Орусия Кытайдын ракеталарынан коркушу керекпи?

"Дунфэн-21" парадда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дунфэн-21" парадда

Германиянын Коргоо министри Орусия Кытайдын заманбап ракеталарын эске алып, орто жана кыска аралыктагы ракеталарды чектөө боюнча жаңы келишимге умтулушу керек деп айтты. Кытай менен Орусия келишим түзө алабы?

4-мартта Орусия президенти Путин АКШ менен Советтер Союзу жетишкен орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салуу боюнча келишимди жокко чыгарды. 1-февралда АКШ президенти Трамп келишимде каралган бардык милдеттемелерден баш тарткан эле.

2-мартта Германиянын коргоо министрлиги билдирүү таратып, Кытай чыгарган ракеталар Орусияга коркунуч жаратат деп айтты.

"Кытайдын географиялык жаткан ордун эске алганда, алардын ракеталары Орусиянын аймагына чейин учуп келе алат. Муну Орусия түшүнүп турат. Ошондуктан бул өлкө жаңы келишимдерди түзүүгө кызыкдар. Европага орус ракеталарынан коркунуч келсе, Орусияга Кытайдан коркунуч бар",-деди Германиянын Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен.

Байкоочулардын баамында, жаңы келишимге Бээжинди "кошуу" учурда Орусия менен АКШны кызыктырып турат.

"Балким Кытай жана башка өлкөлөр менен макулдашууга барышыбыз мүмкүн. А балким андай кадамга барбайбыз",-деп Трамп Конгресс алдына чыгып сүйлөгөн эле.

АКШ жана Германия Кытайдын ракеталарынан эмнеге коркуп жатышат?

Кытай ракеталары

Кытайдын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жараяны тездик менен жүрүүдө. Ондогон жылдардан бери бул өлкө ракета жасап чыгаруу жаатында алдыда келе жатат. Айрым ракеталар советтик ракетанын базасында түзүлгөнүн да айта кетүү керек.

"Орто жана кыска аралыкка учкан кытай ракеталары Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү каалаган жерге жете алат. Ракетадан коргонуучу системалар да ага толук туруштук бере албайт",-дешет эксперттер.

Кытай ракеталары жете алган Гуам аралдарында АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик базалары жайгашкан.

Globalsecurity.org америкалык аскердик-аналитикалык сайттын маалыматына ылайык, Кытайдын орто аралыкка учкан баллистикалык ракеталары Тайванга багытталган.

"Дунфэн-26" ракетасы 5000 км аралыкка жете алат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дунфэн-26" ракетасы 5000 км аралыкка жете алат

Кытайдан башка өлкөлөр

Эгерде жаңы келишим түзүлө турган болсо, Кытай менен эле макулдашуу жетишсиз. Тайвань дагы ракета өндүрүүдө алдыда келе жаткан мамлекет.

Индиянын ракета программасынын негизги максаты - Пакистан жана Кытайдан коргонуу. Бул үчүн Индиянын ракеталардан коргонуу системасы жакшы иштелип чыккан. Бул өлкөгө Орусия жардам берип, Москва менен Дели "БраМос" деп аталган ракетадан коргонуу жабдыгын иштеп чыккан.

Индияга каршы туруу үчүн анын коңшусу Пакистандын да ракета программасы улам өнүгүүдө. Бул өлкөгө Кытай жардам берип жатат. Андан тышкары Пакистан армиясы Түндүк Корея жана Иран менен да ракета программасы боюнча кызматташып келет. Тегерандын орто жана кыска аралыкка учкан ракеталары Жакынкы Чыгыштагы эң кубаттуу арсенал болуп саналат.

2018-жылдын март айы. Исламабаддагы парад. Shaheen-II ортоңку радиустагы ракета

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылдын март айы. Исламабаддагы парад. Shaheen-II ортоңку радиустагы ракета

Израилдин "Иерихон-3" деп аталган ракетасы айрым маалыматтарга караганда, 4800 км аралыкка учуп барып, көздөгөнүн кыйратып салышы мүмкүн.

Бул өлкөлөрдүн ракета программасын эске алганда, орто жана кыска аралыкка учкан ракеталардан баш тартуу тууралуу жаңы келишимди Кытай менен эле түзүү туура эмес болуп калышы мүмкүн. (ErA)

Индиянын Agni-III баллистикалык ракетасы

Сүрөттүн булагы, Hindustan Times/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын Agni-III баллистикалык ракетасы