Кытай өзүнүн алгачкы аскер кемесин сууга чыгарды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытай өзүнүн алгачкы аскер учактарын ташыганга ылайыкталган кемесин сууга чыгарып, чөлкөмдөгү аскердик кубатын күчтөндүрүүдө.
Бул "Ляонин" кемесинен кийинки эле аскердик учактарга ылайыкталган Кытай өзү иштеп чыккан алгачкы кеме болуп калды.
Маалымат каражаттары аскер кемеси өлкөнүн түндүк-чыгышында сууга кое берилгенин жазды. Буга чейин аскер кемеси 2020-жылга барып колдонууга берилет деп маалымдалып келген. Ага эч кандай ат бериле элек.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Аскер кемесинин сууга чыгарылганы тууралуу билдирүү АКШ менен Түндүк Корея бири-бирине эскертүүлөрдү жасап, кырдаал чыңалып турган учурга туш келди. Кытай буга чейин эки тарапты тең кырдаалды күчөтпөөгө чакырып келген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытайдын мамлекеттик басылмалары жаңы аскер учактарын ташыганга ылайыкталган кеме мындан 25 жыл мурун курулган "Ляонин" кемесинин жакшыртылган үлгүсү деп жазууда. "Ляонин" кемеси Украинадан сатып алынган советтик чыгарылыштагы кеменин кайра жасалышы болгон.
Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги жаңы аскер кемесин иштеп чыгуу жумуштары 2013-жылдын башында башталганын жазды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кеменин ачылыш салтанатында кытайлык чиновниктер шампан ачып, кемеде "шаңдуу патриоттук ырлар" жаңырды деп билдирет Синьхуа агенттиги.





