Украина-Россия тиреши: Байрактардын таасири

Bayraktar TB2 drone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын "Байрактарына" талап жогору
    • Author, Жагил Касапоглу
    • Role, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы

Дүйнө жүзү боюнча жана азыркы Орусия менен Украинанын ортосундагы тиреште дрон согушунун мааниси бара-бара орчундуу деңгээлге чыкты.

Кара деңиздин эки тарабында жайгашкан өлкөлөр соңку убактарда коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

Түркияда жасалган дрондор Украинын Орусияга каршы күчү үчүн чоң роль ойнойт. Чын-чынында дүйнөдөгү чыр-чатак болуп жаткан башка аймактарда дагы мааниси зор.

Түркиянын өнүгүп жаткан дрон кубаты жөнүндө билишиңиз керек болгон маалыматтар төмөндө.

Бул тармакта Түркия канчалык чоң оюнчу?

Түркия НАТОнун мүчөсү. Батыш мамлекеттеринин аскердик альянсына кирген жападан жалгыз мусулман өлкө.

Альянста Түркиянын туруктуу аскерлеринин саны АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Өлкө өзүнүн шериктештери менен аскердик технологияны дагы бөлүшөт.

"Анкара акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй дрон кубатын бекемдеди", - дейт Түркияда жашап иштеген коргоо багытындагы көз карандысыз аналитик Арда Мевлутоглу.

"Алар дрондорду Түркиянын ичинде, чек аранын ары жагында [1990-жылдардын ортолорунан бери күрддөрдүн сепаратист аскерлерине, ПККга, каршы] коопсуздук операцияларында пайдаланып келишкен".

"Дрон технологиясы өлкөнүн коргоо индустриясын өнүктүрүүдө эң артыкчылыктуу тармак болуп келген. Иштөө жана өндүрүү жөндөмүнө келсек, Түркия бул аймакта, Израилди эске албаганда, болуп көрбөгөндөй позицияга ээ".

Түркиянын дрон өндүргөн ишканасы жөнүндө эмнелерди билебиз?

Түркияда учкучсуз иштеген учуучу аппараттарды (дрондорду) өндүргөн эки негизги ишкана бар.

Baykar Defence ишканасы Bayraktar TB2 жана Bayraktar Akinci аттуу жогорку талапка ээ болгон дрондорду өндүрөт.

Компаниянын техникалык директору Селчук Байрактардын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жакын үй-бүлөлүк байланышы бар, анын күйөө баласы.

Дагы бир ири ишкана Turkish Aerospace Industries деп аталат. Ал TAI Anka жана TAI Aksungur аттуу дрондорду чыгарат.

Арда Мевлутоглунун айтымында, Түркиянын куралдуу күчтөрү жана коопсуздук кызматтары мындай дрондордун бери эле дегенде 150сүн иштетет. "Ага кошумча көп сандагы майдараак аңдуучу же камикадзе дрондор дагы колдонулат".

Украина менен Түркиянын кандай аскердик жана соода алакасы бар?

Түркия 2019-жылдан бери Украинага Bayraktar TB2 аттуу ондогон куралдуу дрондорун сатып келет.

Bayraktar TB2 is seen during the test flight at the military base located in Hmelnitski, Ukraine on March 20, 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байрактар Украинанын аскердик базасында, 2019-жыл, март

Украина Түркиядай болуп эле НАТОго кошулгусу келет. Андан тышкары Украина чыгыш аймагындагы Орусия колдогон козголоңчулар менен согушуп жатат.

Ошондой эле Киев чек ара аркылуу Орусиянын күчтөрү бастырып кириши ыктымал деп даярдык көрүүдө.

Эки өлкөнүн ортосундагы дрон соодасын андан ары көбөйтүү үчүн келишимге кол коюу максатында 3-февралда Түркиянын президенти Эрдоган Украинага барды.

Рейтер агенттиги менен сүйлөшүп жатып, Украинанын коргоо министри макулдашуу "түрк ишканаларына Украинада дрон заводун куруу үчүн жагымдуу шарттарды" түзгөнүн билдирди. Натыйжада, дронду баштан аяк алар өздөрү өндүрүп калышат.

Орусия кырдаалга кантип көз салууда?

Былтыр октябрда Украинанын армиясы бир видео чыгарган. Анда Түркияда жасалган дрон артиллериялык курал D-30 гаубицаны кыйратканы көрсөтүлөт. Аталган курал Орусия колдогон сепаратисттерге таандык болгон.

Мындай билдирүү Орусиянын сынына кабылган. Кремль Түркияга эскертүү берип, анын дрондору "аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип" жатканын айткан.

Анкара Орусия менен Украинанын ортосунда медиатор катары кызмат кылууну сунуштап, бирок мындай сунуш дрон соодасынан улам татаалдашып кеткен.

Түркия менен Орусиянын мамилеси татаал траектория менен өнүккөн, айрыкча Сириядагы согуштан кийин.

