Жаштардын миграциясы: “Түркия менин мекеним, бирок чет өлкөдө жакшыраак жашагым келет”

Берна Акдеңиз кафеде отурат

Сүрөттүн булагы, BERNA AKDENIZ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берна Түркиянын борбору Анкарада журналистика багытында докторантурада окуйт
    • Author, Жагил Касапоглу
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

"Бул жерде калгым келет, себеби бул менин мекеним. Бирок адамдай болуп жашагым келген үчүн кетким дагы келип жатат", - дейт Түркиянын борбору Анкарада докторантурада окуган 28 жаштагы Берна Акдеңиз.

Берна жакшы укпайт, ошондуктан ал угууга жардам берген кохлеардык имплантты колдонот. Бул аппарат угуусу өтө начар болгон адамдарга үндү кабылдоого мүмкүнчүлүк түзгөн электрондук түзмөк.

Бирок сырттан алынып келинген медициналык жабдуулардын тартыштыгы жаралып, ал мындан ары эч укпай каламбы деп коркуп жатат.

"Кохлеар жеткирүүчү январдан тарта продукцияларды алып келе албай турганын айтты. Анткени инфляция күчөп, лиранын курсу алардын чөнтөгүнө зыян келтирүүдө. Эми алар бизнесине колдоо алуу үчүн өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүшмөкчү".

"Эгерде алар макулдаша албай калса эмне болот?" - деп суроо салат Берна. "Ал жөнүндө ойлонуунун өзү эле коркунучтуу".

Кетиш керекпи же калуу эле оңбу? Бул суроо соңку убактарда Түркияда көптөгөн адамдарды, айрыкча жаштарды, түйшөлтүп жатат.

Түркия экономикасынын абалы оор. Бир жылда эле жарым баасын жоготуп, түрк лирасынын куну түшүп кетти. Инфляция күчөгөндөн күчөп, баалар асмандоодо.

Кирешеси төмөн болгон үй-бүлөлөр тиричилик кыла албай кыйналышты, бирок Түркиянын орто кирешелүү катмары дагы муну жон териси менен сезе баштады.

"Мага кепилдик керек"

Социалдык тармакта көптөгөн адамдар чет өлкөдө жашоо баштоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин талкуулап жатышат.

Берна өлкөдөн кетүү жөнүндө бир чечимге келе элек. Бирок ал Европага көчүп кетсем деп турат.

"Дүлөй адамдарга мамлекет берген жардамдын көлөмү" башкы себеп.

"Уга алышым үчүн мага жашоодо кепилдик керек", - дейт ал.

Берна чет өлкөдө жашоо жөнүндө ойлонуп жаткан орто кирешелүү башка көптөгөн жаш жана билимдүү түрктөрдүн бири.

Алар өткөн кылымда Түркиянын элет жерлеринен Европага кеткен түрк мигранттарынан кыйла айырмаланат. Элет жеринде билим алуу шарттары жетишсиз экени маалым.

Түркияда эки өспүрүм жолдо баратат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылдагы сурамжылоо Түркиядагы жаштардын 70% өлкөдөн кеткиси келерин көрсөткөн

Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп жергесинде окуу жайды бүтүргөн 28 жаштагы Харун Яман дал ошол жаңы муунга кирет.

Ал теле, радио жана кино багытында жогорку билим алган. Ал Европага кетүү жөнүндө эбак эле чечим кабыл алганын, азырынча Ирландияны көздөп жатканын айтат.

2018-жылы окууну аяктагандан бери Харун өзүнүн тармагында иш таба албай кыйналып келген. Учурда ал текстиль компаниясынын кампасында иштеп жатат. Ал "Иште жана оку" аттуу программасы аркылуу Ирландияга көчүп кетүүнү кыялданат.

"Бул өлкөнүн келечегин көрбөй турам", - дейт ал. "Ошондуктан кетким келип жатат".

Ирландиянын программасына тапшыруу үчүн акы төлөнөт. Анын бир бөлүгүн Харун төлөөгө жетишкен. Бирок түрк лирасынын куну кескин түшүп, бул анын пландарына кедергисин тийгизген. Эми толук сумманы евро менен төлөө үчүн ага көбүрөөк убакыт керектелет.

"Түркияда коомдук жашоого аралаша албайм. Күнүнө 10 сааттан ашык иштейм. Валюта кризиси сатып алуу күчүбүздү алсыздантты. Көптөгөн көйгөйлөрүбүз бар. Өкмөттүн туура эмес саясаты көптөгөн адамдарды жакырчылыкка кептеп, коомдо бөлүнүүгө себеп болду".

