүлөрдө негизги басым Сирия, Ирак, Ливия, Йемендеги жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча, Палестин-Израиль чатагын жөнгө салуу боюнча маселелерге жасалды деди Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Эксперттеридин баасында, Орусия Сауд Арабиясынан масштабдуу инвестицияны жана ири келишимдерди (анын ичинде курал-жарак боюнча) күтүүдө. Ал эми Сауд Арабиясы болсо, Москвадан Иран менен Орусия мамилесин өзгөртүүнү күтөт.
Сирия жана Иран
Азырынча тараптар Сирия боюнча кандайдыр бир келишимге жетишинен күмөн санаган пикирлер бар. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Лавров маалымат берип жатып, Эр-Рияд Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга жасалып жаткан Орусиянын аракетине оң баасын бергенин айтып, Москва болсо Сириядагы оппозицияны бириктирүү боюнча Сауд Арабиянын аракетин колдойт деди.

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Бирок Сириядагы кырдалды жөнгө салууда Сауд Арабиясы үчүн Ирандын ролу негизги маселе. Анткени Сирия маселесинде Москва менен Тегеран активдүү кызматташууда. Эки тарап тең 2016-жылдын декабрындагы ок атышпоо келишиминин гаранты болгон. Ошондой эле алар Астанада өтүп жаткан сириялык сүйлөшүүлөрдү кооординациялайт.
«Иран Сауд Арабиясынын стратегиялык каршылашы жана экөөнүн ортосундагы мамиле критикалык баскычка жетти. Сауд Арабиясы үчүн Ирандын Сириядагы, Ирак, Йемендеги аракеттери, Катар кризисине кийгилишкени кечирилгис»,-дейт профессор Григорий Косач.
Анын айтымында, Эр-Рияд Тегеранды сириялык маселеге аралашуудан четке сүрүп салыгысы келет. Иранга орусиялык куралдардын жеткирилип жатканы да Сауд Арабиясын тынчсыздандырат.
Москва менен Эр-Рияд советтик мезгилде эле бир катар маанилүү маселелер боюнча оппонент саналып келген. Мунай жана курал соодасы боюнча позицияларды жакындаштыруу аракеттери көрүлүп, бирок азырыга чейин ишке ашпай келген дейт Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Алексей Малашенко.
Курал-жарак сатуу

Сүрөттүн булагы, TASS\METCEL MIKHAIL
«Коммерсант» басылмасынын булагы маалымдагандай, тараптардын 3 млрд доллар сумманы түзгөн курал-жарак боюнча келишимге жетиши сүйлөшүүлөрдүн тыянагынан көз каранды. Келишимде С-400 «Триумф» зениттик ракеталык системаны Эр-Риядка сатуу боюнча да каралары айтылууда.
«Болжолу «С-400дү» сатуу боюнча сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Бирок Орусия буга чейин Иранга «С-300» саткан эле. Мынан келди Москва атаандаш болбосо да, мамилеси татаал болгон эки өлкөнү тең камсыздаган болуп чыгат»,-деп баалайт Малашенко болжолдуу келишимди.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин РИА Новости агенттиги аты аталбаган Sky News Arabia булагына шилтеме берип, Сауд Арабиясы Орусиядан «С-400» куралын алып жатканын жазды. Расмйи келишимде ал тууралуу айтылган эмес. Бирок маалыматты эч ким тактаган жок.
Буга чейин Орусия курал-жарак рыногунда Сауд Арабиясы менен бир да жолу келишим түзгөн эмес. Падышалык куралды негизинен АКШдан сатып алчу. АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Риядка расмий иш сапары менен барган учурда Сауд Арабиясы 109,7 млрд долларга бааланган курал-жарак сатып алуу боюнча келишим түзгөнү кабарланган эле.
Сүйлөшүүлөр учурунда кол коюлган документтердин арасында «Рособоронэкспорт» менен Саудиянын аскер өнөр жай компаниясынын ортосундагы келишим бар. Ал келишимде Сауд Арабиясына «Калашников АК-103 автоматын жана окторун лицензиялуу жол менен өндүрүштөн чыгаруу» жагы каралган.
_________________________________
Эки өлкө ортосундагы эң маанилүү жалпы кызыкчылыктар бул - мунай жана мунайхимиясы.
Сауд Арабиясы дүйнөдөгү ири мунай экспортеру жана мунайды өндүрүү боюнча Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюмундагы лидер. Тараптарды бул жаатта дагы кызматташууга барууга түрткөн жагдайлар арбын.
Сауд Арабия падышасы Орусияда 7-октябрга чейин болот. (AbA)