Анкара менен Москванын Сирияда карама-каршы кызыкчылыктары бар. Бирок эки тарап кызматташууну жакшыртуу үчүн кадамдарды дагы таштаган.

НАТОнун жана АКШнын катуу сынына карабастан Түркия Орусиядан S-400 абадан коргоонуу системасын сатып алып, бул Эрдогандын Орусияга жакындашуу аракети катары кабыл алынган.

Түркиянын дрондору Украинадагы согуш талаасында оюндун шартын өзгөртөбү?

Украинада канча "Байрактар" (Bayraktar TB2) дрону бар экени белгисиз.

Бирок Арда Мевлутоглунун айтымында, "Украина үчүн TB2 Донбас аймагындагы сепаратист жоокерлерге каршы жакшы жөлөк болуп берет".

Дрон акыркы үлгүдөгү электро-оптикалык камера, дата байланыш системасы жана экиден төрткө чейин мээлөөчү курал менен жабдылган.

Мындай өзгөчөлүктөр "достук бөлүмдөрүнө бутаны белгилөөгө жана өзүнүн ичиндеги бомбалар менен аларды жок кылууга" жардам берет.

Video shot from Facebook, shared by Ukraine armed forces showing a drone targeting an artillery unit.

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK / Ukraine Armed Forces

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Былтыр октябрда Украинанын армиясы бир видео чыгарган. Анда Түркияда жасалган дрон артиллериялык курал D-30 гаубицаны кыйратканы көрсөтүлөт. Аталган курал Орусия колдогон сепаратисттерге таандык болгон.

Мевлутоглунун айтымында, мындай жөндөм чечүүчү мааниге ээ. Мисалы, Донбастагы согушкерлер сыяктуу мобилдик топторду бутага алганда керек болот.

Бирок Орусия менен толук кандуу жаңжал чыгып кете турган болсо, ал дрондор канчалык натыйжалуу болору күмөндүү.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын жанында болуп көрбөгөндөй үстөмдүккө ээ: сан жагынан да, технологиялык жактан да", - дейт Мевлутоглу.

Кайсы мамлекеттерде Түркиянын дрондору бар?

Түркиянын дрон сатып алган кардарлары тез эле көбөйгөн.

Өлкөнүн экспорту боюнча маалыматында сатылган дрондордордун так саны боюнча эч нерсе жок.

Бирок 15тен ашуун өлкө Түркияда жасалган "Байрактар" менен TAI дрондорун алганы айтылып келет.

Сириядагы, Ливиядагы жана жакында эле Тоолуу Карабактагы чыр-чатактарда эффективдүүлүгүн көрсөткөндөн кийин Bayraktar TB2 дрондоруна талап өскөн.

Тоолуу Карабактагы жаңжал Армения менен Азербайжандын ортосунда жүрүп, 44 күнгө созулган. Азери күчтөрү Армениянын аскерлерин, аскердик транспортторун, артиллериясын жана абадан коргонуу системаларын Түркияда жасалган дрондор менен бутага алышып, талаштуу аймакта көзөмөлдү колго алууга өбөлгө түзүлгөн.

Былтыр май айында Польшанын коргоо министри Түркиядан 24 куралдуу дрон сатып аларын айткан. Ошентип ал түрк дронун сатып алган НАТОнун биринчи мүчөсү болуп калды.

Африкада дагы чоң базар бар.

"Түркия Кытайдын негизги атаандашы болуп калды окшойт, айрыкча Африка базарында", - деп белгилейт Арда Мевлутоглу.

"Түркиянын баасы арзан дрондору иштөө жагынан да, куралдуу дрондордун сапаты жагынан да НАТОнун стандартына жооп берет".

Марокко, Алжир, Руанда, Нигерия жана Эфиопия Түркиянын дрондоруна кызыкканы белгилүү.

Аскердик келишимдер ачыкка чыккан эмес, бирок Түркия былтыр Эфиопия менен коргонуу багытында кызматташуу келишимине кол койгон. Экспорт боюнча маалыматтар авиация тармагында кескин түрдө өсүү болгонун көрсөтүп турат. Былтыр декабрда АКШнын бийлиги дагы Түркиянын Эфиопияга дрон сатуусу боюнча тынчсыздануусун билдирген эле.

Бирок Түркия ошого карабастан аскердик жабдууларды жаңы базарларда сата бериши мүмкүн.

"Дрондорду сатуу туруктуу аскердик-өнөр жай мамилелерин түптөөгө шарт түзөт. Өз кезегинде ал Түркиянын ошол өлкөлөрдө жана айланасында аскердик, дипломатиялык жана экономикалык таасирин күчөтүүгө пайдасын берет", - дейт коргоо тармагындагы аналитик Мевлутоглу.

Түркиянын көзү Африкада, базар варианты катары. Президент Эрдоган дагы өз көзү менен талап жогору экенин көргөн.

"Африканын кайсы жагына барбайын, баары дрондор жөнүндө сурашат", - деген ал былтыр октябрда Ангола, Нигерия жана Того мамлекеттерине барганда. (EA)