70% көбү чет өлкөдө жашоону кыялданат

Расмий маалыматтар боюнча, Түркиядан кетип жаткан адамдардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 25тен 29га чейин.

Түркиянын статистика институту 2020-жылдагы миграция боюнча маалыматтарды 2021-жылдын сентябрында жарыяларын айткан.

2019-жылга карата маалыматтар көрсөткөндөй, 330 миңден ашуун адам чет өлкөдө жашоо үчүн кеткен. Бул сан мурдагы жылга салыштырмалуу 2% көбүрөөк.

Соңку маалыматтар бул тренд уланып жатканын көрсөтөрү күтүлүүдө.

Анкарада митингчи көрнөк кармап турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жашай албай калдык!" деп жазылган көрнөктү кармап турган жаран

2020-жылдын августунда жаштардын миграцияга болгон мамилесин аныктоо боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы өлкөнү сестенткен. Аталган изилдөөнү Стамбулдагы Йедитепе университети менен МАК уюму жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 76% убактылуу мүмкүнчүлүк берилсе, башка өлкөдө жашоого даяр экенин айтышкан.

Эгерде башка өлкөнүн жарандыгы берилсе, Түркиядан биротоло кетип-кетпеси жөнүндө суроого 64% сунушту кабыл аларын айтышкан.

Башка мамлекеттердей эле Түркия дагы пандемиянын таасиринен улам экономикалык каатчылыкты сезген. Бул кырдаал соңку убактагы валюта кризисинен кийин ого бетер курчуп кеткен.

Бирок түрк окумуштуусу, профессор Ибрахим Сиркежи социалдык жана саясий факторлор дагы өтө чоң таасирге ээ экенин айтат. Сиркежи Британияда жашайт жана миграция багытындагы адис.

"Бул чындыгында Түркиядан сыртка агылган миграциянын жаңы толкуну", - деди ал Би-Би-Сиге.

Эркиндик керек

"Коомдун басымдуу бөлүгү келечектен үмүтүн үзүп койгон. Анткени алар өздөрүн саясий бийликтен сыртта калгандай сезишет. Бул катмарга ишкерлер, бизнес өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана илимпоздор кирет".

Президент Режеп Тайип Эрдоганды сындагандар аны сөз эркиндигин чектөөдө жана оппозицияга басым жасоодо деп күнөөлөшөт.

Көптөгөн түрк жарандары Европа өлкөлөрүндө баш калка сурап жатышат.

Европа Биримдигинин статистика бөлүмү Евростаттын маалыматы боюнча, баш калка сураган түрк жарандарынын саны соңку он жылда эки эсеге өскөн. Эң жогорку көрсөткүч 2019-жылы катталып, 25 миң кишини түзгөн.

Бир жагынан Түркия дүйнө жүзү боюнча качкындарды эң көп кабыл алган өлкө. Качкындардын көбү Сириядан келишкен.

Стамбулдагы Эминөнүн районунда дүкөндүн жанынан өтүп бараткан киши

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өлкөдөн кетүү баарына эле оңой эмес, көпчүлүк калып, тынчсыздануусун билдиргиси келет

"Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна кирген 38 өлкөнүн ичинен Түркия өз жарандарынан качкындарды пайда кылган жападан жалгыз мамлекет. Бул жаңы тренд", - дейт профессор Сиркежи.

"Мен аны Эрдоганга каршылардын качуусу деп атайм. Адамдар негизинен белгилүү бир режимден жана белгилүү бир саясий түзүлүштөн качып жатышат".

Бирок түрк бийлиги өлкөдөгү жогорку билимдүү жаш акылмандар чыгып кетип жатат деген пикирге кошулбайт.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Ведат Билгин октябрь айында болуп өткөн семинарда бул көйгөйгө көңүл бурган.

"Жаштардын арасында чет өлкөгө кетүүгө кызыккандар көп", - деген ал. "Бул каалоо табигый... Алар дүйнөнү тааныгысы келет".

Бирок Анкарада докторантурада окуган Берна Түркиядан кетүү чечимин кабыл алып калса, бул ал үчүн оор чечим болорун айтат.

Ал турмушка чыгууну кыялданат. Түркияга кайтып келүү - анын кыялынын бир бөлүгү.

"Балдарым өз мекенимде чоңоюусун каалайм", - дейт ал. "Алар Түркиянын табигый кооздугун көрүшү кажет". (EA)